Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Оштогу митингде чатак чыгып кете жаздады


Боз үй тикмекчи болгон митингчилер милиция тиреше кетти. Ош, 11-октябрь, 2012.
Боз үй тикмекчи болгон митингчилер милиция тиреше кетти. Ош, 11-октябрь, 2012.

Ошто камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин тарапкерлеринин митинги милиция менен чогулгандардын тиреши менен аяктады.

Нааразылык акцияга чыккандардын боз үй тигүү аракетине күч органдары бөгөт койду. Митингге чыккандар “Ата-Журт” партиясынын камактагы үч депутатын бошотууну талап кылды.

Депутаттарды колдогон кыйкырыктар менен коштолгон митинг Ош шаарынын борбордук аянтында 5-6 саатка чейин уланды. Койгон талаптары «Ата-Журт» партиясынын үч депутаты Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровду бошотуу болду.

Өзгөндүк Калмамат Турдубаев митингге келген себебин мындайча түшүндүрдү:

- Депутаттар кашкайган чындыкты айтып жатып ушундай курмандыкка чалынышты. Буларда бир тыйынчалык да күнөө жок. Күнөөлүү десе ишенбегиле. Аларга бийлик жалган жалаа коюп каматып жатат. Оппозиционерлерди кантип жок кылышты билбей, ушундай жолго барып көрөйүн деди.

Уюштуруучулар нааразылык акциясына ар райондордон 3 миңден ашык адам чогулганын айтышса, байкоочулар мында 1000ге жетпеген гана киши келгенин билдирди.

«Ата-Журт» партиясынын Ош облусу боюнча координатору Дария Шабданова трибунадан минтти:

- Эч жакка таркабай, чогуу-чогуу туруңуздар. Бизде бул жерде массалык маалымат каражаттары деген бар, алар көрүнүшүнө карап 1000 адам болсо, 100 адам дешет, 300 миң адам болсо 300 адам дешет. Муну айтпасак да белгилүү болуп турат сиздерге. Ошон үчүн өзүбүздүн абийрибизди өзүбүз сактап, бир тартипти карманалы. Биз депутаттарыбызды бошоткуча талабыбыздан кайтпай турабыз.

Чогулгандардан өкмөттүн Оштогу өкүлү Сооронбай Жээнбеков келип кабар алып кетти. Ал митингдегилерди провакицияларга алдырбоого чакырып, алардын талабы борбордук бийликке жеткириле турганын убада кылды.

Андан ары митингчилер боз үй тигүүгө аракет кылышып, бирок ага милиция уруксат берген жок. Натыйжада ортодо чатак чыгып кете жаздады.
Акциядагылардын бири Асылкан Абышова мындай дейт:

- Биз ачкачылык жарыялоо үчүн атайын боз үй тигели десек, милиция аны бизден күч менен тартып алып кетип калды. Ошол жерде тартышып бир топ тирештик. Милиция аялдарды уруп-сабап эле, ыргытып-ыргытып, кууп жиберди. Керек болсо колунда бала көтөрүп жүргөн аялдардан бери тепкилеп салышты. Бийлик элге каршы экенин так эле көрсөтүп койду.

Митингдегилер тирешүүдөн бир аял жабыркаганын айтса, күч органдары 4 милиция жеңил жараатка тушукканын белгилейт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков:

- Ош шаардык аянтына митинг өткөрүүгө жергиликтүү бийликтер тарабынан расмий уруксат берилген эмес. Ошого карабай элдин баары ушул жерге чогулуп калгандыктан макул дегенбиз. Бирок келгендер боз үй тигүүгө аракет кылышты эле, милиция бийликтен уруксат алып, анан бир аракетке барууну митингчилерден өтүндү. Ага карабай аракеттерин токтотушпаганда, укук коргоо органдары тиктирүүгө мүмкүндүк берген жок. Жарандар тарабынан конкреттүү жабыр тарткан эч ким болгон жок, милициялардын ичинен жеңил жараат алып калгандар болду.

Ошентип акцияга келгендердин 10 чактысы ооздорун бекитип, ачкачылыкка олтурушту. Калгандары эртең дагы чогула турган болуп таркап кетишти.

Ал ортодо нааразылык акциясы аймакта түрдүү пикирлер менен кабылданууда. Жергиликтүү серепчи Кадыр Кубат кырдаалга мындайча баа берди:

- Жалал-Абадда жана Ошто өтүп жаткан митингдер бул жалпы ушу түштүк аймагында жашаган адамдардын ойлорун билдирбейт. Муну митингдин өзүнөн деле байкасак болот. Эл массалык деңгээлде көтөрүлгөн жок, келгендер деле кайдыгер сыяктуудай жүрүшөт. Элдин арасында деле бул депутаттарды толук колдогондор аз. Таасын фанаттар гана акцияга чыгууну өзүнө милдет кылып алган болбосо, карапайым калк тынч эле олтурат. Ташиевдин, Жапаровдун аракети деле бул жерде менимче, бийликти басып алууга эмес, чагымчылдыкка, элди козутууга багытталган.

3-октябрда Бишкекте Кумтөр ишканасын улутташтыруу боюнча митинг башаламандык менен коштолуп, Ак үйгө чабуул жасалган. Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп тараткан. Бул окуядан соң ЖК депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго мамлекеттик бийликти күчтөп басып алууга аракет кылуу жана Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо боюнча айып тагылып, УКМК абагына камалган. 5-октябрда сот алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.


Оштогу митингден сүрөт баян


  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG