Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Көрбөйт деп мыйзам көчүрбө


“Көк асаба” гезити эне тил жөнүндө макалалардын топтомун жарыя кылды.

“Барометр” гезити “Коомдук уюмдар чет элдик тыңчыга айланабы?” деген теманын алдында айрым укук коргоочуларга кайрылып: “Чет мамлекеттен каржыланып, саясий иш менен аракеттенген биздеги коммерциялык эмес уюмдар өлкөгө чет элдик тыңчылардай зыян алып келип жатабы?" деген суроо салды.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев: Орусияда ушундай кылыптыр деп эле аларды туурап, автоматтык түрдө көчүрүп алганыбызды мен туура деп эсептебейм. Анан аталган мыйзамды кабыл алып, ар бир өкмөттүк эмес уюмдардын баарын душман санай берсек мамлекетке зыян келтирип алабыз,-деп;

“Кылым шамы” коомдук фонддун директору Азиза Абдрасулова: Кыргызстанда 15 миңден ашуун өкмөттүк эмес уюм катталган. Ал эми диний уюмдарга келген акча ачык эмес. Айрыкча араб өлкөлөрүнөн келген жардамдар көмүскө калууда. Эгер аталган мыйзам кабыл алынса, демократиялык процесс артка кетет,-деп;

Укук коргоочу Рита Карасартова: Бейөкмөт уюмдарын жаап койсо эле ишибиз жакшы болот дегендер жаңылышат, биз жабылып калсак ордубузга диний радикалдар келишет,-деп;

Укук коргоочу Эдил Байсалов: Мыйзамдын демилгечиси Турсунбай Бакир уулу накта өзү чет өлкөлөрдүн акчаларын алып жүргөнүн элдин баары жакшы билет. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, анын өзүн биринчи тышкы агент деп аташ керек,-деп жооп берди.

Профессор Жамгырбек Бөкөшовдун философиялык кайрыктары, Чыңгыз Айтматовдун “Амир Темирдин ак жылдызы” аттуу кыргыз тилиндеги котормосу да ушул санда.

“Планета” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Алтын чатагы өкмөттү алып тынабы?” аттуу макаласы менен ачты. Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин кызыктуу маеги да ушул санда

“Көк асаба” гезити “Улут болсоң тилиң менен улутсуң” деген баш теманын алдында бир бетин жалаң кыргыз тилине арналган ыр, макала, сүрөттөр менен коштолгон материалдарды тартуу кылды. Акын-журналист Жыргалбек Касаболотовдун эне тил тууралуу ыры, Бишкекте өткөн “Кел, кыргызча сүйлөшөлү” жүрүшү жөнүндө маалымат, БГУнун студенттери Сталбек Абдижалил уулу менен Асел Орозбаеванын кыргыз тил маселесине арналган ой-пикирлери, “Ак шумкар кут” жаштар коомдук бирикмесинин мүчөсү Абдылхак Алипбековдун “Көчө кыдырып, “кыргызча сүйлөшөлү” деп калганыбыз уят иш” деген макаласы бар.

Аталган гезит “Сирия согушунун артында эмне турат?” аттуу макаланы жарыялады. Окутуучулар Бүшарипа Укуева менен Динара Приева президент Алмаз Атамбаевге кайрылып: “Урматтуу президент, “Манас” боюнча жарлыгыңыз неге аткарылбай жатат?” деген кайрылуу катты жолдоду. Катта “Манас таануу” академиясын Ош шаарында ачуу сунушталганын, бирок буга жооп болбогонун белгилеп, алты пункттан турган иш максаттарын атап чыккан.

Жазуучу Жакып Медетовдун “Айылдаштарыма ачынуу” деген баяны басылды.
"Карагат” долбоорунда 16 жаштан 60 жашка чейинкилер окуйт” деген маекти долбоордун координатору Жыпар Бейшеева аттуу айым берип, бүгүн Ысык-Көлдүн Барскоон айлында ушундай долбоор иштеп жатканын, аны каржылаган “Кумтөр” компаниясы экенин, максаты карагат өстүрүп, аны кайра иштетип, сатуу иштерин жүзөгө ашырарын, кара карагаттын “тибель” жана “тизель” деген эки түрүн жана кызыл карагаттын “рондом” деген түрү алынып келгенин, бул жаңы сорттогу карагаттар суукка чыдамдуулугу жана түшүмдүүлүгү, ошону менен бирге эле таттуулугу менен жергиликтүү карагаттардан айырмаланарын айтып берди.

“Көк асаба” гезити жарыялаган кытай акылманы Лао Цзынын осуяттарынан да айта кетели. “Эч качан бирөөнү обу жок сындабагыла, анан бут кийими менен узак жолду басып көрбөгөн соң”, “Сиздин жиниңизди эмне келтирсе, демек сиз ал нерсеге баш ийип, ал сизди башкарып турат”, “Сыртыңан бекем, ичиңен жумшак болгондон көрсө, сыртыңан жумшак, ичиңен бекем болгонуң оң” бол дейт.
XS
SM
MD
LG