Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Компроматтар кармашы


Бабанов башында турган республикачылар депутаттык мандат алган күн. Бишкек, 10-ноябрь, 2010.
Бабанов башында турган республикачылар депутаттык мандат алган күн. Бишкек, 10-ноябрь, 2010.

“Ата Мекен” менен “Республика” фракциялары бири-биринин кыңыр иштерин издеп, акыйнек айтышканга өттү.

Саясий күрөштүн мындай ыкмасы өкмөт башчысы Бабановду кызматтан четтеттүү демилгесин көтөрүүдөн башталды. Учурда эки тарап тең койулган айыптоолорду тастыктоо өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылышууда.

Айгак үстүнө айгак

Алгач “Ата Мекен” фракциясы башкы “республикачы”, премьер-министр Өмүрбек Бабанов түрк ишкеринен баасы миллион долларлык аргымак пара алган деп айып койуп, тиешелүү далилдерди келтирди. Өкмөт башчысынын маалымат кызматы аргымак анын өзүнүн каражатына сатылып алынган десе, республикачылардын айрымдары Бабановдун аргымак белекке алууга эмнеге укугу жок деп эки ача көз карашты айтып чыгышты. Атамекенчилер алды-саттыны тастыктаган келишимдин тиешелүү укук ченемдер менен даярдалбагандыгы анын жасалма экендигин далилдэрин билдиришти.

“Республика” фракциясы болсо кайра каршы чабуулга өтүп, тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов деген жарандын “атамекенчи” депутаттарга каршы көрсөтмөсүн колдонду.

Юсуповдун 2010-жылы, 7-апрелде Бакиевдердин үй-мүлкүн тоноого “Ата Мекен” партиясынын лидерлери көрсөтмө бергендигин айткан видео тасмасы коомчулуука жарыяланды:

- Мисал үчүн, Москва-Ибаримов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жаныбек Бакиевдин уулу Искендерге караштуу мекемеге келсек, аны мамлекеттик күзөт кызматынын балдары кайтарып турган экен, биз аларды кубалап чыгып, алты автоматын тартып алганбыз. Анан мекеменин ичинен винчестер сыяктуу куралдарды таап чыгып, жүктөп бергенбиз. Анан биз атайын берилген көрсөтмө менен Шампанкомбинаты жактагы Жаныбек Бакиевдин мекемесин, анан Адыл Бакиевдин, Марат Бакиевдин үйлөрүн басып алып, жалпысынан отуздан ашуун объектини колго алганбыз. Биз алардын ичиндеги дүйнө мүлктүн бардыгын “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Райкан Төлөгөнов айткан атайын базаларга жеткиртип турганбыз. Кытайлык лабораториялардын биринен бир жарым тоннага жакын алтын кошулмасын алып чыгып, аны дагы ал жакка жүктөп бергенбиз. Бизге мына ушул мүлктү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жок кылдырбай сактап калган үчүн байлыктын 25 пайызын сыйлык катары беребиз дешкен болчу.


Абдулла Юсупов деген ким?


Абдулла Юсупов Бишкектеги маалымат жыйынында, 27-январь, 2011.
Абдулла Юсупов Бишкектеги маалымат жыйынында, 27-январь, 2011.
Мындан сырткары Абдулла Юсупов Сузактын Тейит айылындагы Бакиевдердин үйлөрүн өрттөөгө Райкан Төлөгөнов, Турат Мадылбеков жана Өмүрбек Текебаев буйрук берген деп көрсөтмө берген. Юсупов мына ушундай кыңыр иштер ачыкка чыгып кетпеш үчүн 2011-жылы атайын буюртма менен камалгандыгын жана учурда анын өмүрү коркунучта экендигин белгиледи.

Бирок Юсуповдун көрсөтмөсүнүн чын-бышыгы күмөн жараткан жагдайлар белгилүү болду. Анткени аны кызыкдар күчтөр каршылаштарына карата саясий союл катары колдоно койгон бир нече учурлар катталган. Эске сала кетүүчү жагдай, Абдулла Юсуповго 2007-жылы алдамчылык жана уурулук беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, бирок кийин ал иш белгисиз себептер менен жабылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов аны менен эч кандай байланышы болбогондугун айтып, Юсуповдун жалган көрсөтмөсүн кезинде Келдибеков колдонсо, азыр Бабанов пайдаланып жатканына токтолду:

Райкан Төлөгөнов
Райкан Төлөгөнов
- Биринчи жолу мына ошол түрмөдө отурган Юсуповдун жалган жалаасын Текебаев президенттикке койом деп билдиргенде чыгарышкан. Анан экинчи ирет Келдибековду төрагалыктан кетирүү боюнча демилге көтөрүлгөндө дагы бир чыгарышты. Үчүнчү жолу жанагы жазаны аткаруу мекемелеринин иши боюнча фактыларды алып чыкканыбызда дагы гезиттерге бердиртишти. Мына ошондон бери эле биздин атаандаштар кандайдыр бир опураталдуу маселе чыкканда эле ошол жасалма көрсөтмөнү көтөрө чыгышат. Бирок аягына чыгарып бир нерсени далилдешпейт.

Ошол эле кезде депутат Төлөгөнов Абдулла Юсупов деген жаран 2006-жылдан бери оппозицияга жалаа жабууну уюштуруу боюнча 9-башкармалыктын жашыруун агенти болгондугун тастыктай турган далилдер табылгандыгын белгиледи:

- 9-башкармалыктын Акжолов деген башчысы ачык эле мына ушул Юсупов кезинде ага караштуу мекеменин жашыруун тыңчысы болгондугун тастыктады. Булар 7-апрелден кийин адамды уурдап, адамды өлүмгө жеткирген деген айып менен кылмыш ишине кириптер болушкан. Болгондо дагы мурдагы муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановду коркуткан фактынын бети ачылган. Анан мына ошондой адамдан бизге каршы көрсөтмө алышып, аны видеотасмага тартышып, коомчулукка жарыялап жатышат. Бул Бабановдун командасынын өздөрүн актап, күнөөнү башка бирөөгө оодара салуунун оңой жолу. Андай болбосо мына ошондой олуттуу фактылар болсо мурда алып чыгышып, иликтеп туруп бизди камап салышпайт беле?

“Республика” каракчылыкты далилдейби?

Бирок республикачылар “атамекенчи” депутаттарга койулган айыптоолорду далилдөө үчүн атайын жумушчу топ да түзүп жиберишти. Буга Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбековдун тергөө абагына кирип, Юсупов менен жолугушуп чыкканы себеп болду. Юсупов Мадылбеков аны буга чейинки көрсөтмөлөрдү өзгөртүүгө мажбурлагандыгын жарыялаган болчу.

“Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 7-апрелдеги талап-тоноонун башындагылардын бети ачылат деп ишендирди:

- Мына ошол тополоң маалынан пайдаланып, отуздан ашуун объектини тоноп, бир жарым тоннага жакын алтынды кымырып алгандардын бети ачылат. Аны далилдей турган, ошол фактыларды тастыктай турган бизде кошумча материалдар да бар. Биз мунун бардыгын сентябрда жарыялап чыгабыз. Ага чейин жанагы талап-тоноо фактылары боюнча укук коргоо органдары атайын иликтөө иштерин жүргүзүшүн талап кылабыз.

Ошентип эки тарап тең айыптоолорду текшерип, чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылды. Саясий күрөштө кайсы тараптын далилдери ынанымдуу болуп, келтирилген жүйөөлөр орундуу экендигине тергөө органдары калыс чекит койо алабы же жокпу деген суроо азырынча жоопсуз турат.

XS
SM
MD
LG