Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:53

Муратов: Учактын кулашында бир топ себептер бар


Тимур Муратов
Тимур Муратов

Оштогу аба кырсыгынын күңгөй-тескейи тууралуу Кыргызстанда жарандык авицияны көп жылдан бери жетектеген, учактар боюнча адис Тимур Муратов маек курду.

- Кечээ Ош аба майданында Ту-134 учагы кырсыкка учурап, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок. Бирок учак эмне себептен кулады, бул эмнеден кабар берет?

- Кудай сактап бүт жүргүнчүлөр аман-эсен экен. Чындыгында эле бактыга жараша ушундай болду. Учактын кырсыкка учурашын иликтегенде ушуга окшогон авиациялык инциденттердин жыйынтыктарын карап, ошого жараша бүгүнкү күндө ишти жүргүзүү керек. Бүт эксперттер айтып жатышпайбы, азыр иликтөөгө чейин тигил болду, бул болду деп айтуу өтө кыйын.

Оштогу аба майдан, 28-декабрь 2011-жыл.
Оштогу аба майдан, 28-декабрь 2011-жыл.
Бирок бул жерде бүт бардык себеп бир келген. Мисалы, аба ырайы, экипаждын жасаган кыймыл-аракеттери, өзүнүн ишине болгон мамилеси кош себеп болушу мүмкүн.

Жайында эле Орусияда Ту-134 учагы кырсыкка учурап, тилекке каршы кишилер набыт болушкан. Менин жеке пикирим, биринчиден, мамлекеттик жана атайын эксперттерден түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын кароо керек. Экинчиден, учактын бул түрү жеке эле КМШ мамлекетинде эмес, дүйнөдө качан, кантип кырсыкка учураганын тактоо керек.

- Ошто кулаган Ту-134 учактарынын акыркылары 1984-жылдары чыгарылган экен. Бул учактардын жарамдуулук мөөнөтү жайында элеби?

- Учактын жашоосу, учактын уча ала турганы адамдын адам баласындай болот. Учактын жылына жараша эмес. Ал кандай эксплуатация болду? Ал кайсы техникалык базада каралган? Ким аны караган? Сертификаты барбы же жокпу? Баары ушуга жараша болот. Коомчулукка туура жеткиришибиз керек.

Көп эл учактын жасалган жылына көңүл бурушат. Бирок адистер учактын өзүнүн абалы кандай экендигине маани беришибиз керек. Учакка кандай көңүл бурулган? Убагында техникалык тейлөө жасалганбы? Экипаж убагында машыгуудан өтүп турганбы? Бул маселелерге жооп табуу абзел.

- Мисалы, коңшу өлкөлөрдө, өзгөчө Орусияда эски учактарды жаңысына алмаштырууга аракеттери жүрүүдө. Биз качан, кантип жаңыртабыз?

- Акыйкаттыкты айтуу керек. Акыркы бир-эки жылдын ичинде жаңылануу боюнча өтө жакшы иштер болуп жатат. Чет элдик, "Боинг" өңдүү учактар алынып жатат. Жаңылануу сөзсүз коопсуздуктун, мезгилдин талабы.

“Кыргызстан” мамлекеттик компания болгондуктан кечээ жаңы түптөлгөн өкмөт негизинен жарандык авиацияга көңүлүн бурушу керек. Эгерде акчалай каржылай албаса, атайын шарттарды түзүп бериши керек. Менин оюмча, бүгүн Кыргызстанда тиешелүү ишкерлер, тажрыйбалуу жетекчилер бар.

- Учактарды жаңыласак эле Батышты кара тизмесинен чыгабызбы?

- Мүмкүнчүлүк пайда болот. Учактарды жаңылоо жана жарандык авиацияда иштеп жаткан кызматкерлердин бүгүнкү эл аралык талапка жооп берүүсү. Учак, андан кийин адистер да талапка ылайык болушу керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG