Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Камалган депутаттар сот чечимине макул эмес


"Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын жактоочулары УКМК имаратынын алдында, 4-октябрь, 2012-жыл.
"Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын жактоочулары УКМК имаратынын алдында, 4-октябрь, 2012-жыл.

Эки айга камалган депутаттар соттун мындай чечимине макул эместигин адвокаттары аркылуу билдиришти.

Үч депутаттын адвокаттары бул чечим менен макул эместигин, эми шаардык сотко кайрыла турганын билдиришти. “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жана Талант Мамытовго бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айып тагылууда.

5-октябрда “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук жараян кечки саат беште башталат деп кабарланган. Бирок үч депутатты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратына сегиз жарымда гана алып келишти. Соттук процесс эки жарым саатка созулуп, чечим түнкү саат 11де окулду. Ага ылайык, судья Абдуразак Боронбаев үч депутатты УКМКнын тергөө абагында 2 айга кармоо чечимин чыгарды. Адвокаттардын айтымында, башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жылдызбек Исмаилов “депутаттар бош жүрсө,качып кетиши мүмкүн” деген негизде сотто аларды камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

“Чечим менен макул эмеспиз”

Депутаттардын адвокаттары дароо эле соттун чечими менен макул эместиктерин билдирип, шаардык сотко кайрыла турганын журналисттерге маалымдашты. Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов тергөөчү суроолорго жооп бере албаганын жана Жапаровду камакка алууда мыйзам бузуулар болгон айтты.

- Жапаров тосмону ашып өттүбү десек, “жок” дейт. Садыр Жапаров таш, курал алып, же бычак кармап кирдиби десек, “жок” дейт. Бирок ошол эле кезде камакка алып жатат. Экинчиден, Жапаровду 3-октябрь күнү кечки саат 19:19да УКМКга алып барышкан жана сегиз жарым саат кармашып, таңкы саат 04:05те камакка алуу чечимин кабыл алышкан. Мыйзам боюнча канча саатта камакка алыш керек деп тергөөчүдөн сурасам, ал “үч саатта” деп жооп берди. Анда эмне үчүн сегиз жарым саат кармап туруп, анан камадыңыздар десем, “эми ошондой болуп калды” дейт.

Ушундай эле пикирди Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов да белгиледи. Ал мыйзам боюнча баш прокурор Аида Салянова гана кылмыш ишин козгоого укуктуу экенин, бирок ал иш ордунда жокто орун басары Нурлан Жээналиевдин иш козгогону мыйзамсыз болгон деп эсептейт. Адвокат мындан башка да мыйзам бузууларды белгиледи:

- Кылмыш иши козголгон токтомду карасак, “Өкмөт үйүн басуу аракети үчүн” деп иш козголгон экен. Көңүл буруңуздар, Өкмөт үйү кайсы жерде жайгашкан да, Ак үй кайда? Бул таптакыр эки башка нерсе. Ошондуктан бул жерде депутатка Ак үйдү басып алуу арекети боюнча деп айып тагып жатат, а бирок ошол эле кезде кылмыш иши “Өкмөт үйүн басып алуу аракети фактысы боюнча деп козголгон. Мындайча айтканда, кылмыш иши козголбогон факты боюнча айып тагылып жатат. Бул соттун жүрүшүндөгү мыйзам бузуу. Мен аны сотто да айттым.

Депутат Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев болсо, вице-спикер митингге парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун ташпырмасы менен барганын айтып, негизсиз камакка алынды дейт:

- Талант Мамытов митингчилердин оюн, талабын колдоп сүйлөп, же бир эл алдында ушул сыяктуу аракеттерди кылган эмес.

Ташиевдин аманаты

Соттук жараянга катышып чыккан соң акыйкатчы Турсунбек Акун журналисттерге маалымат берип жатып, депутат Камчыбек Ташиев өз тарапкерлерин митингге чыкпоого үндөгөнүн айтты:

- “Мен үчүн көп кыйнала беришпесин, чыгышпасын” , - деп айтып коюңуз деп мен аркылуу билдирди. Ушуну айтып коюңуз деп, ал адвокатына да айтты, мага да айтты. Мен сотто же тергөөдө прцессуалдык олдоксон мыйзам бузуулар болду деп айта албайм. Андайлар болгон жок. Бирок алар өздөрү соттун чечими менен макул эмеспиз, бул болбогон иш, туура эмес түшүнүп алышты деп айтып жатышат.

Сот имаратынын алдына Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун 150дөй жактоочулары, андан тышкары сотко байкоо салганы келген ар башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү болуп 300дөй киши чогулду. Коопсуздук чаралары кескин күчөтүлүп, соттун имараты катуу кайтарууга алынып, жакынкы көчөлөрдө машиналардын кыймылы токтотулду. Дээрлик 300гө чукул милиция кызматкерлери тартипти сактап турушту.

Ташиевдин тарапкерлеринин бири Жаннат Акматова мындай дейт:

- Азыркы талабыбыз - Камчыбек Ташиевди коё беришсин. Эгер коё бербесе, анда Ташиевдин жактоочулары, шайлоочулары баары эртеңден баштап чыгышат.

Үч депутаттын камалышын колдогондор

Ошол эле кезде соттун жүрүшүнө байкоо салган айрым коомдук уюмдар депутаттар камалышы керектигин белгилеп жатышты. Алардын айтымында, депутаттардын чакырыктары жана аракеттери оор кылмыш деп эсептелет.

“Каркыра” коомдук уюмунун теңтөрагасы Эмил Кыштообаев да ушундай пикирде:

- Бул үч депутаттын тең күнөөсү өтө оор. Себеп дегенде күч колдонуу менен бийликти басып алабыз деген чоң эйфория менен барышкан. Бул аракетти чоң күнөө деп эсептейбиз. Эгер сот туура эмес чечим чыгарса, биз ага каршы чыгабыз.

Тергөө тобу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексиндеги эки берене: Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо жана бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айып койду. Ал эми үчүнчү депутат Талант Мамытовго бийликти басып алууга аракет кылуу деген бир берене боюнча айып тагылууда.

3-октябрда Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылган демонстрацияда Ташиев чогулгандарды бийликти алууга чакырып, митингчилердин бир тобун баштап, өзү иштеген парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөн. Ак үйдүн короосуна ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп таратууга аргасыз болгон. Башаламандык менен аяктаган митингден кийин жогоруда аты аталган үч депутат 48 саатка камакка алынган эле.

XS
SM
MD
LG