Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

АКШ базасындагы коррупция: кимдики туура?


АКШнын Бишкектеги транзиттик борбору.
АКШнын Бишкектеги транзиттик борбору.

Кыргыз президенти АКШнын транзиттик борборун күйүүчү май менен Mina Corp. эмес, мамлекеттик ишкана камсыздоосу керектигин айтып чыкты.

Дал ушул компаниянын ишмердүүлүгүндө коррупция бар экендиги шектелип, кылмыш иши козголгон болчу.

Вашингтон кыргыз тараптын "кулак кагышын" угабы?

АКШ өкмөтү талаш-тартыштын чордонунда калган Mina Corporation менен кайрадан бир жылга 315 миллион долларлык келишим түзгөндөн кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таркатып, транзиттик борбордогу коррупциялык схемаларга байланыштуу кылмыш иштери тергелип бүткөнчө ырасмий Вашингтонду аталган компания менен кызматташтыкты токтото турууну өтүнгөн. АКШ өкмөтү буга азырынча жооп кайтара элек.

Эми аталган келишимге каршы экенин президент Роза Отунбаева өзү да айтып чыкты. Президенттин мындай билдирүүсү АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Лофтестин Кыргызстанга иш-сапары алдында жасалып, Вашингтонго дагы бир жолу кулак кагыш кылгандай болду:

- Биздин оюбузча, Кыргызстандын аймагында ушундай кандайдыр бир көмүскө бизнес жасалып атса, ал бизнестен кыргыз өкмөтүнүн казынасына тиешелүү салык түшпөй атса, биз демек андай бизнестин бул жерде болушуна терс көз караштабыз.

Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаровдун айтымында, АКШ базасына күйүүчү май ташуу боюнча коррупциялык схема мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда эле түптөлгөн болчу. Ошол кезде эле бул базаны күйүүчү май менен Mina Corp. жана Red Star Enterprise компаниялары камсыздачу.

Айдар кетсе Максим, Максим кетсе...

А. Бекназаровдун ырасташынча, оффшордук аймактарда катталган бул компаниялардын аркасында мурда Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев турган болсо, кийин бул ишти Максим Бакиев көзөмөлдөп келген. Мурдагы президенттердин эки уулу башында турган бул ишти Эркин Бекболотов баштаган адамдар уюштуруп турган. Эми ошол эле ишкананын Пентагон өткөргөн тендерди жеңип алганы өтө таасирлүү күчтөрдүн катыштыгынан кабар берет:

- Бул жерде “Минанын” атынан башка эле адамдарды катыштырып коюшкан. Ал адамдардын катышууга укуктары бар болгон. Бул биринчиден. Экинчиден, аталган компаниянын пайдасына лобби жасаган адамдар бар. Бул жерде АКШнын мамлекеттик департаментиндеги айрым өкүлдөр бар. Ошондуктан биз жакында тергөө иштерин жыйынтыктасак, Америка бул тендердин жыйынтыгын жокко чыгарат деп ойлойм.

Ошентип, вице-премьер А.Бекназаров бул жердеги коррупциялык схемаларга АКШнын мамлекеттик департаментиндеги төбөлдөрдүн да катыштыгы бар экенин кыйытууда. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Роберт Лофтес келгенде да бул маселе көтөрүлөрү бышык. Ал эми азырынча Башкы прокуратура бул боюнча кылмыш иштерин дале тергеп бүтө электигин билдирүүдө. Башкы прокурор болсо тергөөнүн купуялыгына байланыштуу кандайдыр бир маалыматтарды бербесин айтууда.

Кыргыз тарап ушул тапта АКШ базасындагы коррупциялык иштердин натыйжасында өлкө миллиондогон чыгымдарды тартып, буга чейинки авторитардык бийликтер бекемделип турганын айтып келатышат. Маселен, буга чейин транзиттик борборго ташылган күйүүчү майдан бажы төлөмдөрү жана негизги салыктын түрлөрү алынган эмес. Мындай чечимди мурдагы президенттин чөнтөк парламенти өзү кабыл алып, мыйзамдуу түрдө жол берип койгон. Серепчилердин эсебинде, мунун натыйжасында жыл сайын 20 миллион доллардан кем эмес каражат бүджетти кайгып өтүп турган.

АКШ бийлиги буга чейин транзиттик борбордогу коррупция чуусуна байланыштуу ишти иликтеп, эч кандай коррупцияны таппаганын билдирген. Андан соң Пентагон өткөргөн тендердин жыйынтыгы боюнча мурдагы эле компанияга күйүүчү май ташуу укугу берилип калды. Кыргыз тарап буга каршы чыгып, Mina Corp. коррупциялык иштерди уюштурганын айтууда. Ошентсе да Кыргызстандын Башкы прокуратурасы бул ишти качан жыйынтыктай турганы али белгисиз. Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул ишти тергөөдө 2005-жылы эле мурдагы президент Аскар Акаевдин мал-мүлкүн табуу максатында жалданган айтылуу эл аралык адвокат Либермандын колундагы материалдар да колдонулмакчы.

XS
SM
MD
LG