Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Эркиндиктин баасы


Гезиттер оппозициянын аракеттери, өлкөнүн ички турмушу, сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылды.

“Жаңы агым” гезити Америка жүк ташуучу борборунун мөөнөтү аяктарына жакын калгандан бери океандын ары жагындагы АКШнын айрым күчтөрү кыргыз оппозициясы менен жең ичинен сүйлөшкөнгө өтүптүр деген маалымат тарай баштаганын, маселен Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков ЕККУ, “Фридом хаус” өңдүү батышчыл уюмдар менен жашыруун жолугушканын эркин маалымат каражаттары жазып чыкты деп, ал ортодо “Апрель баатырлары” коомдук бирикмесинин төрагасы Турусбек Сагынаев оппозиция менен кызматташып атканын, жакында Сагынаев Ташиев менен дасторкон үстүндө баарлашып, эгер оппозиция бийликти кулатса, апрель баатырларынын мүчөлөрүнө министрлик кызаттарды берерин убада кылыптыр дешет деп маалымдады.

Ошону менен бирге эле пенсия көбөйгөнүн, Бабанов эс алууда жүргөнүн, коррупцияга каршы күрөш уланарын, паспорт алуу 5тен 10 еврого чейин азайганын кабарлаган “Жаңы агым” гезити сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, кечээ жакында эле өкмөт башчысы Бабанов ушуга дейре сүттөн ак, айрандан аруу болуп келгенсип, бир кезде Айдар, Максим менен иштебегенсип, "Мегакомго" таптакыр тиешеси жок өңдөнүп, энеси, эжеси бизнес жасабагансып, бийлигине салып бизнесмендердин ишин тартып албагансып, АКБ “Кыргызстан” банкын өз эмгеги менен кургансып, бүт өлкөнү “республикалаштырууга” аракет кылбагансып, “жалган маалымат жазгандар менин аброюма сокку уруп жатышат, мыйзамдуу катуулатыш керек деп чыкты” деп жазды гезиттин башкы редактору Аскер Сакыбаева.

“Фабула” гезити орто мектептердеги бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө Билим берүү министрлиги атайын буйрук менен тыюу салганын, Акаевдин артынан кошо качкан Танаевге козголгон кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан кыскартылганы тууралуу кабар президентке жеткенин маалымдады.

Аталган гезит кырчынында көз жумган кыргыздын чыгаан уулу Муктарбек Өмүракуновго атбашылыктар райондун борбордук көчөсүнүн атын ыйгарганын, жакында Чолпон-Ата шаарына “Ата Мекендин, Балыкчы шаарына КСДПнын, Токмок шаарына “Республика” партияларынын өкүлдөрү мэр болуп шайланганын, кечээ эле жергиликтүү шайлоодо бир араң дегенде бир мандатка ээ болгон “Ата Мекендин” жалгыз депутаты Чолпон-Атага мэр болуп шайланып, көпчүлүк добушту алган КСДПнын өкүлү сыртта калганына шаар тургундары ортодо акча ойноп кеткенин же кысым болгонун түшүнө албай башы маң болуп жатканын, ал эми Токмок шаарында “Республика” партиясы мэрди шайлоого келбей шантаж кылып атып, акыры өз талапкерин өткөртүп алганын жазып чыкты.

“Алиби” гезити “Ысык-Көл” мейманканасы менчиктештирүүнүн объектиси эмес, ал тарыхый-маданий мурас” деген баштема менен ачып, бул боюнча коомдук ишмер Жолдошбек Токоевдин “Бизде мамлекеттик деңгээлде эмес, комоктун деңгээлинде ой жүгүртүшөт” деген маегин жарыялады.

Жолдошбек Токоев маегинде президенттин иш башкармалыгына караштуу “Ысык-Көл Аврора" санаторийи, “Ысык-Көл” мейманканасы, 54 жылкы заводу жана “Элита” чарбасынын мамлекеттик мүлк фондусуна өткөрүлүп берилиши мыйзамсыз экендигин, анын оюнча президенттин айланасындагылар Атамбаевге туура эмес маалымат берип олтуруп чаташтырганын, анткени Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү жеке менчикке берүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинде: “Тарыхый жана маданий мурастар менчиктештирилбейт” деп жазылып турганын мисалга тартты.

Азыркы бийликтин ой-тилеги да Акаев менен Бакиевге окшоп эптеп эле мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип алуу болуп жатат деп сындады. “Анткени мына ушул “Ысык-Көл” мейманканасын 2005-жылы Акаевдер алып койгону жатканда 24-мартттагы революция болуп кеткен, ал эми кийин Бакиевдер менчиктештиргени жатканда апрель окуясы чыгып кеткен, эмнегедир ушул “Ысык-Көл” мейманкасына кол салганда эле бийлик кетчү эле, жүрөгүм сезип атат”- деп кеп салды Жолдошбек Токоев.
XS
SM
MD
LG