Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:43

Депутат Коркмазовго каршы митинг


Депутатка каршы митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

"Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери карачай тектүү депутат Хажимурат Коркмазовго каршы Бишкекте митинг, Ошто маалымат жыйынын өткөрдү. Алар Коркмазов этностук кастыкты козутту дешип, депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылып чыгышты.

Депутат Коркмазов 3-сентябрда айрым маалымат каражаттарында “Ата-Журтту” негиздөөчүлөр улутчулдар деп маек берген. Бирок Коркмазов өзү минтип бир да жерде айтпаганын ырастап жатат.

5-сентябрда парламент имаратынын алдына "Ата-Журттун" тарапкерлери митингге чыкты. Алар карачай тектүү, “Ата-Журт” партиясынын тизмесинен шайланып келген депутат Хажимурат Коркмазов улут аралык мамилелерге чок салды дешип, депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылып чыгышты. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулган 150дөй киши айрым депутаттардын машинесин тосуп, имаратка киргизбей коюшту.

Тарапкерлердин митингге чыгышына жакында эле “Ата-Журт” партиясынын да, фракциясынын да тизмесинен чыгарылган депутат Хажимурат Коркмазовдун айрым маалымат каражаттарына берген маеги себеп болгон. “Вечерний Бишкек” гезити менен “Аки пресс” маалымат агенттигине Коркмазов “Ата-Журт” партиясынын лидерлери аны түнкү саат 12де партияга кирүүгө көндүрүшкөнүн, партиянын түзүүчүлөрү улутчул экенин белгилеген.

- “Ата-Журт” партиясынын жетекчилери чогулуп алып, июнь окуясында улутчулдукту пайдаланып киши өлтүрүшкөн, кырган, зордуктаган деп кайсы факттын негизинде, эмнеге таянып айтып атат. Анда дагы аныкталды деп жазып коюптур. Демек Коркмазов улут аралык мамилеге чок салып, бузукулукка барып жатат. Муну токтотуш керек. Ал келип түшүндүрүп берсин же мандатын тапшырып берсин, - деди митингге чыккандардын бири Турсунбек Сагынаев.

Ушул эле күнү "Ата-Журттун" тарапкерлери ушундай эле маңызда Ошто маалымат жыйынын өткөрдү. Алар дагы Коркмазов айткан сөзүнө жооп берсин, элден кечирим сурап, мандатын тапшырсын деп талап кылышты. Алардын бири Жаанбай Дадиев буга сот чекит койсун деген оюн айтты.

Бул күнү Жогорку Кеңеште күн тартибине ылайык, жыйын премьерликке талапкер Жантөрө Сатыбалдиевдин программасын угуудан башталмак. Депутат Хажимурат Коркмазовдун тегерегиндеги кескин талаптардын айынан күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого тоскоолдук жаралды.

"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Коркмазовду "экинчи Кадыржан Батыров" атап, партияны негиздөөчүлөрүнүн бири Акматбек Келдибеков кесиптешин залдан чыгып кетүүсүн талап кылды.

- Депутат Коркмазов эгер ак болсо, соттон акталып келип, анан ушул жерде “андай сөз айтылбаптыр” деп айтсын. Биздин талабыбыз - бул жерден чыгып кетсин же башка жерге барып отурсун.

Ал эми жакында эле айрым "атажуртчу" депутаттардан турган өзүнчө блок түзүп, коалициялык көпчүлүккө кошулган Хажимурат Коркмазов өз дарегине айтылган сындарды четке какты. Ал “Ата-Журт” партиясынын лидерлери тууралуу улутчул маанайда маек бербегенин белгиледи.

- Мен өзүмдүн дарегиме айтылган сөздөр боюнча буга чейин да бир нече жолу айткам. Азыр да жыйында айтып кетейин. Мен эч кимге, эч жерде партия турсун “Ата-Журттун” лидери тууралуу 2010-жылдагы окуяга байланыштуу интервью берген эмесмин. Маалымат каражаттарындагы бурмаланган маалымат тууралуу мен бир нече жолу түшүндүргөм. Бизде муну териштириш үчүн тартип коргоо органдары бар. Эгер мен күнөөлүү болсом мыйзамга ылайык жооп берем. Калганын убакыт көрсөтөт.

Социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Коркмазов боюнча маселе "Ата-Журт" фракциясынын ички иши экенин эскертип, жалпы жыйынга чыгарбастан өз алдынча чечип алууну сунуштады. Бирок парламенттин түштөн кийинки жалпы жыйынында Коркмазов көрүнгөн жок.

Ал эми Коркмазовго байланыштуу маалыматты жазып чыккан “Аки-пресс” бул маалыматты "Вечерний Бишкектен" көчүргөнүн билдирүүдө. "Вечерний Бишкек" болсо далилдерди калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.

Коомдук ишмер Ишенбай Абдразаков айрым учурда өлкө үчүн сабырдуулук мамиле талап кылынарын белгиледи.

- Кыргызстан - көп улуттуу өлкө. Мамлекетти сактап калалы десек бири-бирибизге сабырдуулук менен мамиле кылышыбыз керек. Тукуруп жүргөн – бул бузукулардын иши. Мындай көрүнүшкө жалпы эл дайыма каршы турушу керек. Ошондуктан биз ынтымак менен, бири-бирибизди түшүнүп, өлкө үчүн аракет кылганга ниет кылышыбыз зарыл.

“Ата-Журттун” лидери, депутат Камчыбек Ташиев кесиптешинин айткандары боюнча сотко кайрыларын билдирүүдө. Эксперттер болсо бул көрүнүш саясий улутчулдукка алып келбес бекен деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG