Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Жалал-Абаддагы митингчилер тарады


Жалал-Абаддагы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Камактагы депутаттарды бошотуу талабы коюлган митинг өлкө президентинин атына кайрылуу кабыл алуу менен аяктады.

Жалал-Абад шаарынынын борбордук аянтына камактагы депутаттарды колдоп митингге чыккандар тарап кеткенин аймактагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимов билдирди. Митингдин соңунда өлкө президентинин наамына кабыл алынган кайрылуу өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовго тапшырылды. Чогулгандар президент Алмазбек Атамбаевден жооп келбесе, нааразылык акциясы уланаарын эскертишти.


Уюштуруучулар бүгүнкү митингге 5 миңден ашуун адам катышканын айтса, айрым байкоочулар катышуучулардын саны 2 миңден ашканын билдирүүдө. Жергиликтүү милиция бул боюнча азыр маалымат бере элек.

Митинг тартип бузууларсыз, тынч өттү. Аймакта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Митингдин алдында эл арасында облустук акимчиликке, атайын кызматтын имаратына чабуул жасалышы ыктымал деген ушак кептер тарап кеткенин кечээ "Азаттыкка" облустук милициянын башчысы Малик Нурдинов билдирген.


Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевдин тарапкерлери 4-5-октябрь күндөрү камалган депутаттарды бошотуу талабы менен митинг өткөрүп, Бишкек-Ош жолун тосууга чейин барышкан. Бирок ишемби, жекшемби күндөрү мындай нааразылык акциялары токтоп, нааразылык акциясы шаардын борбордук аянтына тигилген үч боз үйдүн ичинде гана уланып турган.

3-октябрда Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылган демонстрацияда Ташиев чогулгандарды бийликти алууга чакырып, митингчилердин бир тобун баштап, өзү иштеген парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөн. Ак үйдүн короосуна ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп таратууга аргасыз болгон. Башаламандык менен аяктаган митингден кийин жогоруда аты аталган үч депутат 48 саатка камакка алынган эле.


Тергөө тобу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексиндеги эки берене: Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо жана бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айып койгон. Ал эми үчүнчү депутат Талант Мамытовго бийликти басып алууга аракет кылуу деген бир берене боюнча айып таккан.

Камалган депутаттардын баш коргоо чарасы боюнча маселени караган Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-октябрда алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан.

XS
SM
MD
LG