Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:23

Асанов: Июнь коогасы кайталанышына жол бербейбиз


Курсан Асанов былтыркы коогалуу күндөрдөгү эл менен жолугушуулардын биринде. Ош, 2010-жылдын 19-июну.
Курсан Асанов былтыркы коогалуу күндөрдөгү эл менен жолугушуулардын биринде. Ош, 2010-жылдын 19-июну.

Өлкө түштүгүндөгү кырдаал тууралуу ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асанов кеп салат.

- Июнь окуясынын бир жылдыгына чукул ар кандай машыгуулар өтүп атат. Бул элди ого бетер дүрбөтүп аткан жокпу же чын эле кырдаал кооптуубу?

- Негизинен Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жалпы кырдаал туруктуу. Бирок ошол эле кезде коогалаңдын бир жылдыгы чукулдаган сайын эл арасында таратылып жаткан ушаң-айыңдар, улут аралык мамилени козуткан “Чөөлөрдүн сааты” китебинин чыгышы, ар кандай видеолордун көрсөтүлүшү, талкууланышы эл арасында нааразылыкты жараткан. Машыгуулар боюнча айтсам, бул кандайдыр бир кырдаал жаралган шартта күч структураларынын ортосундагы байланышты жакшыртуу максатында өтүп жатат. Коомчулук муну түшүнүү менен кабыл алууда.

- Бишкектен дагы кошумча милиция кызматкерлери барганы айтылган. Өтмө бекеттер иштеп атат, паспорттук текшерүү жүрүүдө. Буга чейин чагымчыл аракеттер дале бар деп айтылды эле. Текшерүүлөрдө ошондой шектүү адамдар кармалып, табылдыбы?

- Бул боюнча Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн оперативдүү иштеринин натыйжасында дисктерди таркаткан делип эки адам кармалган. Бул боюнча бардык материалдар УКМКга өткөрүлүп берилген. Ал эми ушак-айыңдар боюнча үч факт катталган. Телефон аркылуу “Алай” мейманканасынын алдына, Ош аэропортуна жарылуучу зат коюлду деп жалган маалымат бергендер бизге белгилүү болуп, кармалган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айып салынды.

- Июнь окуясын бир топ комиссия иликтеп чыкты. Алардын көбү тартип коргоо органдарынын ошол кездеги ишин сынга алган. Азыр да ошондой болбос үчүн кандай иш алып барып жатасыздар?

- Буга чейин июнь коогасын Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия иликтеп чыкты. Жакында эле депутаттык комиссиянын иликтөөсү талкууга алынды. Комиссия иликтөөсүндө бардыгы көрсөтүлгөн. Мен тартип, күч структуралары мыйзамга туура келбеген иштерди жасаган деген сөздөргө кошулбайм.

- 10-июнда милиция кандай тартипте иштейт?

- Жалпысынан эле күч структуралары, анын ичинде ИИМдин жер-жерлердеги бөлүмдөрү, кошумча келген күч менен бирге кандай абал болбосун былтыркыдай окуянын кайталанышына жол бербейбиз. Азыр түштүк жергесинде алар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Кооптонууга негиз жок.

XS
SM
MD
LG