Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Сузактагы окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү


Сузак. Сүрөт Интернеттен алынды. 2-май, 2024
Сузак. Сүрөт Интернеттен алынды. 2-май, 2024

Сузакта мектеп окуучулары кабылган кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү. Расмий маалыматка ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштеп жаткан комиссиянын курамына министрликтердин, президенттик администрациянын өкүлдөрү кирди.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, баштапкы маалыматтарда 30 бала жабыр тартканы айтылган.

Жума күнкү расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда. Дарыгерлер алардын абалын оор деп баалашууда. Автоунаанын ээси кармалып, милиция кылмыш ишин козгогон.

3-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Президенттик фонддон реанимациядагы балдардын үй-бүлөсүнө 200 миң сомдон, башка жабыркагандарга 50 миң сомдон берилгенин айткан. Ошондой эле эмне үчүн коопсуздукка көңүл бурулбаганын күч органдары иликтеп жатканын билдирген.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Сузак райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси убактылуу кызматтан четтетилгенин маалымдаган. Ошондой эле окуучулар арасында республикалык деңгээлде өтүп жаткан "Манас айтуу" фестивалы Сузактагы кырсыктан кийин токтотулганын айткан.

"Манас" эпосун даңазалоо максатында окуучулар арасында бир нече күндөн бери жапырт "Манас айтуу" фестивалы уюштурулуп жаткан. Бул үчүн президенттин жарлыгы да чыккан. Кендирбаеванын айтымында, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө үч миллион сом байге да каралган. Иш-чара дээрлик бардык район-шаарларда уюштурулуп, аягына чыгып калган эле. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG