Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:26

Талоончулук иши: “Ата Мекен” акталдыбы?


Бакиевдердин өрттөлүп, таланып-тонолгон бир үйү. Бишкек, 8-апрель, 2010.
Бакиевдердин өрттөлүп, таланып-тонолгон бир үйү. Бишкек, 8-апрель, 2010.

7-апрелдеги талоончулук фактыларын иликтеген мекемелер аралык тергөө тобу ага “атамекенчилердин" катышы болгонун аныктай албады.

Бул ишти иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн пикири тең экиге бөлүнүп, корутундуга беш депутат кол койгон эмес. Депутаттык комиссиянын корутундусун 1-февралда парламенттин КСДП фракциясы жабык карап, аны жалпы жыйынга алып чыгуу чечимине келди.

Айыптоолор аныкталбады

Мекемелер аралык тергөө тобунун жыйынтыктоочу бүтүмүндө абактагы Абдулла Юсуповдун “атамекенчилерди” айыптаган көрсөтмөсү боюнча бир дагы факты тастыкталган эмес. Ошондуктан ал иш тергөөнүн өндүрүшүнөн экинчи ирет кыскартылды. Мындан мурунку иликтөө ишинде айтылган фактылар аныкталбагандыктан кайрадан кайталап иликтөө дайындалган болчу.

Бул ишти иликтеген депутаттык комиссия талап-тоноо фактылары жарым-жартылай аныкталганы боюнча корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов тергөө тобу мына ошого көңүл бурбай койгонун белгиледи:

- Депутаттык комиссия аталган фактыларга ысымдары аталып жаткан төрт депутаттын экөөнүн кыйыр түрдө катышы болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Мына ошондуктан ага байланыштуу жагдайларды иликтеп туруп, ага укуктук баа берүү жагын сунуштаган элек. Бирок тергөө тобу аталган жагдайларга анчейин көңүл бурбастан туруп бир дагы факты тастыкталган жок деген жыйынтык чыгарып отурат. Депутаттык комиссиянын корутундусун 6-февралда палатага алып чыгабыз. Мына ошондо бул ишти кароонун андан аркы тагдыры чечилет.

Бул ишти иликтөө боюнча депутаттык комиссия парламенттеги беш фракциядан экиден өкүл болуп жалпысынан он депутаттан турат. Аталган корутунду боюнча добуш берүүдө комиссия мүчөлөрүнүн жарымы ага бир жактуу маалымат катары кол койбой койгон.

Мына ошондуктан “Ата Мекен” фракциясынан депутат Бакыт Калмаматов альтернативалуу корутунду иштелип чыкканын айтты:

- Бул ишти бир эмес, бир нече жолу тергөө органдары иликтеп чыгып, фактылар далилденген жок деген бүтүм чыкса деле депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү иликтеш керек деп эле көгөрүп жатышат. Алар мисал келтирип жаткан жагдайлар карандай калп экенине карабастан болбой эле мына ошол фактыларды тастыктагыла деп укук коргоо органдарына басым көрсөтүү мыйзамсыз. Ошого байланыштуу биз аталган корутундуга кол койбостон фактылардын жалган экенин далилдей турган корутундуну өз алдыбызча даярдап чыктык.

7-апрелдеги Бакиевдерге караштуу мүлктү талап-тоноого “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн катышы боюнча маселе КСДП фракциясынын жыйынында жабык каралды. Анын себептерин аталган фракциядан депутат Жусупали Исаев төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Эми бул жерде жашыра турган нерсе деле жок. Болгону мындай маселени карап жатканда эмоциянын негизинде туура эмес маалыматтар деле айтылып кете берет экен. Ошондуктан биз маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусуз комиссиянын маалыматтарынын чын-бышыгын териштирип көрөлү дедик. Мына ошого жараша добуш беребиз да. Бул маселе эми ачык-айкын эле палатада каралат.

Сокусу күчтүү болсо “кийиз казык” жерге киреби?

Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев тергөөдө талап-тоноочулукка байланыштуу фактылардын айрымдары тастыкталганын билдирген болчу. Бирок ал кийинчерээк аталган кызматтан четтетилген.

“Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев учурда “Ата Мекен” партиясы тергөөгө таасир этип, өзүнүн айрым мүчөлөрүнүн кылмышын жашырып калууга жетишти деп эсептейт:

- Буга чейин тергөөдө Райкан Төлөгөновдун мына ошол талап-тоноо болгон чекиттерден байланышкан телефондук сүйлөшүүлөрүнүн көчүрмөсү чыккан да. Баш-аягы он жолу сүйлөшкөн экен. Төлөгөнов өзү болсо эки эле жолу сүйлөшкөмүн деп көрсөтмө берген. Бул жерде анын калпы чыгып жатпайбы. Эгерде бардыгы жайында болсо эмнеге калп айтат. Мына ушул жагдайлар көз көрүнө көрүнүп турса деле “Ата Мекен” бийликтин күчү менен тергөөнү кыскартып отурат.

Өткөн жылы “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынын ортосундагы саясий тиреш курчуп турган учурда аталган маселе көтөрүлгөн болчу. Абактагы Абдулла Юсупов “атамекенчи” депутаттар Райкан Төлөгөновдун буйрутмасы менен 7-апрелде Бакиевдерге таандык мүлктү тоношкону боюнча көрсөтмө берген эле.

XS
SM
MD
LG