Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:14

Ошто коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Оштун көчөлөрүндө милиция жана аскерлердин саны көбөйдү, 1-июнь, 2011.
Оштун көчөлөрүндө милиция жана аскерлердин саны көбөйдү, 1-июнь, 2011.

Ошто июнь каргашасынын бир жылдыгына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Шаарды айланта күч түзүмдөрүнүн тосоттору коюлуп, эл көп чогулган жайлар аскерлештирилген көзөмөлгө алынган.

Ош жана Жалал-Абаддагы коопсуздукту бекемдөө үчүн Бишкектен жана башка аймактардан күч түзүмдөрүнүн атайын ыкчам топторунан турган кошумча күчтөр келүүдө. Милициянын жана ички аскерлердин атайын топтору шаарга кирип бара жаткан шектүү автоууналарды текшерүүдөн өткөрүп жатат. Мындан сырткары шаардын борбордук көчөлөрүндө жана кичи райондордо атайын ыкчам топтор коопсуздукту көзөмөлдөөдө.

Ошто коопсуздук чаралары күчөтүлдү

x


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Замирбек Сыдыков милиция өткөн жылкы июнь окуясынан сабак алды деп эсептейт:

- Былтыр июнь окуясы көрсөткөндөй ошол учурда күч түзүмдөрү өздөрүнүн мындай күтүүсүз кырдаалдарга даяр эмес экендиктерин көрсөтүштү. Мына ушуга байланыштуу азыркы учурда шаар боюнча алты коменданттык бөлүк түзүлүп, ага баш-аяшы тогузга жакын тосоттор киргизилди. Мына ошол күчтөр кырдаалды көзөмөлгө алышып, тиешелүү курал-жабдыгы жана атайын каражаттары менен ар кандай коркунучтардын алдын-алууга даяр турушат.
Оштогу балдар майрамы, 1-июнь, 2011.


1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чаралар күч түзүмдөрүнүн көзөмөлү астында өттү. Айрыкча эл көп чогулган борбордук аянттын жана гүлбактардын четтеринде коомдук тартипти аскер кийимчен адамдар күзөтүп турушту. Буга эл арасын жортуп жүргөн ар кандай ушак-айыңдар себепчи болгон.

Адаттан тышкары мындай көрүнүштү көпчүлүк шаар тургундары түшүнүү менен кабыл алып жатышкандыгын белгилешти:

- Аскерлер, милиция кызматкерлери ар бир көчөдө тургандыгы жакшы. Биз буга курсант болуп, балдарды «Мээрим» гүлбагына ойноткону алып бара жатабыз. Ал жерде балдар кыргыз, өзбек дебестен чогуу күлүп жайнап ойношот. Балмуздак жешет.

- Биз ар кандай ушактарга ишенбешибиз керек. Тынчтыкты каалагандан кийин бардыгыбыз аны сактоого милдетүүбүз. Мына бизди аскерлер коргоп турушат. Биз эми ар кандай ушактарга карабастан өзүбүздү коопсуз сезип жатабыз.Анткени мамлекеттин күчү бар экендигине ишенебиз.
Ош шаарынан бир көрүнүш, 1-июнь, 2011.


Анткен менен шаардын борбордук көчөлөрүндө жүргөндөрдүн ичинен өңчөй бир улуттун өкүлдөрү артыкчылык кылышат. Муну этникалык топтордун ортосундагы ишенимдин аздыгы менен байланыштыргандар да аз эмес. Өткөн жылкы июнь айында чагымдын айынан чатакташкан тараптардын ортосунда бир жыл аралыгында өз ара ишенимдин калыптанып кетиши кыйын деп белгилешет жергиликтүү серепчилер.

Ош шаарынын жашоочусу Орозбай Төрөгелдиев кырдаал дагы деле кооптуу бойдон калып жаткандыгына токтолду:

- Биз 2-3 жылдан бери түштүк кичи районунда, өзбек тектүү жарандар көп жерде жашайт элек. Коогалаң чыкканда уулумду барымтага кармап кетишип, андан кийин кыргыздар кармап алышкан өзбектерге алмашып уулумду чыгарып алганбыз. Негизинен абал дагы деле кооптуу. Ошондуктан биз ал үйгө барып жашагандан дагы деле чочулайбыз. Ишеним азыр жок. Мен тараптар элдешип, баары жакшы болуп кетти дегенден алысмын. Ага көп убакыт керек болот. Анткени ошол окуяда жакынын жоготкондордун жарасы толук карттанышы керек.
Кыргыз жана өзбек улутундагы курдаштар чай үстүндө баарлашууда, 1-июнь, 2011.


Ош шаарында расмий маалыматтар боюнча 250 миңден ашуун калк жашайт. Бирок ички миграциянын эсебинен айылдардан келип олтурукташып, бирок шаарга каттоого тура элек адамдардын саны миңдеп саналат. Жергиликтүү бийлик өз ара ишенимди калыбына келтирүү боюнча тараптарды ынтыкмакка чакырган атайын иш-чараларды уюштуруп жатат.

Ош шаарынын өзбек тектүү бир тургуну Эркин Байназаров мындай шартта калктын тынчтыгын экинчи ирээт бузгусу келген күчтөрдүн аракети ишке ашпайт деген ишенимде:

- Элдин тынчтыгын бузгусу келгендердин аракети болсо ал дароо басылат деген ишенимдемин. Анткени калкыбыз азыр андай чагымчылдар тууралуу маалыматтары бар. Азыр элибиздин ортосунда өткөн окуялардан улам бир аз ишенбестик болгон эле. Мына ошол нерсе бара-бара жоюлуп бара жатат. Мен Кудай кааласа бардыгы жакшы жагына өзгөрүп өткөн жылкы оор күндөр унутулаарына ишенем.

Учурда Ош шаарынын аба майданы, автобекеттер, базарлар жана ушул сыяктуу эл көп чогулган жайларда көзөмөлдөө иштери күчөтүлдү. Атайын ишеним телефондору иштеп, ар бир шектүү жагдайлар боюнча жарандардан тез арада милицияга кабарлоо жагы талап кылынууда.

XS
SM
MD
LG