Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Чырга айланган "супер-тамаша"


Алып баруучу Назира Айтбекова
Алып баруучу Назира Айтбекова

Теле алып баруучу Назира Айтбекованы тамаша кылабыз деп жүрөгүнүн үшүн алган окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тамашаны ойлоп чыгарган “Супер-инфо” гезитинин кабарчылары 5-ноябрдагы маалымат жыйынында Назирадан кечирим сурашты. Одоно тамашаны адам укугун бузуу катары баалаган жергиликтүү укук коргоочулар окуяны кылмыш иши катары аягына чыгарууга үндөп жатат.


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев “Супер-инфо” гезитинин кабарчылары жасаган кыймыл-аракет боюнча 5-ноябрда кылмыш иши козголгонун билдирди.


- Кылмыш иши бүгүн козголду. Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси, "бейбаштык" жана 123-беренеси, "адам уурдоо" боюнча козголду. Эч кимге айып коюла элек, тергөөө иштери эми башталды. Соттук-медициналык экспертиза дагы жүргүзүлүүдө.

Ал арада теле алып баруучу Назира Айтбекованы тамашага салып уурдап кетип, арты чууга айланган ишти уюштуруп, ал үчүн кызматтан четтетилген журналисттер Назира Айтбековадан кечирим сурашты.

Алардын бири super.kg сайтынын мурдагы кабарчысы Максат Орозунбетов маалымат жыйынында аракетин жаштык кылганы менен түшүндүрдү:

- Назира Айтбековадан дагы бир жолу кечирим сурайбыз. Буга чейин дагы сурап жаттык, үйүнө чейин бардык. Мурда бизге гезит тарабынан адам өмүрүнө кооптуу аракеттерди жасабагыла деп эскертүү берилген. “Оюндан от чыгат” болуп, биз берилген чектен чыгып кетиппиз.

Гезиттин мурдагы кызматкерлери болгон окуя эч кимдин буйругу эмес экенин баса белгилешти. Гезитте шоу-бизнес тармагына жооптуу болуп жүргөн Бахиана Сатылганова айып экөөнүн гана мойнунда экенин кайталады.

- Биз Назиранын туугандарын, күйөөсүн сарсанаага салганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Гезит редакциясынын беделине шек келтиргенибиз үчүн алардан да кечирим сурайбыз. Редакцияны күнөөлөгөн сөздөр жүрүп жатат. Бул окуя жалпы редакцияга тиешеси жок.

Бирок Назира Айтбекова менен анын күйөөсү Искендер Шаршеев журналисттердин кечиримин кабыл алган жок. Искендер бул жөн эле тамаша болгон эмес деп эсептейт:

- Эгерде “сенин келинчегиңди тамашага салалы деп жатабыз” деп мага эскертип, бирок ушундай эле жылаңачтап, мыкаачылык кылса деле кечире алмак эмесмин. Алардын аракетинде мен тамаша көргөн жокмун. Мага башка булактардан башкача маалымат түшүп жатат. Бул – кимдир бирөөнүн буйругу, аны тергөө бүткөндөн кийин айтабыз.

Бул иш жабырланган тараптын доосу менен Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө тергелип жатат. Тергөөчү Айтбек Аргынбаев бир эле учурда оор кылмыштын элементтери бар, бирок тамаша иретинде аткарылган окуя болгондуктан, иш азырынча “адам уурдоо” беренесинин алкагында каралып жатканын түшүндүрдү:


- Адам уурдоо фактысы болгондуктан ушул берене боюнча да кылмыш иши козголду. Бирок уюштурулган аракет тамаша болгондуктан дагы эмне болоорун тергөө көрсөтөт. Ал берене алынышы мүмкүн, же башкасы кошулушу мүмкүн, иликтөөнүн жыйынтыгына карап көрөбүз.

Бул окуя учурда кыргыз журтунда кызуу талкууланууда. Укук коргоочулар аталган аракетти кылмыш катары атоо үчүн кол топтой баштады.

Ага "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да кол коюптур:

- Мен “Супер-инфого” каршы кол топтогондордун арасында жокмун. Менин гезитке каршы болуп жаткан жерим жок. Анда иштегендердин аракети туура эмес, мыйзам чегинде чара көрүлсүн деп, Назира Айтбекованы колдоп, кол коюп бердим.


Ал ортодо социалдык тармактарда “Супер-инфону” окубагыла деген чакырыктар арбыды. 100 миңге чукул нускасы менен Кыргызстанда эң көп окулган гезитке каршы мындай аракеттерге “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев төмөндөгүдөй баа берет:

- Гезитти окуйбу же окубайбы окурмандардын өздөрүнүн каалосу, тандоосу. Ал эми аны окубаганга үндөө менимче, туура болбой калат. Бул гезитте иштеген айрым кабарчылар туура эмес аракет кылганы үчүн жалпы редакция ыңгайсыз абалда калды.

Алып баруучу Назира Айтбекованы 30-октябрда аталган гезиттин журналисттери жалданган адамдар аркылуу ала качып барып, "көзүн тазалайбыз", "зордуктайбыз" деп тапанча такап коркутушкан. Мунун баары гезит жана сайтка жарыялана турган тамаша берүүсү үчүн жасалган. Тамаша экенин билбеген Назира катуу жапа чеккенин жарыялап, милицияга доо арыз менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG