Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Июнь окуясынын “үйлөрдөгү жаңырыгы”


Ош шаарындагы жаңы курулган үйлөр. 28-июль, 2012-жыл.
Ош шаарындагы жаңы курулган үйлөр. 28-июль, 2012-жыл.

Июнь окуясында жабыркагандарга салынган үйлөр окуяга тиешеси болбогон эле бейтааныш адамдарга берилип жатканы Жогорку Кеңештеги фракция жыйынында айтылды.

КСДП 12-апрелде Ош шаардык кеңешиндеги партиялаш депутаттары менен биргеликте Жогорку Кеңеште фракция жыйынын өткөрдү. Фракция башчысы Чыныбай Турсунбековдун жыйында айтканына караганда, 2010-жылы кандуу окуяда жабыркагандарга арналып салынган үйлөр ага тиешеси жок, бейтааныш адамдарга бөлүнүп жатканы боюнча арыздар келүүдө.

- “Ош шейиттери” жана окуяда курман болгондордун жакындары тарабынан түзүлгөн эки коомдук уюмдан арыздар түшкөн. Мен ошол каттардын негизинде сөз сүйлөп, биздин партиянын Ош шаардык кеңешиндеги депутаттарына муну териштирип, чын-төгүнүн билип бергиле дедим.


“Чоочун” жабырлануучулар

ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Ош аймактык башкармалыгы да буга чейин үйлөрдүн туура эмес бөлүнгөнү боюнча фактыларды аныктаган. “Ош шейиттери” коомдук уюмунун төрайымы Тургунайым Айтиева да мындай фактылар бар экенин айтат.

- Июнь окуясына катышпаган майып адамга берип, андан акча алышкан. Июнь окуясына катышы жок адамдарга берилген да фактылар бар.

Ошто жаңы салынган үйлөрдүн бири
Ошто жаңы салынган үйлөрдүн бири
Июнь коогасындагы жабыркагандарга салынган үйлөрдү өкмөттүн социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри башында турган мамлекеттик комиссия бөлүштүрөт. Бирок документтерди кабыл алуу ишин Ош шаардык мэриясы жүргүзөт. Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алымбай Кадыров үйлөрдүн окуяга катышы жок адамдарга тийип калганында мэриянын күнөөсү жок дейт.

- Биз келип түшкөн документтердин гана негизинде иш алып барабыз. Бизге майып, же оор жаракат алган деп келсе, ошого жараша иштейбиз. Ошондуктан туура эмес иштер бизге чейин болууда.

Ошондой эле Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишинин жыйынтыгы, "парламент жыйынында каралсын" деген чечим кабыл алды. Аталган фракция мүчөсү Назарали Ариповдун айтымында, миллиарддаган акча каражаттары бөлүнгөн бул дирекция эч кандай эсеп-кысап бербей туруп эле жоюлуп кеткени түшүнүксүз.

- Жабырлануучуларга берилген акчаларды сарамжалдуу колдонгон-колдонбогонун эл билиши керек. Эмне үчүн сапатсыз үйлөр пайда болду? Эмне үчүн эки жыл өтпөй дубалдар сыйрылып түшүп, сантехникалык жабдыктар иштен чыгууда? Анткени буга мамлекеттен өтө көп акча бөлүнгөн, элдин акчасы берилген. Эч кандай отчету жок.

Дирекция эсеп-кысап берүүгө даяр

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы 2010-жылы июнь коогасынан соң түзүлүп, аны 2011-жылдын акырына чейин азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген. Андан соң жоюлганга чейин дирекцияны Жусупжан Жээнбеков башкарып турду. 2010-жылы окуядан жабыркагандарга жардам берүү, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аркалаган бул дирекция быйыл 16-январда жоюлган болчу.

Ошто жаңы салынган үйлөрдүн бири
Ошто жаңы салынган үйлөрдүн бири
Мамлекеттик дирекцияга алгач түзүлгөндө 2009-жылкы макулдашуу боюнча жеңилдетилген шартта Орусиядан алынган 100 миллион доллар бөлүнгөн. Мындан сырткары эки жыл аралыгында мамлекеттик дирекциянын адистештирилген фондуна бир катар мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан миллиондогон доллар каржылык жана материалдык жардам келгени айтылган.

Жусупжан Жээнбековдун “Азаттыкка” айтышынча, дирекция өзү жасаган иштер тууралуу Жогорку Кеңешке отчет берүүгө даяр.

- Бүгүнкү талапка жооп бере турган эле үйлөр курулду. Депутаттарга канча жолу келип, өзүңөр көргүлө деп айттым. 20-декабрдан бери Эсеп палатасы келип, текшерип жатат. Комиссия келип көрүп кетти. Ошондой эле текшерип бергиле деп, көз карандысыз өкмөттүк эмес уюмду да чакырганбыз. Келаткан дүйшөмбү күнү анын да отчетун угабыз.

2012-жылдын октябрь айына карата жеке турак үйлөрдү кошпогондо 92 объект калыбына келтирилген. Эки жылда 34 көп кабаттуу үйдүн курулушу башталып, анын жыйырма беши тапшырылган. Бүткөрүлүп, тапшырылган батирлердин жалпы саны 1092ни түзөт.

Айта кетсек, 2010-жылы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяда эки жарым миңден ашык адам жараат алып, төрт жүздөн ашык киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG