Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:00

Кара-Кечедеги атышуу криминалдын чатагыбы?


Кара-Кече көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени

Жумгал райондук милициясы Кара-Кече көмүр кениндеги окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, беш кишини убактылуу камады.

Маалыматтарга караганда, Жумгал районунун аймагындагы көмүр кенин иштетүүчү "Беш-Сары" ишканасына көмүр алганы келишкен отуз-кырк чамалуу кишинин ортосунда чатак чыгып, атышууга чейин жеткен жана анда эки киши жабыркаган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын болжолдуу маалыматына караганда, чыр көмүр сатып алууга келген адамдардын кезек талашуусунан чыккан.

Башкармалыктын басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын айтымында, азыр козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө жүрүп жатат:

- 2013-жылдын 20-ноябрь күнү кечки саат 4кө чамалаганда Кара-Кечедеги “Беш-Сары” көмүр кенинде атышуу болуп жатат деген маалымат түшкөн. Биздин ыкчам топ барып, качып бараткан кызыл түстөгү унааны кармаган. Унаанын ичиндеги Балыкчы шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган Р.К., Бишкек шаарынын тургуну, 1994-жылы туулган М.Т., Ош облусунун тургуну, 1987-жылы туулган Н.С. жана унаанын айдоочусу, Чаек айылынын тургуну Н.К. аттуу жарандар кармалып, Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кара-Кече кенинде кезек күткөндөр
Кара-Кече кенинде кезек күткөндөр
Милиция тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп, Кара-Кече чатагында жабыркап, Жумгал райондук ооруканага түшкөн эки кишинин аты-жөнүн жашырууда. Маалыматка таянсак, алардын бири бычак, экинчиси ок жеген. Ок тийген адамга кечээ кечинде операция жасалган. Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Салтанат Султанова эки бейтаптын тең абалы канааттандыраарлык деди:

- Экөөнүн тең абалы кечээкидей эле орто. Экөө тең эле кечинде басып келген, бүт суроолорго жооп берген. Бирөөнө түндө операция жасалды. Ок тийгенде чачырап кеткен окшойт, денесинен, башынан, буттарынан баарын тазалап алышты. Азыр туугандары келип Бишкекке алып кетебиз деп жатышат.

Милиция чырды кезек күтүүгө байланыштырганы менен, коомчулукта түрдүү жоромолдор айтылууда. Ал эми Кара-Кечеден көмүр ташып иштеген айдоочулардын көбү “бүгүн айтсак, эртең Кара-Кечеге кирбей калабыз” дешип, микрофонго сүйлөгөндөн баш тартышты. Көмүр кениндеги абалды ысымын купуя калтырууну каалаган жеке ишкер минтип айтып берди:

- Ал жакта башынан эле ызы-чуу. Кылмыштуу топтун көзөмөлүсүз кенге машинелер кирбейт. Кирген күндө деле бир-эки жумалап күтүп жатасың. Бюджеттик мекемелер үчүн сапатсыз көмүр жүктөшөт. "Каралардан" башка Салык кызматы, УКМК тынбай барып турат. Айтор, өзүнчө эле мамлекет, баары башаламан.

Ишкердин ишендиргенине караганда, аталган көмүр кенинде ар кандай шектүү топтордун эле эмес, облустук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин да кызыкчылыктары бар. Бул боюнча “Кара-Кече” филиалынын жетекчиси Белек Саманчиевге кайрылганыбызда, кечээ болгон окуяны айдоочулар арасындагы пикир келишпестик катары эле сыпаттады. Бирок кен тууралуу айтылган башка кептер суу кечпейт деди:

- Эми чатак эмнеден чыкканын так айта албайм. Бирок кенди ар кандай кылмыштуу топтор көзөмөлдөйт деген калп. Айдоочулар өз ара эле бири-бири менен уруша кеткен болсо керек.

Дагы бир атын жашырган айдоочу болуп өткөн окуя кылмыш топторунун жаңжалы болушу мүмкүн деп божомолдойт.

- Айдоочулар кезек талашса, кол менен эле мушташат да. Аларда каяктагы мылтык? Бул криминалдык топтордун эле чыры.

Азыр милиция атышуунун себептерин, ага кимдер катышканын териштирип жатат. Буга чейин да Кара-Кечеде мушташ чыкканы айтылган. Кыш босогого келип, көмүргө суроо-талап күчөгөнү Кара-Кече көмүр кенине көз арткандар тууралуу каңшаар кептер күчөй баштайт. Негизинен Кара-Кечеде 10дон ашык менчик ишкана иштейт.

Өлкөдөгү ири көмүр казуучу Кара-Кече кенинде 400 миллион тоннадан ашык кара алтын уюп жатат. Кен Кыргызстандын түндүк аймактарын жана Бишкек шаарын отун менен камсыз кылат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG