Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:51

Саакашвили: СССРди тирилтем дегенден майнап чыкпайт


Михаил Саакашвили Азербайжан парламентинде сөз сүйлөп жатат. Баку, 7-март, 2012.
Михаил Саакашвили Азербайжан парламентинде сөз сүйлөп жатат. Баку, 7-март, 2012.

Грузия президенти ушул жылдын 7-мартында Азербайжан парламентинде Москванын Евразия биримдигин түзүү боюнча демилгесине карата пикирин айтты.

Ал белгилүү азербайжан ишмери Мамед Эмин Расулзаденин 1923-жылы Сталинге жазган катынан үзүндү окуду: «Азыр Россияда болуп жаткан окуялар иш жүзүндө мындан жүз жыл мурда болгондон эчтемеси менен айырмаланбайт. Жүз жыл мурдагыдай эле Россия кайрадан улам бир жаңы колонияларды кошуп алууда.
Тарых жазмышы ушул экен, бийликке келген Коммунисттик партия Россия империясын кайра жаратууга белсенип отурат. Бул бийлик төбөлдөрүнүн империялык дымагынан улам болуп жатат жана кандайдыр бир натыйжаларга апкелет».

Саакашвилинин ою боюнча, Мамед Эмин Расулзаденин Сталинге кайрылуусунун бүгүнкү күнү да мааниси артып турган чагы. Грузин лидери мындай максаттын коркунучтуулугун эскертти: “2012-жылы Советтер Союзунун сөөгүн тирилтем деген аракеттен майнап чыкпасын баарыбыз түшүнүүгө тийишпиз. Өткөндү эңсеген Москвадагы айрым лидерлер жаңы-эски идеяны: Евразия биримдиги идеясын сунуш кылууда. Аты бир аз өзгөртүлгөн менен заты толугу менен эски бойдон калды. Ар башка аты болгон менен бирок Россиянын бардык коңшулары үчүн маңызы бирдей: бул биздин эркиндик менен көз карандылыктын тамам болушу, Расулзаденин жана башка көптөгөн ата-бабаларыбыздын тилек-кыялынын кыйрашы дегендик”.

Asiope.com интернет сайты андан ары грузин президентинин пост-советтик мейкиндикте жаңы империяны жаратуу боюнча проекттин келечеги болбойт деген сөзүн мисал тартат: “ Эмне дегенде адамдар эркиндиктен, улутунан, мекенинин көз карандысыздыгынан жана өз жолу менен кетүү укугунан баш тартпайт. Орус лидерлери кала берсе ушуну да түшүнүүгө тийиш. Алар козголоңчу вассалдардан көрө күчтүү коңшулар артык, өч алууну көксөгөн адамдардан көрө бакыбат жана намыскөй мамлекеттер менен жанаша жашаган артык, касташтан көрө шериктеш болгон артык деген түшүнүккө акыры келүүгө тийиш”, - деп белгиледи Михаил Саакашвили.

Андан ары Грузия лидери бир катар россиялык ЖМКлардын Саакашвили Россияга кара санайт деген макалаларын миф атады. “Чынында мен өз күчүнө ишенген, намыскөй жана туруктуу Россия Федерациясы болсо деп эңсейм, мен дөөлөттүүмүн деген жалган ойду далилдеш үчүн башкаларды басынтып коркутпаган, өз жарандарын нан менен эмес, коркунучтуу мифтер менен азыктандырбаган өлкө болсо деп тилейм”, - деди Саакашвили.

Asiope.com жазмакчы, Грузия президенти ошону менен катар орус патриотторуна урматтоо мамилесин белгилеп, аларды өз өлкөсүнө жакшылык тилеген, өз миллиарддарын чет жакка чыгарбаган, жарды жарандарын маанисиз согушка салбаган, чабал бийлиги уурдап алган бийликти өз элине кайтарууга жарамдуу каарман адамдар деп атады.

“Биз кубаттуу Грузия жана кубаттуу Азербайжан болсун деп самаган сыңары эле орус патриоттору да кубаттуу Россия болушун самашат. Алар биздин шериктер, биздин боордоштор, анткени алар да биз өңдөнүп өлкөсүнө жакшылык тилешет. Биздин көп жалпы жагыбыз бар, Россия менен жалпы тарыхыбыз бар, келечекти да бирге курууга тийишпиз”, - деген Саакашвилинин сөздөрүн Asiope мисал келтирет.

Ошол эле кезде Грузия президенти өз өлкөсүнүн келечеги боюнча позициясынан эч айныбай турганын баса белгилей кеткен: “Биздин ой-тилекти эч ким жана эч нерсе өзгөртө албайт – ал келечек биз үчүн Европа Шериктештиги жана НАТО менен шериктештик деп аталат”.

Михаил Саакашвилинин Азербайжан парламентинде сүйлөгөн сөзү

XS
SM
MD
LG