Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:53

"Ата Мекен" чуулуу тасма боюнча үн катты


8-апрель, Бишкек
8-апрель, Бишкек

6-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер депутаттык комиссиянын жыйынында талап-тоноочулук боюнча суроолорго жооп берди.

Мындан тышкары "Ата Мекен" фракциясы да өз жыйынында талап-тоноочулук боюнча комиссиянын ишин талкуулады. Анда интернетте пайда болгон, “Республика” фракциясынын лидерлери менен байланышын баяндаган Айсулуу Дүйшөнкулова делген аял тартылган тасма да көрсөтүлдү.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жыйынды ачып, август айында НТС телеканалынын журналисттери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Абдулла Юсуповдон интервью алганы мыйзамсыз болгон деп билдирди.
НТСтин журналисттеринин өзгөчө кайтаруудагы жаза аткаруу кызматынын имаратына кирип барып, интервью алганы мыйзам бузуу катары саналып, ал факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Орозбек Бердибаевдин айтымында, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыркулов бул боюнча сурак берип, журналисттерди киргизүүнү ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабанов өтүнгөнүн билдирген.

- Мамыркуловдун айтканына караганда, премьер-министр Өмүрбек Бабанов ага чалып, "НТСтин журналисттерин киргизгенге уруксат берип кой" деп суранган. Бул боюнча Мамыркулов менен Бабановду беттештиргенде, ошондой эле көрсөтмө беришти. Бабанов “ооба, сурангам” деди.

Бирок Өмүрбек Бабанов журналисттердин абакка киришин мыйзам бузуу катары санабасын да айткан. Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кененбаев да фракция жыйынында журналисттердин абакка киришинде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун белгиледи.

“Ата Мекен” фракциясы өз жыйынында ошондой эле Айсулуу Дүйшөнкулова деп айтылып жаткан келин тартылган жарым сааттык видеону да көрсөттү. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

- Ошентип Бабановдун, “Республика” фракциясынын Юсупов менен түздөн-түз жана туруктуу байланышы бар экени далилденип жатат. “Ата Мекенге” жалган-жалааларды жаап, сотто утулуп келаткан Айсулуу Дүйшөнкулова деген да бар. Анын ким экенин мына өзү айтып берди. Ошентип Бабанов-Юсупов-Дүйшөнкулова деген байланыш далилденип жатат.

Буга чейин депутаттык комиссиянын жыйынында Айсулуу Дүйшөнкулова “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын 7-апрелдеги окуяда Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноого катышканын билдирген болчу.

Жоопкерчилик vs. кызыкчылык

Ушул эле күнү “Ата Мекен” фракциясынын лидерлери Өмүрбек Текебаев менен Болот Шер депутаттык комиссиянын отурумунда талоончулук боюнча суроолорго жооп берди. Отурумда Болот Шер талап-тоноочулук боюнча депутаттарды айыптоону абсурд деп атады.

- ИИМдин экс-министри айыпталып жатканда кайсы орган соттолуучудан сурайт? Дүйнөдө кайсы жерде бар ушундай? Бабанов болсо мекемелер аралык комиссия түздү. Эмненин негизинде? Үч соттолуучунун сөзүнүн негизинде. Башка кылаар иши жокпу? Сиздердин парламентке депутат болуп келишиңерге “Ата Мекендеги” ошол төрт депутаттын да салымы бар деп ойлойм.

8-апрель, 2010-жыл.
8-апрель, 2010-жыл.
Өмүрбек Текебаев 2010-жылы ыңкылаптын алдында Абдулла Юсупов жана ошол кездеги ИИМдин 9-башкармалыгынын башчысы Абдували Акжолов менен бир ирет гана жолугушканын билдирди. Алар экөө Бакиевдерди жамандап, оппозиция кызмат кылууга даяр экендиктерин билдиришкен, бирок алардын чагым уюштуруп жатканын билишкенин айтты.

- Аны элдин баары билген. Бакиевдер бизди ошого даярдап, режимдин күчү жок, дарбазадан ашып өтсөңөр болот деп түртүп, андан кийин камаганга, же атканга даярданып жатышкан. Биз аны дароо билип, "булар кутумчу, аны менен сүйлөшпөгүлө" деп айттык.

“Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев “Ата Мекендин” лидерлерине дооматы жоктугун, бирок депутат Райкан Төлөгөновдун тоноо иштерине катышы ачыкталып жатканын айтты:

- Төлөгөнов эки гана имаратта болгом деп айтты. Бирок СИЗОдогубу, же сырттагыбы, дагы бир таксист да болду, ал жерлерде жүргөндүгү чын деп айтып жатышат. “Тигил жакта, бул жакта болгон” деп айтышууда.

Айсулуу Дүйшөнкулованын видеосу тууралуу “Республика” фракциясы билдирүү таратты. Анда бул тасма "Республика" фракциясынын лидерлери Өмүрбек Бабановдун, Алтынбек Сулаймановдун кадыр баркын түшүрүү, адамдын укугун бузуу максатында таратылгандыгы, партиянын 3-октябрдагы, ошондой эле 11-ноябрда сөз болгон митингдерге тиешеси жоктугу баяндалат.

Ошондой эле УКМКдан, Башкы прокуратурадан жана ИИМден ал видеону жасагандарды таап, кылмыш ишин козгоону талап кылышкан. "Мамлекет жана эл алдындагы саясатчылардын жоопкерчилиги жогору болуш керектиги, андыктан кайсы бир партия же адам өз кызыкчылыгын коомдун кызыкчылыгынан жогору койгону жол берилгис иш" экени белгиленет.

XS
SM
MD
LG