Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Үч тик учактын ишинде шектүү жагдайлар көп


Транспорт прокуратурасы жыл сайын июль-август айларында Ооганстандан Кыргызстанга каттап турган чет өлкөгө таандык үч тик учак боюнча кылмыш ишин козгоду.

Из кубарлар кыргыз аэронавигация кызматы бул тик учактардын мыйзамсыз учуп келишине уруксат берип келгенин ашкерелеген.

Эксперт-чекисттер аталган тик учактар эл аралык маңзат мафиясына таандык болушу мүмкүн деген жүйөлөрүн айтышууда. Өткөн жылы кармалган тик учактар боюнча бир жылдан кийин кылмыш ишинин козголуп жатышынан шек санагандар да жок эмес.

Алты айдан кийин козголгон кылмыш иши

Өткөн жылы август айынын аягында “Манас” аба майданына конгон шектүү үч тик учак камакка алынган. Текшерүү учурунда тик учактар жасалма документ менен Кыргызстандын чек арасын бузуп учуп өткөндүгү аныкталган. Ооганстандан Кыргызстанга шектүү жүк ташып турган ал тик учактар Дубайда каттоого алынып, аларды Пакистандын жараны Малик Насир ижаралап тургандыгы белгилүү болот.

Тик учактарга Кыргызстандын аба мейкиндигине учууга уруксат берген кыргыз авианавигация кызматы алардын документтерине кызыгып койгон эмес.

Транспорт прокуратурасынын ага тергөөчүсү Нурбек Каримов шектүү тик учактар боюнча быйыл февралда кылмыш иши козголгонун белгиледи:

- Булардын 2011-жылы июль айынан баштап эле учуп келип тургандыгы байкоого алынып, август айынын аягында кармалып, тик учактар текшерилген. Текшерүү учурунда алардын башка мамлекеттердин аймагынан учууга документтери жок экендиги аныкталган. Бирок биздин кыргыз аэронавигация кызматы алардын бизге учушуна уруксат берип койгон. Ошондо алар биздин чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн болуп жатат. Бирок учкучтар тик учактарын таштап, ошондо эле качып кетишиптир. Биз бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Маңзат мафиясынын тиешеси барбы?

Бирок мында дагы бир шектүү жагдай кылмыш иши тик учактар кармалгандан алты айдан кийин козголуп, бирок ал боюнча коомчулукка учурунда жарыяланган эмес. Транспорт прокуратурасы муну иликтөө иштеринин татаалдыгы менен түшүндүрдү.

Бирок талдоочулар анын себептерин артында чоң күчтөр турган ири өлчөмдөгү маңзат аткезчилиги менен байланыштырды. Анткени тергөөгө 2009-жылдан бери эле аталган тик учактардын ары-бери каттап турушкандыгы боюнча материал түшкөн. Мына ошол учуулар июль-август айларына, башкача айтканда апийимдин түшүмү жыйналган мезгилге туура келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов маңзат мафиясы менен бийликтин байланышы тууралуу мына буларды билдирди:

- Алар жашыруун абалда учуп атышса, демек ким билет, мүмкүн алар курал ташып жатышкандыр, же болбосо террорчуларды ташып келип жатышкандыр. Ушуга учурунда кызыкпаган бир аткаминер болбогонуна таңмын. Негизинен мына ошол учурда учуулар болуп жаткандыгы тик учактардын маңзат аткезчилигине тиешеси бар экендигинен кабар берет. Анткени бизде анча-мынча эле кармалганы болбосо, мына ошого окшогон тик учактар менен тонналап ташып, анан мындан ары үчүнчү бир өлкөгө учак менен алып кетишет деген оперативдүү маалыматтар бар болчу. Мындай аткезчилик биздин күч түзүмдөрүнүн же бийлик башындагылардын колдоосу болбосо ишке ашышы кыйын. Ошондуктан бул иште эл аралык маңзат мафиясы менен кызматташкан бийликтеги таасирдүү адамдардын салымы бар экендиги талашсыз.

Ооганстанда дүйнө жүзүндө өстүрүлүп, өндүрүштөн чыгарылган апийимдин 92 пайызы туура келет. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, Ооганстандын апийим плантацияларынан жылына жети миң тоннага жакын героин өндүрүлөөрү белгилүү болгон. Адатта жергиликтүү наркобарондор апийимди курал-жаракка алмаштырган учурлар көп кездешет. Маңзат мафиясы Кыргызстанды мыйзамсыз жүктөрдү ташып өткөрүп, андан ары таркатууга ыңгайлуу транзиттик база катары карай тургандыгы айтылып жүрөт.

Бирок коопсуздук органдарынын генералы Артур Медетбеков мына ошол фактылардын бетин ачуучу далилдер топтолбой аткандыгын белгиледи:

- Мына ошондой болду деп бардыгы бүткөндөн кийин айтып, анан кылмыш ишин козгоп жатабыз. Биз мына ошол тик учактар курал, же маңзат ташыган учурларын кармап, каттоого алып, анан анын башында ким тургандыгын аныктасак болмок. Далилдер жана күбөлөр болбосо бул иштин башында кимдер тураарын ачык айтыш кыйын. Ошон үчүн иштин жыйынтыгы да болбой жатат. Бул үчүн таза саясий эрк керек.

Мунун себептерин адистер Кыргызстандагы туташ коррупцияланышы менен байланыштырышат. Мына ошондуктан мурдагы президенттердин жакын чөйрөсү маңзат аткезчилигин көзөмөлдөөдөн алынган ири кирешеге туйтунуп турган деген маалыматтар айтылып жүрөт.
XS
SM
MD
LG