Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Ош: ач студент шайлоо алдында чоң күч


Студенттер - чоң күч. Муну түшүнгөн партиялар да көп.
Студенттер - чоң күч. Муну түшүнгөн партиялар да көп.

Бийлик парламенттик шайлоонун алдында студенттерди саясий оюндардан алыс кармоо максатында түштүктөгү жогорку окуу жайларында окуунун башталышын 18-октябрга жылдырганына карабастан учурда студенттер шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып жатканы байкалат.

Муну студенттер кошумча каражат табуу менен түшүндүрсө, айрымдары өлкөнүн келечегине салым кошуу анын түздөн-түз милдети экенин билдиришүүдө. Ошол эле учурда жергиликтүү серепчилер жакында боло турган шайлоого саясатчылар студенттерди мажбурлап добуш бердиртүү аракетин көрүшү мүмкүн экендигин ырасташууда.

Талгат Тайгараев парламенттик шайлоого аттанган бир саясий партиянын үгүт баракчаларын көчөдө жабыштырып жүрөт. Кечээ түнү да ал достору менен шаардагы тал-теректерге байракчаларды илип чыккан. Талгат өзү Оштогу жогорку окуу жайларынын биринде 4-курста окуйт. Эми минтип өзү мүчө болгон партия парламентке келсе өлкө оңолот деп ишенүүдө:

- Кыргызстанда парламенттик шайлоого 29 партия аттанып жатат. Бирок мен тандаган партия жалаң мекенчил адамдардан куралган. Анын 80 пайызы жаштар. Ушуга чейин өздөрүнүн иши менен таанылган адамдар тизмеге кирген. Келечек үчүн өзүмдүн салымымды кошоюн деп, ишенип ушул партияга кошулдум. Мүчө болгонума аз эле болду, бирок катырып иштеп жатабыз. Ал ишибиз үчүн бизге эч кандай айлык деле берилбейт, партияга ишенип гана жүрөм. Окууну жылдырса деле мен менен бул партияга кошо кирип иштеп жаткан студенттер көп.

Түштүктөгү жогорку окуу жайларында окуу 18-октябрга жылдырылганы менен көпчүлүк студенттер жылдагыдай эле партиялардын иштерине аралашып жүргөнүн дагы бир саясий партиянын жаштар канатынын мүчөсү Азамат да тастыктоодо. Ошондой эле ал студенттер партияларга акча табуу максатында кирип жатканын кыйытты. “Ал эмес, мен өзүм деле окуума акча табуу үчүн партияга кирдим” дейт 3-курстун студенти Азамат:

- Окууну 18-октябрга жылдырганы менен азыр студенттердин көпчүлүгү шаарда жүрүшөт. Колоктоп бош жүрбөй партияларга иштеп жатышат. Мен да көптөгөн досторум менен партияга кирип чогуу иштеп жатабыз. Бир ай аралыгында, ушул 10-октябрга чейин акча табууга бизге шарт түзүлдү. Жакшы иштесек 10 миңге жакын таап коюшубуз ыктымал. Эми ал өзүңдүн жөндөмүңө жараша. Эгер эпчил болуп, тааныш таап, тизме толтуруп жакшы иштесең андан деле көп акча таап коюшуң мүмкүн. Атын атабайм, бирок азыр кээ бир партиялар 50 тизмени толтурсаң 2000-2500 сомдон берип жатат.

Көнгөн адат калабы?

Талгат менен Азаматка окшоп партияларга мүчө болуп кирип, үгүт иштерине чуркап жүргөн студенттер учурда Ошто миңдеп саналат. Бирок аларды партияларга мажбурлап киргизүү жок экендигин калаа бийлиги билдирүүдө. Вице-мэр Абдырахман Жолдошалиев “Ош шаарында жайгашкан окуу жайлардын студенттери өздөрү каалаган партияларга кирип жатат” деп белгиледи “Азаттыкка” курган маегинде:

- Менин билишимче азыр шаардагы ЖОЖдордун студенттери сессияларын тапшырып, мамлекеттик экзамендери менен алек болуп жүрүшөт. Биринчиден, азыр жаштар андай иштерге барбайт. Анткени студенттердин бардыгы акыл эстүү, өз укуктарын билет. Экинчиден, ар бир жаран жашаган жеринен катталып, шайлоого жана шайланууга укугу бар. Ошол жерлерден эле кадимкидей шайлоого катышат. Ар ким өзү каалаган партиясын тандайт.

Шаардык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Саадат Маматалиева 10-октябрда боло турган шайлоодо студенттерди кайра-кайра киргизип кайсы бир партияга добуш бердиртүүгө жол берилбестигин айтууда. “Бул боюнча аймактагы жогорку окуу жай жетекчилери да алдын ала эскертүүлөрдү алган” деди ал:

- Ош жана Жалал-Абаддагы ЖОЖдордо окуу 18-октябрда болот деген билим берүү министринин атайын буйругу бар. Ал студенттерди шайлоого аралаштырбоо максатында болгон эле. Бирок ага карабастан студенттердин баары эле партияга кирип, ар кандай иштерди аткарып жатышат. Эгер ушул кетиште эртең, шайлоо күнү студенттерди шайлоого мажбурлап киргизүүгө жол берилбейт. Эгер окуу жайлардын жетекчилери административдик ресурстарды колдоно турган болсо, биз, шаардык шайлоо комиссиясы, чара көрөт. Шайлоо күнү студенттерди котолотуп, мажбурлап, же кайра-кайра киргизип добуш бердиртсе, жоопкерчиликке тартылат деп ишендирип кетем.

Деген менен жергиликтүү серепчилер 10-октябрда болчу парламенттик шайлоодо студенттерди мажбурлап, кайра-кайра добуш бердиртүү болот деп билдиришүүдө. Ал эмес Оштогу айрым жогорку окуу жайларынын жетекчилери азыртан эле кайсы бир саясий партиялар менен соодалашып коюшканын айтышууда.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эле студенттер шайлоонун алдында жана анын учурунда чоң күч айланганы адатка айланган. Бийлик ар дайым студенттерди шайлоо жараянына тартып келген.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG