Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Ынтымак бир короодон башталат


Ошто жабыр тарткандарга салынган үйлөргө кыргыз-өзбек аралаш киргизип жатышат. Бул ыкма эки элдин достугуна данакер болобу?

Ошол эле кезде ынтымак жасалма жол менен эмес, адамдардын көз карашына жана ички дүйнөсүнө жараша болот деген ойлор да бар.

Коогалаңда жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдү берүүдө улуттук тең салмактуулукка басым жасоо Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы түзүлгөндө эле максат кылынган.

Дирекция батирлерди жергиликтүү бийликтерге өткөрүп бергени отурукташтыруу иштери так ушул өңүттөн жазган жок.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыктын жетекчиси Алымбай Кадыров батирлерге аралаш отурукташтыруу ынтымакка данакер болоорун айтат:

- 2010-жылдагы тополоңдо деле көрдүк, бир айылда, бир көчөдө, бир микрорайондо же үйдө кыргыз-өзбек чогуу жашаса, ошол жерлер аман калды, эки тарап тең жабыр тарткан эмес. Кыргыз өзбектин үйүн сактап, өзбек кыргыздын турак жайын өрттөтпөй алып калды. Кичинесинен бирге жүрсө, бир мектепте окуса, чогуу ойносо, балдар урушканын токтотушат, тойдо, өлүм-житимде бир болсо, чоңдор деле чатакташпай, ынтымак болот. Мунун баарын турмуш өзү көрсөтүп жатат. Ошол себептүү элди аралаш жашатуу бул достукта, ынтымакта жашоонун бирден-бир жолу деп билем.

“Бирок үйлөргө аралаш киргизүү бир аз көбүрөөк убакытты алып коюп жатат” деп кошумчалайт Кадыров:

- Биз үйлөрдү бергенде ар бир подъездде кыргыз менен өзбекти бет маңдай кылып жайгаштырып жатабыз. Анан кээ бир көп кабаттуу үйлөрдү берип жатканда эки тарап тең болбой калса таратпай күтүп калуудабыз. Ошого да кээде жабыр тарткандар үйлөрдүн таратылышы кечеңдеп жатат деп нааразы болууда. Азыр бирин-экин гана айырмачылык болбосо, дээрлик бардык үйлөрдө эки улуттун өкүлдөрү теңме-тең жайгаштырылды.

Роза Касымова
Роза Касымова
Жаңы үйлөргө жайгашкандар да кыргыз-өзбек ынтымакта жашап жатышканын жашырышпайт. Шаардын Анар кичирайонуна түшкөн 64 батирлүү үйдүн жашоочусу Роза Касымова алар анча-мынча жамандык-жакшылыктарда бириге башташканын белгилейт:

- Кыргыз-өзбек аралаш жашаганы жакшы экен. Достугубуз, ынтымагыбыз күндөн күнгө артып баратат. Үйүндө бир нерсе болуп калса, коңшулар чогулуп барабыз, ооз ачаарлык болсо чакырабыз. Жардам керек болсо, жардам берип атабыз. Мына азыр эле бир өзбек кыз эшиги кулптанып, үйдүн сыртында калып кеткен экен, ага кыргыз балдар жардам беришип, ачып беришти.

Ушул эле кичирайондогу 40 батирлүү жаңы түшкөн турак жай да эки улут өкүлдөрүнө теңме-тең берилген. Көп кабаттуу үйдүн тургуну Максатбек Алиев буларга токтолду:

- Бизде азыр 20 кыргыз, 20 өзбек барбыз. Бир эле биздин үй эмес, башка бардык үйлөрдө эле батирлерге чейин аралаш болуп жашап атабыз. Бул бийликтин кылган иши колдоого алаарлык. Чогуу бир жерде аралаш жашасак, чыр-чатак деген аз болот, улуттар аралык уруш да болбойт.

Максатбек Алиев
Максатбек Алиев
Ошол эле кезде ынтымак ар бир жашоочунун өзүнөн көз каранды экендигин кошумчалайт Алиев:

- Эми достукту чыңдаш керек деп бийликтер келип, бизди кучакташтырып кетүү керек эмес да. Минтип жайгаштырган менен деле урушуп кетем деген киши уруша берет. Эгер урушту кааласаң урушасың, эгер тынчтыкты кааласаң тынч жашайсың. Муну бир чети жасалма жайгаштыруу деген менен, мындан башка айла жок деп айтууга да болот. Эгерде адамдардын өзүнүн каалоосу, көз караш, ой пикири болсо - ал башка кеп. Алгач кыргыз да, өзбек да биримдикте жашоого үйрөнүшү керек.

Урут аралык ынтымакты сактоо үчүн калкты аралаш жайгаштыруу маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. Анын ичинде шаардагы жер үйлөрдүн ордуна көп кабаттуу турак жайларды көбөйтүп, аны эки улутка тең бөлүп берүү демилгеси айтылган болчу.

Маалым болгондой, Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы өткөрүп берген Ош шаарындагы 408 батирлүү көп кабаттуу 8 үй коогалаңдан жабыр тартты делгендерге, дагы 165 батирлүү көп кабаттуу 3 үй күч органдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге бөлүштүрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG