Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Камалган депутаттар: аргументтер талашы


Тополоң салган митингчилерди кармоо. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Тополоң салган митингчилерди кармоо. Бишкек, 3-октябрь, 2012.

3-октябрдагы митингдин айрым катышуучулары жана үч депутаттын камалышы коомчулукта карама-каршы пикирлерди пайда кылды.

“Ата журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдон тышкары, ишемби-жекшемби күндөрү мурдагы аскер прокурору, юстициянын генерал майору Кубатбек Кожоналиев жана “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов эки айга камалды.

3-октябрдагы митинггде алып баруучулук кылган Кубатбек Кожоналиевдин адвокаты Азизбек Турдалиев Кожоналиев УКМКнын тергөө абагына мыйзамсыз камалган деп эсептейт:

- Ал уруксат менен өтүп жаткан тынчтык митингде модератор-алып баруучу болгон. Айып угузуу токтомунда Кожоналиев жөнүндө бир эле сөз бар. Тергөөчү өзү жазып жатат: Ташиев Кожоналиев берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сүйлөгөн деп. Модератордун кызматы ошол да, кезек-кезеги менен каалоочуларга микрофонду берет. Анда эмне күнөө?

Кожоналив да үч депутаттай эле бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча шектүү деп кармалган. Ал эми “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйкановго 28-августта коомдук каналда түз эфирде өтүп жаткан кендер боюнча аукционду үзгүлтүккө учуратканы боюнча буга чейин кылмыш иши козголгон. Учурунда камакка алынып, кийин кайра бошотулган болчу.

Аталган партиянын өкүлү Жолдошбек Орозовдун билдиришинче, Дыйканов Бишкек шаардык ИИБинин эскертүүсүн бузганы жана 3-октябрдагы митингге катышканы үчүн камакка алынды.

- Салмоорбек Дыйкановго эскертүү беришкен. Негизи эскертүү бергенге алардын укугу деле жок болчу. “Экинчи чыксаң камакка алынасың деген эскертүүнү буздуң, Кумтөр боюнча митингге катышып, сөз сүйлөдүң” деген негизде камап жатат. Муну биз азыркы бийлик режиминин куугунтугу деп эле баалайбыз.

Баатыр энелер президентке келди

Мындан тышкары “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун адвокаттары да маалымат жыйынын өткөрүп, кылмыш ишин козгоодо, депутаттарды эки айга камакка алууда бир катар мыйзам бузуулар болгонун белгилешти. Алардын айтышынча, бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо деген 12 жылдан 20 жылга чейинки жаза мөөнөтү каралган берене депутаттарга жөнсүз тагылууда.

Депутат Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов муну саясий буйрутма катары сыпаттап, тергөөчүлөр да жогору жактан көрсөтмө болгонун жашырышкан жок дейт:

- Бизге тергөөчүлөр ким көрсөтмө бергенин айткан жок. Бирок көрсөтмө болду деп ачык эле айтышты. Ал көрсөтмө президенттик администрациядан болушу ыктымал. Бул жерде сыягы алар өз саясий каршылаштарын жок кылуу үчүн себеп табышкандай. Анткени укуктук жактан алганда эч кандай бийликти басып алуу аракети болгон жок. Бул - күлкү келе турган нерсе, бул - абсурд.

Ушул эле күнү президент менен жолугуп, депутаттардын бошотулушун талап кылуу максатында Жалал-Абаддан пенсия жашындагы 16 эне Бишкекке келишти. Өздөрүн баатыр энелербиз деген бул адамдар “Азаттык” менен маегинде аларды президенттик админстрациядан кабыл алабыз деп убада кылып жатышканын айтышты.

Барпы айылынан келген Карамат Инакова:

- Биз камалган беш бала боюнча Атамбаевге жолугалы деп келдик. Биздин талабыбыз - ушул беш баланы чыгарып берсин.

Чындыкты бурмалап жатышабы?

Өткөн жума күнү ушундай эле талап менен президентке жолугуу максатында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан аксакалдар келишкен болчу. Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жумада митинг боюнча күч түзүмдөрү менен жыйын өткөрүп, ар бир адам мыйзам бузса, жооп берүүгө тийиш экенин эскерткен.

Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков бул иште эч кандай саясий өңүт жок деп эсептейт. Ал адвокаттардын билдирүүлөрүн мындайча төгүндөдү.

- Эгер президент же КСДП Ак үйдү алгыла, бийликти тартып алгыла деп айттырса, анда алардыкы туура болуп чыгат эле. Көрүнүп турган нерсени ушинтип бурмалап жатышкандары уят да. Же бул алардын адвокаттарынын элди келесоо көрүп, сүйлөп жаткандары, сыйлабагандары, же өздөрүн адаттан тыш акылдуу көрсөтүп жаткандары. Көрүнүп турган нерсени башкача айтуу -уят.

3-октябрда Кумтөр кенин улутташтыруу талабы менен өткөн митингдин аягы башаламандык менен коштолуп, депутат Камчыбек Ташиев баштаган митингчилердин бир тобу Ак үйдүн темир тосмосунан ашып түшүүгө чейин барышкан. Тополон салгандарды милиция күч менен таратууга аргасыз болгон.

Тасмада: 3-октябрдагы тополоң


Митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:32 0:00

XS
SM
MD
LG