Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

К.Байболов: Күйүүчү май ташуудагы коррупциялык иш мыйзамдаштырылган


Башкы прокурор Кубатбек Байболов “Азаттыктын” кабарчысы менен маек куруп, анда "Манас" аба майданындагы Транзиттик борборго күйүүчү май ташыган Mina сorp компаниясына козголгон кылмыш иш тууралуу маалымат берди. Башкы прокурордун айтымында, күйүүчү май ташыган компаниялардын коррупциялык иштери мыйзамдаштырылып коюлганга байланыштуу тергөө иши аксап турат.

“Азаттык”: Мына Mina сorp компаниясы "Манас" аба майданында жайгашкан Американын Транзиттик борборуна күйүүчү май сатып келген. 7-апрелдеги окуялардан кийин бул компаниянын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылган. Бул иштер азыр кандай абалда турат?

Кубатбек Байболов: Кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө жүрүп жатат. Ошондуктан тергөөгө байланышкан кылдат жерлерин ачыктоого укугум жок. Бирок радио угуучулар маселеге өтө кызыгып келаткандыгына байланыштуу биз албетте бир белгилүү өлчөмдө маалыматты беришибиз керек.

Кыргызстандыктар бул маселени 2005-жылдан бери эле көтөрүп келатышат. Себеп дегенде эбегейсиз чоң өлчөмдө реактивдүү күйүүчү май ташуудан бюджетке акча түшпөй келатат да.

“Азаттык”: Ошонун суммасы барбы? Мисалы үчүн бир жылда канча сумма жөнүндө сөз болуп жатат?

Кубатбек Байболов: Мен бул жөнүндө айтып өтөм. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Акаев доорунда күйөө баласына тиешелүү “Аалам сервис” деген болгон. Ошол фирманын аркасында АКШнын авиабазасы пайда болгондон баштап, күйүүчү май негизинен Орусиядан, кийин башка өлкөлөрдөн алып келинип турган. 2007-жылдан баштап күйүүчү май ташууга америкалык эки компания жетекчилик кыла баштаган. Бирок 2006-жылдан баштап, 2010-жылдын апрелине чейин Жогорку Кеңеш чечим чыгарып, Бакиев кол коюп, бул күйүүчү майларды ташыгандарды салыктан бошоткон. Эгерде салыктан бошотулбай мурдагыдай акциз төлөп турганда бюджетке 3.5 млрд. түшмөк экен.

“Азаттык”: Жылынабы?

Кубатбек Байболов: Жок. Жалпы 2005-жылдан бери. Ошол 2005-жылга чейин акциздин
баасы тоннасы 2 миң сом болгон.

Бирок булар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, жыл сайын акцизден бошотуп келатышкан. Америкалык эки компания, аларды жандап жүргөн Кыргызстанда катталган беш компания келишимдин негизинде эч кандай төлөмсүз күйүүчү майды "Манастагы" базага сатып турушкан. Эми Бакиев, күйүүчү майларды бул жерге жеткирүүнү мыйзамдаштырып салганына байланыштуу, чынында эле мыйзамдаштырып салышкан, биз жоопко тарта албай жатабыз.

Эң негизгиси, кыргыз өкмөтү менен Американын ортосунда келишим түзүлгөн. Ал келишимдин негизинде биз эч кимисине тийише албай жатабыз. Мыйзамдаштырып салышкан. Кептин баары ошол мыйзамдын өзүнүн табияты туура эместигинде.

“Азаттык”: Мыйзам коррупциялашканбы?

Кубатбек Байболов: Ооба, мыйзам коррупциялашкан. Бакиев кол койгон мыйзам, Жогорку Кеңеш, “Ак жол” кабыл алган мыйзам кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келип атпайбы. Эмне себептен биз аларды акциз салыгынан бошотушубуз керек эле? Анысы аз келгенсип ошол келген күйүүчү майлар Кыргызстанга, базага гана эмес, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө да кетип турган.

“Азаттык”:
Реэкспорт..?

Кубатбек Байболов: Реэкспорт. Америка менен 2009-жылы кол коюшкан. Эки өкмөт жетишкен келишимде жалаң эле “Ред стар” менен “Мина корп” эмес, булар менен келишим түзгөн Кыргызстанын компаниялары да салыктан бошотулган.

“Азаттык”:
Кубатбек мырза, Бакиевдер муну жөн эле салыктан бошотуп койгонбу же кыйыр жолдор менен жеке алардын пайдасына түшө турган булактар болгонбу?

Кубатбек Байболов: Эми тергөөдө бул аныкталган жок. Бирок башка маалыматтарга караганда, эч жерде катталбаган мамилелери болгон. Ал чет өлкөдөлөрдө ишке ашырылып турган.

Бул эми пара маселесин далилдеш өтө кыйын. Булар ушунчалык кылдат түзүшкөн. Мыйзамдаштырып салышкан. Биз айыпты моюнга кое албай жаткандын бир себеби ошол мамлекет аралык келишим. Анан Жогорку Кеңеш кабыл алып, Бакиев президент катары кол коюп салган мыйзамдар бизге абдан тоскоолдуктарды жаратып жатат. Бирок бул жерде коррупциялашкан система болгону айдан ачык. Ошону мыйзамдаштырып салышкан да.

“Азаттык”:
Убактылуу өкмөттүн учурундагы каржы министри Темир Сариев реэкспорттун айынан Кыргызстан жылына 50-60 млн. доллар жоготуп жатканын бетин ачтык деп айткан. Министрдин билдирүүсүнүн негизинде иликтөөлөр жүрдүбү?

Кубатбек Байболов:
Биз ошол ишти тергеп жатпайбызбы. Жоготуулар даана 3.5 млрд. сом жоготуулар болгонун айттым го. Бирок ошону мыйзамдаштырып салышкан да. Канткен күндө да мыйзам да, маселен Жогорку Кеңеш кабыл алса, Бакиев кол койсо мыйзам да. Мыйзамдын өзү коррупциялашкан болуп атпайбы.

“Азаттык”:
Кубатбек мырза, азыркы мезгилде абал кандай? Мына “Мина корп” кайра эле Транзиттик борборго күйүүчү май ташуучу компаниялардын катарында турат. Азыр деле булар акцизден бошотулган бойдон турабы?

Кубатбек Байболов: Ошол бойдон турат. Биз өкмөткө кат жазып жибердик. Мамлекеттер аралык келишимди жокко чыгарыш керектигин айтып. Мындан кийин акциз болобу, башка салыктарды толук төлөп туруш керек да.

“Азаттык”: Анда абал өтө татаал экен. Анткени эки тараптуу келишимди бузуш үчүн АКШ да макул болуш керек да?

Кубатбек Байболов: Ооба. Ал келишимге 22-июнь 2009-жылы кол коюлган. Ал азыр күчүндө турат. Ал келишимди күчүнөн кетирүү Башкы прокуратуранын милдети эмес. Бул мамлекет аралык келишим болгондуктан биз ошол жерге келип такалып калдык.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, Бакиев түзгөн система ошол бойдон турат. Бизге Транзиттик борбордон күйүүчү май жагынан Кыргызстанга эч кандай каражат түшпөй турат.

Кубатбек Байболов: Ооба.

“Азаттык”: Мамлекетте бузууга эрк барбы?

Кубатбек Байболов: Бузулат. Сөзсүз түрдө бузулат.

“Азаттык”: Бирок кечээ жакында премьер-министр Алмазбек Атамбаев айтты биз мамлекеттин милдеттерин аткарышыбыз керек. Мындай келишимди бузууга болбойт деп.

Кубатбек Байболов: Менин оюмча бузуш керек. Себеп дегенде коррупциялашкан система экендиги айдан ачык болуп атпайбы.Эмне себептен биз Кыргызстанга деп келип жаткан күйүүчү май реэкспорт чыгып, чет мамлекетке жөнөтүлүп жатканда акцизден бошотуубуз керек?

“Азаттык”: Анын үстүнө Орусия дал ушул себептен мунай заттарына кошумча бажы төлөмдөрүн киргизди окшойт?

Кубатбек Байболов: Туура, кошумча төлөмдөрдү киргизди. Биз мурун экономикалык келишимдердин негизинде, КМШ жана ЕвразЕСтин келишимдеринин негизинде Орусиядан мунай заттарын акцизи жок алып жатканбыз. Анан алар жалпы көлөмдүн эсеби асмандап кеткенге байланыштуу кошумча төлөмдөрдү киргизди. Демек биз дагы төлөмдөрдү киргизишибиз керек. Менин билишимче, америкалык тарап бул келишимдерди кайрадан карап чыгып, жалпы мыйзамдарда көрсөтүлгөн, кыргыз өкмөтүнүн жана элинин кызыкчылыгын көздөгөн төлөмдөрдү төлөөгө даяр. Жөн гана мамлекет аралык, өкмөт аралык сүйлөшүүнү жандандырыш керек.

“Азаттык”:
Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG