Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Бейөкмөт уюмдар ЖККУнун көз кырында


ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанда сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар коомдук-саясий кырдаалга таасир этерин жана бул коопсуздукка коркунуч алып келиши ыктымалдыгын эскертти.

Бордюжа 6-мартта Москвада кыргызстандык журналисттер менен жолугушууда билдиргенге караганда, Жамааттык коопсуздук келишими уюму бейөкмөт уюмдарга жана алардын ишине байкоо салып турат.

Буга чейин Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды Орусиядагыдай "чет өлкөлүк агент" катары тануу тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомчулуктун талкуусуна коюлган жана парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Бордюжа: Бейөкмөт уюмдар саясатка таасир этет

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын саны өтө эле көп жана аларга көзөмөл керек деген пикирин кыйытты. Ал Украинадагыдай окуялар болуп кетүү ыктымалдыгын да эскертти:

- Бейөкмөт уюмдардын көбү чет өлкөдөн каржыланарын да эстен чыгарбоо керек. Биз бул жагдайды да байкап турабыз. Анткени биз айрым бир өлкөлөрдө четтен каржыланган уюмдар кайсы бир саясий маселелерди чечүүдө колдонулганын, ошол эле учурда бул өлкөнүн бүтүндүгүнө жана эгемендигине шек келтиргенин көп эле көргөнбүз да. Бул эмнеге алып келээрин Украинадагы окуялар көрсөтпөдүбү. Ошондуктан биз баарын байкап турабыз. Бейөкмөт уюмдар өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир этет. Биз чукул кырдаалдар, коопсуздук боюнча иштеген органдар менен менен бул багытта, коопсуздукту камсыз кылуу максатта кызматташып жатабыз жана мен биздин мындай иш-аракетибизди туура деп эсептейм.

"Чет элдик агент" мыйзам долбооруна АКШ элчилиги, эл аралык уюмдар кабатырлануусун билдирген.
"Чет элдик агент" мыйзам долбооруна АКШ элчилиги, эл аралык уюмдар кабатырлануусун билдирген.

Мындан үч жыл мурун Орусияда бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк агент" катары таануу тууралуу мыйзам кабыл алынган эле. Былтыр дал ушундай эле мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев даярдап, коомчулуктун талкуусуна чыгарган болчу.

Депутат Мадалиевдин айтымында, учурда иштеп жаткан, 1999-жылдан бери келаткан мыйзамда бейөкмөт уюмдарды көзөмөлгө алуу тууралуу норма жок:

- Азыр бейөкмөт уюмдар “биз эмне тыңчы бекенбиз”, деп чычалап жатышпайбы. Роза Отунбаева баш болуп ушундай деп айтып жатат. Аларды эч ким тыңчы деген жок. Болгону алдын алып коюш керек. Эгер агент, же тыңчы болбосо иштей берет. Ал эми агент болсо, ошол мыйзам аркылуу иш-аракети далилденип калат. Анын эмнеси бар экен? Азыркы иштеп жаткан мыйзамда мыйзамда бейөкмөт уюмдардын жоопкерчилиги, ачык-айкындуулугу тууралуу бир да жобо жок.

Бейөкмөт уюмдар демократияны колдоодо

Бул мыйзам долбоорго мамлекеттик эмес уюмдардын дээрлик баары каршы чыккан жана коомчулукта кызуу талкуу жаратып келет. “Интербилим” бейөкмөт уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева өкмөт өзү деле сырттан жардам аларын айтууда:

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

- Эгер бийликтин демократияны, парламентаризмди орнотобуз деген ой-тилеги күчтүү болсо, бул мыйзам долбоорду парламент да, президент да колдобошу керек. Биздин айрым саясатчылар бейөкмөт уюмдар грант алса эле ошол каражатты берген өлкөлөрдөн көз каранды болуп калат деп ойлошот окшойт. Биздин мамлекет да олчойгон акчаларды реформага деп, ошол эле донорлордон алып жатышат. Анда мамлекет өзү деле көз каранды болуп калып жатпайбы. Сырттан келген акчанын 10-15 пайызы эле бейөкмөт уюмдарга кетет, калганын болсо мамлекет алат. Бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө демилгесин кош стандарт деп коет.

Серепчи Руслан Ташановдун баамында, бейөкмөт уюмдардын коомдук-саясий кырдаалга таасири тууралуу сөз кылганда Кыргызстанды Украинага салыштырганга болбойт:

- Украина менен Кыргызстанды салыштыра турган болсок, ал жакта Европанын, Европага ыктаган бейөкмөт уюмдардын таасири Кыргызстанга караганда бир топ жогору. Мен Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар, саясатка, саясий кырдаалга таасир этет деген пикирге такыр кошулбайм. Бейөкмөт уюм деген өтө кеңири түшүнүк. Аларды эки топко бөлүп карасак болот. Мисалы, чет өлкөлүк донорлор каржылаган уюмдар жана сырттан каржыланбаган коомдук бирикмелер, фонддор бар. Мамлекет бейөкмөт уюмдарды өзү каржыласа дурус болмок. Бирок биздикиндей бечел мамлекет аларды каржылай албайт да. Ошол эле учурда бейөкмөт уюмдар өлкөгө өтө чоң салым кошууда: шайлоо системасын жакшыртуу, адилет, таза шайлоо өткөрүү сыяктуу иштерди жасап жатышат. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгындагы нерселер. Андан сырткары суу чыгарып, социалдык объекттилердин курулушуна, айылдын инфраструктурасын жакшыртууга салым кошуп жаткан бейөкмөт уюмдар бар.

Бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк агент" катары таануу тууралуу мыйзам долборго Юстиция министрлиги каршы пикирин билдирген. Ага ылайык, мындай документти кабыл алуу мыйзамсыз жана кошумча түйшүктү, ашыкча чыгымды талап кылат деп айтылган. Ошондой эле коопсуздукка жооп берген, каржылык текшерүүлөрдү жүргүзгөн органдар, учурдагы мыйзамдар бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөгө жетиштүү деген тыянак чыгарган. Бул мыйзам долбоор жакында парламентте талкууланмакчы.

XS
SM
MD
LG