Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:41

Эркиндик

Москвада мигранттарга көз караш башкача болуп калдыбы?

Москвадагы болгон жардыруулардан кийин келгин адамдардын үстүнөн текшерүүлөр күчөп, эмгек мигранттарынын турмушу кыйындайт деген тынчсыздануулар болуп жатат. Алардын ой-санаасын баскан маселелер жөнүндө Москвадагы кыргыздардын «Аруужан» коомдук фондунун төрайымы Бактыгүл Сейитбекова айтып берди.

31-мартта Москвада болгон антитеррордук акция
Текст көлөмү - +
- Мына Москвада ири эки жардыруу болду. Кыргызстандык мигранттарга бул кандай таасир этти, мамиле өзгөрдүбү, дегеле кандай жатасыздар ушул жардыруудан кийин?

- Москвадагы жардыруу 29-мартта эртең мененки саат тогузда болду. Албетте, бул терс көрүнүш алып келди биздин мигранттар үчүн, эки чоң - Лубянка менен Революция аянтындагы эл көп метродо болду. Ушул жардыруудан кийин, албетте, орус элинин көз карашы башкача болуп калды. Ушул убакта мурункудай болбой метролор бош, көпчүлүгү коркуп калса керек, автобустар менен жүрүшөт. Биз өзүбүз дагы тартынып калдык, кайсы жерде болбосок ушул сөз болуп атат, бардыгы кызыктай көз караштар менен карагандай сезилип атат бизге.

- Айрым серепчилер айтып атат, жардыруулар орус улутчулдардын аракеттеринин, ксенофобиянын күчөшүнө алып келет деп. Ушундай тынчсызданууга негиз барбы?

- Негизинен апрель айында жергиликтүү элдин тили менен айтканда алар жортуулга чыгышат деп коюшат. Гитлердин туулган күнү эмеспи, ушуга карата. Анан бул окуялар ушуну күчөтүп жибериши мүмкүн деген ойдо турабыз. Ошон үчүн көпчүлүк эле башка улуттар, мен өзүм дагы байкап калдым, көбүнчө эле такси жалдашып, такси менен ишке барып келип атышат.

- Жардырууда бир кыргызстандык жаран жабыркап, ооруканага көрүнүп чыкты деген маалымат алдык эле. Сиздерде мындан башка маалыматтар жокпу?

- Жок, бизге андай маалымат түшкөн жок, биз кыргыздардан жок деген маалымат алдык.

- Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров кыргызстандык мигранттарды такырбаштардын чабуулунан сактоо үчүн айрым улутчул уюмдардын өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырып, футбол ойногонго чакырып демилгелерди көтөрүп жүрчү эле. Сиздерге ушул аракеттер жардам берет деп ойлойсуздарбы?

- Бидин элчибиз Райымкул Арзымаматовичтин бул жагынан аракеттери күч болуп, футбол оюнун уюштурду, башка иш чараларды жүргүзүп жатат. Эми бардыгыбыз ошондой үмүттөбүз, аны мезгил көрсөтөт да. Бул жагдайдын баарыбыз чочулап турабыз, абалды курчутуп жибербесе экен. Ансыз деле апрель айында булар ушундай иш жасачу эле деп. Себеби баардык маалымат булактары жазып жатышпайбы мусулмандар деп. Анан мусулман деп алар айткандан кийин бардык эле мусулмандарга тиешелүү болуп, башка көз караш менен карап жатышат.

- Соңку учурда дүйнөлүк каржы катчылыгы ж.б. көп эле сөздөр болуп келбедиби. Бул мигранттарга кандай таасир берди?

- Дүйнөлүк кризис аябай таасирин тийгизди, мына эки жылдан бери создугуп келатат. Биздин көп мигранттардын айлыгы, иштери кыскарды. Базарда мурдагыдай болбой калды деп базарда отургандардын бардыгы айтып жатышат. Биздин мигранттар эмес жергиликтүү эл, бизнесмендер айтып жатат. Канчалаган курулуштар жабылды. Ошондой болсо деле биздин көп калкыбыз ушул жакта да. Мисалы, Москва экинчи мекенибиздей болуп калды кыргыздардын көпчүлүгүнө. Биз ойлодук эле көпчүлүгү кайтат го Кыргызстанга деп, бирок кайтпай эле кайра тырышып эмгектенип жатышат, бирок тапкандары азайды.

- Өзүңүз көрүп атсаңыз керек, соңку учурда орус ММКларында кыргыз бийлигин кескин сынга алган материалдар жарык көрүп атат. ушулар  сиздердин абалыныздарга таасир этпейби. Айталы ошол эле күнү 50гө жакын мигрант Москвада кармалды дейт?

- Ушинтип маалымат булактары жазып жатат, жардыруу кошумча себеп болуп мигранттарды текшерип депортация кылат деген тынчсыздануулар бар. Чындыгында жардыруудан кийин текшерүу аябай күчөп, бир метродон тынч өтө албайсың. Ар бир жерде милиция. Бир жерден бир жерге жетиш үчүн 4-5 текшерүүдөн өтүп жетип атабыз. Азырынча бийликтеги каршы ар кандай маалыматтар болуп атса дагы депортация, же башка нерселер байкала элек.

- Рахмат чоң.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
02.04.2010 19:46
РОССИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР, СИЛЕР ДЕЛЕ ТАКЫР БАШТАРГА АЛАР ЖАСАГАНДАЙ МАМИЛЕ ЖАСАБАЙСЫНАРБЫ АЛ КОЛУНАРДАН КЕЛБЕСЕ КАРА ЖАНЫНАРДЫ КАНЖЫГАГА БАЙЛАБАЙ КАЙТКЫЛА УЙУНОРГО.
СИЛЕРДИН ОМУРУНОР ОШОЛ КОЧО ШЫПЫРЫП ТАПКАН АКЧАДАН ДА ТОМОНБУ. КЫРГЫЗСТАНДАГЫЛАР ДЕЛЕ ЖАШАП ЖАТАБЫС КЫРЫЛЫП КАЛБАЙ ЭЛЕ

кимден: алик каяктан: Москва
02.04.2010 17:50
Бактыгүл эже телевизор көрбөйт окшойсуз, бир кыргыз ооруканага жатып чыкты деп берди го?

кимден: дворник каяктан: москва
02.04.2010 09:50
Кыргыздын аткаминерлери күлкү келерлик иштерди кылышат, Р.Аттокуровдун такыр баштарды сүйлөшүүгө чакырганы ,бул ашыкча эле сөз,коркоктук, кошоматчылык.Эмне такыр баштар гастарбайтерлердин паспорттун карап уруп өлтүрөт экенби?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)