Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Баткенде көмүрдүн баасы эки эсе өсүп кетти


Сүлүктүдөгү көмүр кендеринин биринде.
Сүлүктүдөгү көмүр кендеринин биринде.

Баткен облусунда ушу күндөрү көмүрдүн бир тоннасы 14 миң сомго чыкты.

Бул Кыргызстандагы көмүргө болгон эң кымбат баа. Былтыр ушу маалда аймакта бул баа эки эсе арзан – 7 миң сом болчу. Баанын кескин кымбатташына облуста өндүрүлгөн кара алтындын кошуна Тажикстанга сатылып жатышы себеп болду.

Облус аймагында эзелтен бери иштеп келген Сүлүктү, Кызыл-Кыя сыяктуу ири көмүр кендери бар. Мындан сырткары Баткендин Самаркандек айылында да бир канча майда көмүр кендери иштеп жатат. Жалпысынан бул кендерден жылына 200 миң тоннадай көмүр өндүрүлөт. А аймак калкынын жылдык керектөөсү 60 миң тоннадай. Бирок өндүрүлгөн көмүрдүн көпчүлүгү Тажикстанга сатылат.

Ошентип азыр аймакта көмүрдүн килограмы 14 сомго чыкты. Бул баа кычыраган кышта дагы өсүп кетиши мүмкүндүгү божомолдонууда. Карапайым тургундар кыш чилдеге азыркыдай баада тонналап көмүр камдап алууга чамалары чак экенин айтууда.

Баткендин бир тургуну Максатбек Баймурзаев айрыкча кыш оор келген тоолуу айылдарда отун камдоо негизги маселеге айланганын айтат:

- Биз тонналап көмүр камдап алууга каражатыбыз жок. 14 миң сомго бир тонна алсаң, аны менен кыштын ортосуна да жетпейсиң. Сүлүктүнүн да, Самаркандектин да көмүрүн Тажикстанга алып кетип жатышат. Шахта ээлерине Тажикстанга сатуу ыңгайлуу экен да. Аларга тонналап сатышат экен. Биз болсо каптап алабыз. Ошон үчүн сыртка сатууну чектеп, алгач өзүбүздү камсыздап алсак...

Максатбек айткандай, электр энергиясы тартыш Тажикстанга көмүр экспорттоону чектөө маселеси көп эле жолу көтөрүлүүдө. Бирок облустук бийлик өкмөткө бул маселе боюнча сунуштарын берген эмес. Жок эле дегенде бир айга көмүр экспортун тыюуга атайын Баткен облусу үчүн токтом чыгарууга болот эле дегендер көп.

Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Адыбек Набиев кошуна өлкөгө кетип жаткан көмүргө чектөө киргизүү жергиликтүү бийликтин колунан келбестигин, мыйзамдарга каршы келбегендей кылып, маселени өкмөттүк деңгээлде кароо зарылдыгын айтат:

- Учурда Сүлүктү көмүрү келишим менен Тажикстанга сатылып жатат. Баары аларга кетип жаткан жок, өзүбүздө да сатылууда. Баткен шаарында көмүр базасы ачылып, Самаркандек, Гарм көмүрү сатылып жатат. Ал эми чектөө киргизүүгө биздин ыйгарым укугубуз жок. Аны мыйзамдарга каршы келбегендей кылып, өкмөттүк деңгээлде чечиш керек.

Cүлүктүнүн өзүндө көмүрдүн тоннасы 3,5 миң сомдон 6,5 миң сомго чейин сатылууда. Бирок көмүр кенден чыгып, аймактарга жеткенче эле баасы болуп көрбөгөндөй жогорулап кетүүдө.

Сүлүктүдөгү «Ак-Булак» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы инженери Закир Ибрагимов шахтерлердун маянасы аз - 9 миң сомдун тегерегинде экенин айтып, тажикстандык кардарларга сатылбаса мээнет акталбай калат деген ойдо. Анын пикиринде, облус аймагында баа кескин кымбаттап кетишине алып сатарлар күнөөлүү:

- Тажиктерге рахмат айтышыбыз керек, ошол биздин өндүргөн көмүрдү калтырбай алып кетип жатканына. Биз шахтерлдер да оор шартта иштеп жатабыз. Эски ыкма менен казабыз көмүрдү. Жаңы техникалар керек...

Аймактык монополияга каршы башкармалыктын жетекчиси Арзыбек Дыйканов базар баасын көзөмөлдөөгө мыйзам жол бербестигин айтат:

- Биз экинчи, үчүнчү базарда бааны көзөмөлдөй албайбыз. Базарда андай сат, мындай сат дегенге бизге мыйзамдык уруксат жок. Биз шахтадагы бааны гана көзөмөлдөйбүз

Жыл сайын күз айларында облустук денгээлде кышка камылга көрүү боюнча жыйындар өтүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыш ызгаарынын астынан жер-жерлерде орто баада отун сатуучу кампаларды ачуу тапшырмаларын берет. Бирок андай кампалар ачылып-ачылбаганы да байкалбайт. Эл көмүрдү мурдагыдай эле алып сатарлардын колунан алып, эптеп кыштан чыгат...

Учурда ордо калаа - Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 3800 сомдон сатылууда. Казакстандан алып келинген көмүрдүн баасы мындан бир аз арзаныраак.

XS
SM
MD
LG