Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:52

Фолкс: Максим Бакиевдин учурдагы макамы айтылбайт


Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Британиянын юстиция боюнча мамлекеттик министри, лорд Эдвард Фолкс 25 жылга сыртынан соттолгон, экс- президенттин уулу Максим Бакиевдин иши боюнча суроолорго жооп берди.

"Азаттык": Максим Бакиевдин учурдагы макамы кандай? Ал саясий баш калкалоо алдыбы, алган жокпу?

Эдвард Фолкс: Биринчиден, Улуу Британияда кандайдыр бир адамдын макамы тууралуу комментарий берүүдөн алыс болушубуз керек. Бирок ушул сапарымда мен жолуккан бардык тараптар, ар бир адам, Максим Бакиевге же анын ишине байланыштуу суроолорду беришти. Кыргызстандыктардын ушул маселе боюнча эмнеге тынчсызданып жатканы жөнүндө толук кабардармын. Мен айрым атуулдардын же айрым адамдардын макамы тууралуу комментарий берүүдөн алыс болгонума карабастан, жалпысынан биздин өкмөттүн түрдүү кайрылууларга жана суроо-талаптарга болгон реакциясынын кандай болушу жөнүндө айтып бере алам. Биринчиден, британ тарап бизге кайрылып жаткан тараптын мыйзамдык системасын, акыйкаттык системасын баалап чыгат. Андан сырткары адам укуктарын коргоого болгон мүмкүнчүлүктөрүнө, сот бийлигинин көз карандысыздыгына, адамдардын акыйкаттуулукка, адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүнө баа берет. Бир адамдын расасына, улутуна, динине, жыныстык багытына жана саясий көз караштарына карабастан, алардын укуктарынын сакталышына, өлкөдө чыныгы адилеттүүлүктүү орнотуу үчүн коррупциянын тийгизген таасири бар же жок экендигине да көңүл бурат. Эгер ушул көрсөткүчтөрдүн кайсы бири боюнча Британия тарапта тынчсыздануу пайда болсо, анда мындай мамлекет менен кызматташа албайбыз.

"Азаттык": Кыргызстан Максим Бакиевди өткөрүп алууга тиешелүү далилдерди, документтерди берип бүттүбү? Бүтсө өткөрүп берүү процесси качан болот жана кандай жол менен ишке ашат?

Эдвард Фолкс: Албетте, Максим Бакиевдин маселеси бул кыргыз-британ мамилелериндеги негизги көңүлдү өзүнө бурган маселе. Ошол эле маалда биз башка нерселер жөнүндө да унутпашыбыз керек. Биз азыр Кыргызстан менен мыйзамдын үстөмдүгү боюнча, анын жетилиши жана камсыз болушу тууралуу көптөгөн жумуштарды аткарып жатабыз. Анткени мыйзамдын үстөмдүгү жана сот чечимдеринин алдын ала белгисиздиги адам укуктарынын жана экономикалык эркиндиктердин камсыз болушуна зарыл болгон абдан баалуу нерсе. Ошондуктан бул маселелер, албетте эл аралык инвестициялардын мамлекетке киришине шарт түзөт. Мисалы, кайсы мамлекетке канча инвестиция жасоо жөнүндө маселе көтөрүлгөндө биздин ишкерлер негизинен мыйзамдын үстөмдүгү жана адам укуктарынын корголушу боюнча көрсөткүчтөргө көңүл бурушат.

"Азаттык": Максим Бакиевдин иши боюнча эки өлкөнүн кайсы мамлекеттик органдары кандай деңгээлде кызматташууда?

Эдвард Фолкс: Мен кандайдыр айрым мекемелердин ортосундагы байланыштар тууралуу комментарий бере албайм. Ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосунда, түрдүү мекемелердин ортосунда кеңири кызматташтык жүрүп жатканын белгилей кетсем болот. Ал кызматташтык кеңейип жана тереңдеп жатат. Ушул бойдон мындан ары дагы өнүгөт деген ишенимдемин.

"Азаттык": Кыргыз өкмөтү жалдаган америкалык адвокаттар Максим Бакиевдин АКШдагы банк эсептеринин баары камакка алынганын, кылмыш иш ачуу максатында атайын иштер жүрүп жатканын айтышат. Эгер АКШда кайрадан кылмыш иши козголсо, Бакиевди америкалыктарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрү жогорубу?

Эдвард Фолкс: Мен сиздерге америкалык юристтер Максим Бакиев жөнүндө эмне деп айткандыгы же айтпагандыгы тууралуу кандайдыр бир пикиримди айтуудан алысмын. Ошол эле учурда биздин АКШ менен болгон байланышыбыз ар түрдүү экенин айта алам. Алар абдан кенен жана эки тараптын тең кызыкчылыгына жооп берет. Биз бул кызматташууну улантууга кызыкдарбыз.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG