Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Жолочу Рысбаев дүйнө салды


Жолочу Рысбаев.
Жолочу Рысбаев.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу жана сатирик Жолочу Рысбаев 30-апрелде 75 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жолочу Рысбаев 1949-жылы 25-июнда Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Жылуу-Булак айылында туулган.

Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Владимир Ильич Ленин атындагы машина куруу заводунда жумушчу болуп иштөө менен бирге 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Чыгармачылык эмгек жолун 1975-жылдан тарта Кыргыз телерадио берүү компаниясында редактор болуп баштаган. 1988-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Бир катар аңгемелердин, сатиралык чыгармалардын жана обондуу ырлардын автору. 2012-жылы “Азаттыкта” сатиралык “Тамашемес” деген бир нече видеоберүү даярдаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG