Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Орусия мигранттын баласынан акы алышы мүмкүн


Орусия кыргызстандык мигранттардын балдарынын мектепте окуганы үчүн акы алууну көздөп жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева парламент комитетинин жыйынында айтып чыкты.

Эмгек мигранттары мындай эреженин кириши менен кошумча түйшүк жараларын айтып, тынчсызданып жатышат. Бирок расмий органдары бул эреженин күчүнө кирээри тастыктала электигин билдиришүүдө.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин эмгек мигранттары орус тили, тарыхы жана негизги мыйзамдары боюнча сынак тапшырышын милдеттендирген жардыкка кол койгон эле.

Талаптар көбөйүүдө

Орусиядагы эмгек мигранттарына кошумча түйшүк жарата турган жаңы эреже менен депутат Дамира Ниязалиева жакында Орусияга барган сапарында кабардар болгон. Анын айтымында, орус бийликтери мигранттарга талапты катаалдаштырып, эми мектепте окуган балдары үчүн акы төлөөнү киргизген жатат:

- Орусиядагы мигранттардын балдары учурда акысыз билим алып жатышат. Бирок ушул жылдын сентябрь айынан тарта булар акы төлөп окууга өтүшөт экен. Мунун менен катар мигранттардын абалын татаалдаштырган дагы бир маселе: алар ушул жылдын ноябрынан тарта орус тили жана орус элинин тарыхынан экзамен тапшырыш керек деген эреже кирип жатат.

Мындан улам эл өкүлү бул эрежелердин кириши менен мигранттардын абалы оордобошу үчүн кыргыз бийлигинен чара көрүүгө чакырды. Маселен, депутат Орусияда окутуу борборлорун ачууну айтып жатат.

Эмгек мигранттарын орус тили жана тарыхынан сөзсүз түрдө сынак тапшырууну милдеттендирген жардыкка Орусия президенти Владимир Путин ушул жылдын 7-майында кол койгон. Буга орус коомчулугунда мигранттардын тилди, маданиятты билиши керек деген талаптары себеп болгон.

Мына ушундан кийин орус тилин жетээрлик деңгээлде билбеген мигранттар кодулоого тушугуп, эмгектенүүсүнө кыйын болот деген пикирлер айтылган эле. Эми ага кошумча болуп балдардын окуусу үчүн акы төлөнүшү мигранттарга жаңы түйшүктөрдү жүктөөрү айтыла баштады.

Москвада эки жылдан бери иштеп жүргөн Талант Ногойбаев Орусияга жумуш издеп келип, жан багып жаткан мигранттарга окуу үчүн акы төлөө бир топ эле көйгөй жаратаарын жашырбайт:

- Бул мигранттардын абалын бир топ эле оорлотот го. Бул жөнүндө биз деле уга элекпиз. Ошентсе да бул мигранттардын абалын бир топ эле оорлотот го. Бул жерде акынын суммасы да маанилүү. Эгер төлөнчү акы Орусиянын жарандарына караганда көбүрөөк болсо, анда биз үчүн баш ооруга айланат.

Азырынча имиш деңгээлинде

Орусияда кыргызстандыктар арасында көпчүлүгү бул акы тууралуу имиштерден гана укпаса, бул тууралуу такталган маалыматка ээ эмес.

Ушул сыяктуу эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен деле депутат айтып жаткан кошумча акы тууралуу расмий маалымат дипломатиялык мекемеге келбегенин айтып жатышат. Бул тууралуу элчи Болот Жунусов “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мындай маалымат бизге азырынча келе элек. Билим берүү министрлигинде мындай маалымат чыга элек экен, биз атайын чалып сурадык. Орусияда бир жылдан бери эле билим берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Анда мектеп менен бала бакчалар өзүн өзү акташы керек деген принциптер киргизилээри тууралуу талкуу болуп жатат. Балким мындан улам ушундай сөз чыгып жатышы мүмкүн. Бирок бул талкуу гана. Анын үстүнө, бул мигранттардын балдары үчүн гана эмес, бардык Орусия жарандарына тиешелүү.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мигранттардын тил сынагынан даярдык катары орус тилин жакшылап окутуп-өздөштүрүүнүн жол-жобосун караштырып, айрым окуу жайлар менен макулдашып, алар үчүн орус тилинен курс уюштурганы жатканын кошумчалашты.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинен да бул маалыматка ээ эместигин айтышып, азыр такталып жатканын билдиришүүдө.

Орусияда тыштан келген мигранттарга байланышкан талкуулар көптөн бери болуп келет. Алардын акыркысы мигранттардын орус тилинен жана тарыхынан сынак тапшырышына байланыштуу болуп, муну айрымдар башка улуттарга караганда орусчаны жакшыраак өздөштүргөн кыргыздарга жумуш үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт дешсе, айрымдар орус бийлигинин Борбор Азиядан жумуш издеп келгендерди кодулоосу катары кабыл алышкан.

“Замандаш” ассоциациясынын Новосибирсктеги өкүлү Ороз Бөлтүрүков бул сынактын жол-жобосу тактала элек болгондуктан коррупциялык иштин ачкычына айланаарын билдирүүдө:

- Бул экзамендер кандай уюштурулуп, ким кабыл алып, кандай негизде кабыл алары ушул күнгө чейин белгисиз. Менин пикиримде, бул тармактагы кезектеги эле коррупциялык механизмге жол ачылат. Башкача айтканда адамдар сынакты тапшырыш үчүн акча берип өтүшөт.

Орусияга экономикалык, социалдык себептерден кеткен мигранттардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Ар кандай маалымат булактарына караганда, ушул тушта Орусияда 500 миңден 1 миллионга чейин кыргызстандык иштеп жүрөт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG