Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:56

Апта: Жуттун карааны, Атамбаевдин батылдыгы


Эл күндүн жылып, жерге көктүн чыгышын гана күтүп калды.
Эл күндүн жылып, жерге көктүн чыгышын гана күтүп калды.

Кыргызстанда жуттун карааны көрүнө баштады. Орусия 190 млн. карыз үчүн “Дастандын” 75% акциясын талап кылып жатат. Өлкөдө административдик-аймактык реформа башталуу алдында турат.

Кыштын орто мезгилинде катуу сууктан Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарлардын калкы электр энергиясынын жетишсиздигинен жабыркаса, кыш чыгаар алдында элеттиктер катуу кыйынчылыкка кабылды. Өзгөчө Чоң-Алай, Ат- Башы, Чаткал сыяктуу бийик тоолуу райондор кардын калыңынан, жолдордун жабыгынан сыртка чыгалбай, мал-жанын багууда катуу жүдөп жатат.

Баткен облусунда тоюттун жетишсиздигинен мал-жандыктар кырыла баштады. Облустук администрациядан алынган маалыматка караганда, кырылган малдын саны 1796 болду.

Өкмөт кыйынчылыкка кабылган калкка олуттуу жардам берүүгө жөндөмсүз болуп чыкты. Кыйын мезгилде Бишкек-Ош жолунун көчкүдөн улам белгисиз мөөнөткө жабылышы абалды ого бетер татаалдаштырды.

Баткен облустук администрациясынын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Ачыл Бекташов тоют жетишсиз болуп, Чүй облусунда да ашыкча тоют табылбай жатканын белгиледи:

- Биринчиден, жол жабык. Анан Чүйдө да тоют түгөнүп калыптыр. Аз экен. Губернатор, анын орун басарлары менен сүйлөшкөнбүз. Алар да "карап көрөбүз, табылса айтабыз" дешкен.

Бекташовдун айтымында, эч кайдан жардам жок. Эл күндүн жылып, жерге көктүн чыгышын гана күтүп калды. Өзбекстан тараптан ар кандай жолдор менен тоют келип жатат. Бирок ал аз жана өтө кымбат болууда. Бир пресстин баасы 350 сомдон 500 сомго чейин жетүүдө.

Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков мындай шартта өкмөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын фондунан каражат бөлүп, тоолуу райондордун калкына жардам бериш керек эле дейт:

- Ушуну өкмөт бир да карап койгон жок. Эки-үч күндүн ичинде тоют жетпесе, малдары өлүп калса, андан кийин жасаган иши бир тыйынга татыбай калат. Тик учакка отуруп алып, өкмөт башчы көчкү алган үйгө барганы туура. Бирок ошол тик учактарды колдонуп, жалпы элге керектүү нерселердин жеткирбей жатканына нааразы. Эл азыр мага кайрылып, өкмөткө жеткирүүнү суранып жатат. Өкмөт тез аранын ичинде ушул маселенин үстүндө иштеш керек.

Өкмөт 23-мартта жыйын куруп, анда тоолуу Чаткал, Кара-Кулжа жана Чоң-Алай районунун калкына эки айлык пенсияны берүүнү жана 1 миң тонна майдаланган жүгөрүнү жеткирүүнү тийиштүү министрликтерге тапшырды.

“Жүдөгөнгө какаган” болуп, кыштын карлуу жана суук келишинен жазгы-талаа жумуштары да кечигип жатат. Адистердин жана дыйкандардын эсебинде жазгы талаа жумуштары дээрлик бир айга кечигип калды. Бул түшүмдүүлүккө да таасирин тийгизбей койбойт.

Айыл чарбасы боюнча адис, академик Жамин Акималиев абалды мындай сүрөттөдү:

- Абалыбыз абдан кыйын. Анткени айыл чарба техникасы, себе турган үрөнү, күйүүчү майы жок дыйкан он-он беш күндүн ичинде талаачылык иштерин бүткөрө албайт. Анткени жаздык эгиндерди айдоого ошончо эле убакыт калды. Айыл чарбасы боюнча жоопкерчиликти өкмөт менен Жогорку Кеңеш мойнуна алып, бүткөрүп бериши керек. Антпесе быйыл чатак болот, социалдык жарылуу болуп кетиши толук ыктымал.

Кошуна мамлекеттерде буудай, унга баанын арзандыгы азырынча абалды сактап келатат. Бирок баалар өзгөрмө экенин өткөн жылдар эскертип турат. Айтмакчы, мына ушундай кыйын шартта Кыргызстандын айыл чарба министри ден соолугуна байланыштуу кызматынан бошоп кетти. Айыл чарба тармагын колуна алган “Ар-намыс” фракциясы министрликке жаңы талапкерлерди иргеп жаткан чагы.

Атамбаевдин ачыктыгы жана батылдыгы

Узап бараткан жумада Москвада Евразия экономикалык шериктештигинин саммити өттү. Ага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев башында турган делегация катышты. Саммитте Евразия экономикалык шериктештигин Евразия экономикалык биримдигине айлантуу маселеси көтөрүлүп, ал Беларустун позициясына байланыштуу ишке ашпай калды. Маселе 2015-жылга карай чечилиш керектиги айтылууда.

Орус маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Беларус "Евразия экономикалык биримдигин жетектеген органдардын чечими улуттук өкмөттөрдүн чечиминен жогору болуш керек" деген аныктамага каршы. Минск Евразия экономикалык биримдигинин чечимдери улуттук парламенттерде ратификацияланып, андан кийин ишке кириш керек деген бүтүмдө турат. Тактап айтканда, Беларус өзүнүн эгемендүүлүгүн Евразия экономикалык биримдиги менен бөлүшкүсү келбей жатат.

Кыргызстан Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн сүйлөшүүлөр баштоо алдында турат. Бирок кабыл алуу качан ишке ашаары азырынча белгисиз. Анын үстүнө Кыргызстан бул уюмдарга өзүнүн шарты менен кирүүгө аракеттенүүдө. Ал тууралуу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев:

- Азыр эң чоң маселе мына ошол уюмдагы биздин жана Тажикстандын макамы кандай болот деген суроонун үстүндө болуп жатат. Себеби биз азыркы абалыбызда Евразиялык экономикалык мейкиндикке кирүүгө даяр эмес экенибизди айттык. Президент биз байкоочу макамында уюмдун ишине катышкан өнөктөш боло албай турганыбызды, кирсек уюмга толук кандуу мүчө катары кирээрибизди, бирок мында биздин кызыкчылыктар да эске алынышы керек экендигин айтып, өзүбүздүн шартыбызды койдук.

Бишкек үчүн Орусия жана Казакстан менен кызматташуу өзгөчө маанилүү. Анткени тышкы сооданын көпчүлүгү ушул өлкөлөр менен жүргүзүлөт. Эмгек мигранттары да ушул өлкөлөрдө.

"Ак жол" чек ара бекети
"Ак жол" чек ара бекети
Казакстан чек арасын бекем жаап, “Ак жол” мамлекеттик бажы бекетинде аябай оор абал түзүлүп жатканын Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов да моюндады. Бирок аны чечүү же жеңилдетүү Казакстандын колунда турат.

Кыргызстан менен Орусиянын кызматташуусундагы айрым проблемаларды президент Алмазбек Атамбаев орус маалымат каражаттарына курган маектеринде ачык айтты. Бул маалыматтык кармаш кыргыз тарап үчүн тийиштүү упай алып келүүдө. Анткени келишимдерди кыргыз тарап аткарбай жатат деге кине орус маалымат каражаттарында буга чейин көп айтылчу. Президент Атамбаевдин маектеринен кийин айып ким тарапта экени айкын болду.

Стратегиялык өнөктөш мамлекеттер шектүү жагдайларда пайда болгон Кыргызстандын Орусияга 190 млн. доллар карызын кандай чечүүдө келише албай турушат. Кыргызстан карыздын ордуна “Дастандын” 48% акциясын бермекчи болгон. Эки тарап 2009-жылы андай келишимге жетишкен. Бирок орус тарап акыркы кезде айнып, 190 млн. доллар карыз үчүн “Дастандын” 75% акциясын сураган. Кыргыз тарап келишим аткарылыш керектигин белгилеп жатат. Эки тарап бул маселеде азырынча орток пикир таба элек.

Кыргызстан андан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСин, Нарындын жогорку агымдарында ГЭСтерди куруу, Жалал-Абад облусунда газ, мунай издөө иштерин башталышын көздөп жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, бул багытта иштер жылчудай болуп калды. Анткени 22-мартта орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Сечин Алмазбек Атамбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, апрель айында ири делегация келип, ал Кыргызстан менен Орусиянын гидроэнергетика жана мунайгаз тармагында кызматташуусун талкууларын билдирген.

Игорь Сечин Владимир Путиндин ишенген кадрларынын бири. Орус өкмөт башчысы Путин Сечинди “тапшырылган ишти аягына чыгарууга жөндөмдүүлүгү” үчүн бааларын билдирген. Путиндин сөзүнө ишене турган болсок, анда Кыргызстан менен аткарыла турган долбоорлор ишенимдүү колго тийгендей.

Алдыда административдик-аймактык реформа

Өкмөт административдик-аймактык реформаны баштоо алдында турат. Ага байланыштуу концепция 23-мартта өкмөттүн жыйынында жактырылды. Концепцияны турмушка ашыруу үч этаптан туруп, анын акыркы этабы 2015-2017-жылдары жүзөгө ашырылат. Ал эми биринчи этабы быйылкы турмушка ашырылууга тийиш.

Реформанын маани-мазмунуна келе турган болсок, анын биринчи бөлүгүндө губернатор кызматы, район кеңештери жоюлуп, элдик курултай институту өнүктүрүлөт. Губернатордун ордуна облустарда премьер-министрдин атайын өкүлү дайындалат.

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров губернаторлордун ордуна келе турган өкмөттүн өкүлдөрүнө бериле турган ыйгарым укуктар тууралуу буларды билдирди:

- Ыйгарым укуктары негизинен мурункудай эле калат. Бийлик органдарынын аракетин координациялоо, өкмөттүн саясатын жер-жерлерди жүргүзүү, инвестиция тартуу, кошуна мамлекеттер менен облустук деңгээлде сүйлөшүү жактары калат. Бул жерде бир эле аты өзгөрүп, өкмөттүн өкүлү деп аталып калат. Штаттары кыскарат деген божомол бар. Негизги милдеттери көп деле өзгөрбөйт.

Административдик-аймактык реформанын биринчи этабын турмушка ашырууга негиз боло турган мыйзам долбоору учурда парламентте каралып жатат.

Реформанын экинчи этабы 2013-2014-жылдары ишке ашырылат. Анда айыл аймактары ириленет. Маселен, тургундары 3 миңге жетпеген айылдар башка айыл өкмөттөргө кошулат.

Ал эми реформанын үчүнчү этабында райондор ириленет.
Абалыбыз абдан кыйын. Анткени айыл чарба техникасы, себе турган үрөнү, күйүүчү майы жок дыйкан он-он беш күндүн ичинде талаачылык иштерин бүткөрө албайт.

Административдик-аймактык реформанын ишке ашырылышын күмөнгө алгандар жок эмес. Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев:

- Бүгүнкү күндө өкмөттө, президентте, парламентте бир багытта бараткан ой-пикир жок. Ошондуктан административдик реформа жакын арада ишке ашат дегенден алысмын. Андан сырткары бүгүнкү күндө кызмат бөлүштүрүү жүрүп жатат. Ал эми кызмат бөлүшүү жүргөн системада губернатор, аким деген кызматтар керек. Анткени “аябай жакшы жигиттерге” кызмат бериш керек да. Ошондуктан чечкиндүү түрдө реформа жүрбөйт.

Эксперт Кубатбек Кожоналиев административдик-аймактык реформа ылдыйдан башталса гана натыйжалуу болот деген пикирде турат:

- Бул жерде жергиликтүү бийликтерде, жамааттын кызыкчылыктарын борборго коюп, реформаны ошондон баштабасак болбойт. Анткени кайсы ыйгарым укуктарды жогорку жакка берип, маселен, чек ара, коргонуу, тышкы саясатты жогору жакка берип, жергиликтүүлөргө өздөрүнүкүн бөлүп бермейинче калганы улак тартыш болуп калышы ыктымал.

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мурунку бийлик учурунда да каралган. Анын бир вариантында төрт тепкичтүү бийликтин бир тепкичин жоюу, тагыраак айтканда, облустук бийликтерди жоюп, райондорду ирилештирип, алардын ордуна аймактарды түзүү каралган болчу.

Азыркы өкмөт кайсы бир бийлик тепкичин алып салууга батынбаганы байкалып турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG