Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Нью-Йоркто Гуревич 5 жылга кесилди


Евгений Гуревич "Азаттыкка" маек курууда, Бишкек, 14.10.2009
Евгений Гуревич "Азаттыкка" маек курууда, Бишкек, 14.10.2009

Нью-Йорктун соту Максим Бакиевдин каржы кеңешчиси Евгений Гуревичти 6 миллион долларлык көз боёмочулук кылган деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты.

2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин досу жана финансылык өнөктөшү Евгений Гуревичке 2012-жылы Facebook (FB) компаниясынын баалуу кагаздарын сатып алууда көз боёмочулук кылган деген кине тагылып, 16-июнда Нью-Йорктун Бруклин соту аны 63 айга эркинен ажыратты.

Bloomberg басылмасына чыккан макалада Гуревичтин адвокаты Марк Агнифило Гуревич Фейсбук компаниясына инвестиция жасайм деп Максим Бакиевдин акчасын алдап алган, ошол эле маалда Бакиевдердин коррупциялык схемасын ачууда ал Американын тиешелүү органдары менен кызматташып турган деп айткан сөздөрү келтирилген.

"Бул аны менен менен кызматташкан адамдын [Бакиевдин] бетин ачууда эң маанилүү иш" деп судья Росско кайрылган адвокат "анын [Гуревичтин] айткандарынын 90% пайдасы тийди" деген баасын айтты.

2012-жылдын октябрь айында Лондондо АКШнын өтүнүчү боюнча Максим Бакиев кармалган, бирок Вашингтон бул кылмыш ишти өткөн жылдын май айында тешелүү далилдердин жетишсиздигинен улам деген негизде жаап салган.

​Сот маалында адвокат 2010-жылы Кыргызстанда Бакиевдер качып кеткенден кийин Гуревичтин өмүрү кылдын учунда турганын, андан аман калганы менен коркуу сезими азыр дагы бардыгын жүйөө кылды. Ошондой эле Бакиевдердин коррупциялык схемасын ачууда Гуревич америкалык атайын органдар менен кызматташкандыгын дагы эске алып, аны 5 жылга шарттуу кесүүнү соттон өтүндү. Судья Алин Росс "жеке адамды да, америкалык тергөөчүлөрдү да бирдей чакмак алган" Гуревич оор кылмышка баргандыгын белгилеп, адвокаттын өтүнүчүн четке какты.

Прокурорлордун 6-июндагы катында Гуревич 2011-жылы америкалык биржалардагы жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жол менен алып турганын мойнуна алганын билдиришкен. Адвокат Агнифило "инсайдердик маалымат" боюнча айып кыскарышы керек десе дагы Максим Бакиевдин активдерин башкарган Гуревич чындыгында "баалуу жана түз" инсайдерлик маалыматты алып турганын тастыктайт.

16-июнда соттун өкүмү чыккандан кийин Евгений Гуревич интернеттеги баракчасына кыскача кат жазды:

"Нью-Йорктун аймактык сотунун бүгүнкү өкүмүнө абдан өкүнүп турсам дагы, улуу урматтуу сот Росстун чечимин сыйлайм. Азыр менде алдыдагы жазаны өтөп, андан ары өз жашоомду улантсам деген ой гана турат. Бүгүнкү сотто өткөн төрт жыл бою мурда кетирген каталарымды мойнума алып, чеккен азаптарымды айттым. Бирок урматтуу сот мага катаал жаза чегерүүнү туура көрдү. Мен жубайым Аллага, атам Дэвидге, энем Иннага жана досторума оор күндөрдө мага берген мээрими жана көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазымын. Ошондой эле адвокатым Марк Агнифило мырзанын өз ишине берилгени жана өз кардарына көрсөткөн терең адамкерчилиги үчүн анын алдында карызмын"

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Гуревичке финансылык көз боёмочулук, анын ичинде орусиялык 300 миллион доллар кредитти мыйзамсыз пайдаланган деген айыптарды таккан. 2011-жылы Кыргызстандын соту аны 15 жылга сыртынан кескен.

2012-жылы Италияда Гуревич 2,7 миллиард долларга чукул акчаны адалдаштырган, баалуу металлдарды мыйзамсыз сатууга аралашкан деген кине менен кармалган.

Евгений Гуревич 2008-жылы MGN Group деген компания түзүп, 2009-жылдан тарта Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү корунун активдерин башкарган. Ошол эле маалда "Манас" эл аралык аэропортунун, "Электр станциялар" ишканасынын Директорлор кеңешине мүчө болгон.

Америкалык журналист Филип Шишкиндин “Тынчы жок өзөн: Борбор Азиянын жүрөгүндөгү революция, адам өлтүрүү жана интригалар” деген китебинде 2010-жылдагы революциядан кийин Гуревич Кыргызстандан кача албай убара болгону, эки чечен согушкер 20 миң доллар алып, Алматыга жеткиришкенин жазат. Чечендер Гуревичтен өмүрү үчүн 20 миллион доллар сурашканы, андай акчасы жоктугунан Азия Универсал Банктагы 600 миң долларын карматканы, андан соң Максим Бакиевдин жардамы менен Минскиге качып барганы сүрөттөлөт.

Ал эми ошол кездеги убактылуу өкмөт мүчөлөрү болсо Гуревич Алматыда кармалганын, аны Казакстандан өткөрүп алуу боюнча атайын иштер жасалып жатканын айтып жиберишкен.

37 жаштагы Евгений Гуревич АКШнын жараны, бала чагында Орусиядан ата-энеси менен көчүп барып, мектепти Кошмо Штаттарда бүтүргөн. Бёрклидеги Калифорния университетинин магистратурасын аяктаган.

"Азаттыктын" архивинен: 16-октябрь, 2009-жыл
Е.Гуревич: Дүйнөлүк каржы базарына жол ачабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00


  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG