Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Сөз эркиндиги менен коошпогон коопсуздук


3-октябрда Ак үйдүн дарбазасын ашып өткөн митингчилерди кубалоо учурунда КТРКнын, НБТнын кызматкерлери жана башка кабарчылар да жапа чеккени айтылууда.
3-октябрда Ак үйдүн дарбазасын ашып өткөн митингчилерди кубалоо учурунда КТРКнын, НБТнын кызматкерлери жана башка кабарчылар да жапа чеккени айтылууда.

Кыргызстанда быйыл массалык митингдер же иш-чаралар учурунда он журналист кол салууларга кабылган.

Бул тууралуу журналисттердин коопсуздугуна арналып, жума күнү Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айтылды. Журналисттер тартип коргоо кызматкерлери алардын коопсуздугун камсыздай албай жатканын айтса, укук коргоо органдары ар бир кайрылуу жана фактыга чара көрүлөт деп ишендирди.

Милийса журналистти коргобойбу?

Медиа-эксперт Элима Жапарованын айтымында, нааразылык акциялары же митингдер учурунда кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн журналисттердин коопсуздугу сакталбай жатат. Ал нааразычылык акциялары кезинде маалымат таратуу үчүн журналисттердин коопсуздугуна кепилдик зарыл дейт:

- Журналисттерди сабап жатышат, журналисттердин камераларын сындырып, диктофондорун алып коюшат. Биз тарип коргоо органдарынан журналисттерди түз маалымат таратуу милдеттерин аткаруу учурунда коргоп бергиле деп сурап жатабыз. Башканы сураганыбыз жок.

Адистердин айтымында, жыл башынан бери журналисттердин ишине тоскоолдук кылган, алардын аспаптарын тартып алган же өздөрүнө кол көтөргөн 10 факты катталган. Маселен, 13-январда Каракол шаарында “Чалкан.кж” сайтынын операторунун камерасын каржы полициясынын кызматкери тартып алса, 28-сентябрда Горький паркында нааразычылык акциясын өткөрүп жаткан насыячылар “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысын бычак менен жарадар кылып койо жаздашкан экен.

Ал эми 3-октябрдагы Ак үйдүн дарбазасын ашып өткөн митингчилерди кубалоо учурунда КТРКнын, НБТнын кызматкерлери жана башка кабарчылар укук коргоо органдарынан жапа чегишип, техникалары да зыянга учураган. Ошондой эле башка да нааразычылык иш-чараларда жаалданган аялдардан жапа чеккен журналисттер болгону айтылды.

“Мындай учурларда милиция кызматкерлери көрүп турса да журналисттердин коопсуздугун сактоого же аларды арачалап калууга ашыгышпайт” дейт журналист Назира Раимкулова:

- Журналисттерди түрткүлөп жатса да, милийсалар басып кете беришет.Себеби дегенде 2005-2010-жылдардагы окуяларда биздин милиция элге жек көрүндү болуп алган. Ошон үчүн “кой, дагы жек көрүнбөй эле коёюнчу” деп аралашпайт.

Коомдо агрессия күчтүү

Башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Жээналиевдин айтышынча, эки революциянын салдарынан пайда болгон агрессиялык абал коомдо сакталып калууда.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов болсо акыркы жылдары коомдо укук коргоо органдарын да, журналисттерди да сыйлабоо көрүнүшү пайда болгонун белгилеп, бийлик журналисттерге шарт түзүүгө, алардын коопсуздугун сактоого кызыкдар экенин кошумчалады.

- Азыр Геннадий Павлюкту өлтүргөн, же Сыргак Абдылдаевди жаракат кылгандай нерсе жок. Бийликте мындайды эч ким каалабайт. Андыктан бардыгы “биз укуктук мамлекетке айланалы, укуктук жол менен кетели” деп аракеттенип жатат. Келгиле, бири-бирибизге жардам берели. Биз көптөн бери бул темада сүйлөшө элек болчубуз. Ошондуктан айтылган сындар да орундуу жана туура. Бирок сиздер айткан нерселер дагы кайталанбасы үчүн сунушуңуздарды айтыңыздар.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтышынча, жыл башынан бери журналисттерге байланыштуу 3 кылмыш иши козголгон. Алардын бири казакстандык журналистти тоноо фактысы.

- Бул тоноочулук боюнча фактынын бети ачылбай калган. Ал эми Коомдук биринчи каналда уюштурулган аукционду өткөрүүгө тоскол жараткан окуя боюнча үч киши кармалган. Алардын экөө үй камагында, бири тергөө абагында отурат. Үчүнчү факты болсо, Коомдук биринчи каналдын журналисти Назира Айтбековага байланыштуу. Бул боюнча адам уурдоо жана бейбаштык беренелери боюнча иш козголгон.

Ал эми тегерек үстөл учурунда айтылган фактылар боюнча Сейитов буларга токтолду.

-Тегерек үстөлдө айтылган фактылар боюнча ички иштер органдарына кайрылышсын. Эгер ал окуялар тергелбей, же көңүл бурулбай кала турган болсо, анда биз ошону тергеген жана ал боюнча иш алып барган милиция кызматкерлерине чара көрөбүз.

Дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салып турган Freedom House эл аралык уюму май айында чыгарган жылдык баяндамасында Кыргызстанды былтыркыдай эле быйыл да басма сөзү “эркин эмес” делген өлкөлөрдүн катарында кошкон. Бирок адистер Бакиев жана Акаевдин учуруна караганда Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендиги белгилешет.

Ал кезде бир канча журналисттке кол салынып, бийлик куугунтугуна кабылган ондогон калем ээлери чет өлкөгө баш паанек издеп кетүүгө мажбур болгон. Тегерек үстөлдө бирок ал кылмыш иштеринин бири да акырына чыкпаганы сынга алынды.
XS
SM
MD
LG