Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Тажикстандын ТИМи Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырды


Семен Григорьев.
Семен Григорьев.

29-апрелде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Орусиянын аймагында Тажикстандын жарандарына жасалган орой мамиле жана алардын укуктарынынодоно бузулушуна байланыштуу” Орусиянын Дүйшөмбү шаарындагы элчиси Семен Григорьевге нааразылык нотасын тапшырды.

Тажикстандын тышкы саясат мекемеси 27-апрелде Москвадагы “Внуково” аэропортунда 1000ге жакын тажик жараны кармалып турганын билдирген. Арасында Орусияда билим алып жаткан студенттер да бар.

26-апрелде Орусияга Казакстан аркылуу бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай жатканы кабарланган. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова “Крокус Сити Холлдогу” кол салуудан кийин террордук коркунуч уланып жатканын, буга байланыштуу орус-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн айткан.

Ишемби күнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити Холл” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG