Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Дагы бир реформа...


Кыргызстанда административдик-аймактык реформа башталганы турат. Өкмөттүк комиссия губернатор кызматын жоюп, анын ордуна өкмөттүн өкүлүн дайындоону сунуштап жатат.

Мына ушул реформанын күңгөй-тескейи “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна коюлду.

Студиянын коноктору: Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров жана эксперт Кубатбек Кожоналиев.

"Азаттык": Административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча комиссия өткөн жылы ал кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен түзүлгөн. Ал комиссияны учурда биринчи вице премьер-министр Аалы Карашев жетектеп жатат. Бирок ушул административдик-аймактык реформа бышып жетилгени мурунку бийлик учурунда деле айтылчу.

Исхак мырза, сиз Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетин жетектеп турган мезгилде атайын комиссиялар түзүлгөн болчу. Аны ошол кездеги премьер-министр Атамбаев өзү жетектеген эле. Азыркы комиссия кечээки жыйынында облустук губернаторлорду жоюу сунушун киргизиптир. Буга сиз кандай карайсыз?

Исхак Масалиев: Бул багыттагы сөздөр көптөн бери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бизде 7 облус бар, аларды жоюп туруп чоңойткон райондорду түзөлү деген ой болгон.

Бүгүнкү күндө Чүй облусун алсак, ал жерде 9 район бар, ал эми Баткен облусун алсак, 3 район бар. Мисалы, Чүйдөн борборго келип-кетиш айырмасы жок, 60-90 км. Ал эми Баткенден борборго келип кетиш кыйын болот.

Бир учурда Арменияда облустар жок болчу, ал жерде республикага караштуу райондор болгон. Балким ошол системага барсак болот, мунун мааниси бар. Бүгүнкү күндө 55 район, шаар бар, алардын баарын кошуп 30га жакын кылып койсок болот. Бирок өкмөттө, президентте, Жогорку Кеңеште бир багытта кетип бараткан ой-пикир жок. Ошондуктан административдик реформа жакын арада болот деген ойдон алысмын. Себеби учурда кызмат бөлүү жүрүп атат. Мындай шартта губернатор, аким деген кызмат керек болот, абдан жакшы жигиттерге бериш керек да.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Губернаторду жоюу менен биз региондорду башкарууну ого бетер жоготуп албайбызбы деген чочулоо бар?

Кубатбек Кожоналиев: Эмне үчүн административдик-аймактык реформаны тымызын, жабык түрдө өткөрүп жатат? Бул жерде биз өзүбүздүн кыргыздын мурдагы нукура келген кызыкчылык, үрп-адаттардан чыгышыбыз керек. Балким райондорду чоңойтуу керек.

Кыргызстандын баары тең бир губернияга, бир облуска барабар Орусиянын өлчөмүндө алганда. Ошондуктан бул жерде илимий практикалык жагынан коомдун алдында ачык-айрым, сөз эркиндигин сактап туруп жүргүзсөк реформа талашсыз болмок. Азыркы күндө талаш-тартыш болуп атпайбы. "Казанчынын өз эрки, кайдан улак чыгарса" деп 5-6 киши чогула калып муну кыскартабыз дегени акылга сыйбаган иш.

"Азаттык": Атайын комиссия иштеп жатат. Өкмөт бир топ эксперттерди катыштырып жаткан экен. Ал жагынан да эсептелгендир. Губернаторлорду жоюу менен региондордун ордуна өкмөттүн атайын өкүлү дайындала турган болуп атат. Анын ыйгарым укуктары кандай болот?

Мирлан Бакиров: Бүгүнкү күндө иштеп жаткан мыйзамдан өтө деле айырмасы жок. Азыр Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору кабыл алынып президентке жөнөтүлгөн. Бирок каршы пикирлер менен кээ бир беренелери кайрылып келди, бүгүн макулдашуу варианты иштелип жатат. Ыйгарым укуктары ошондой эле калат, мисалы координация, социалдык жактары, инвестиция тартуу боюнча, коңшу мамлекеттер менен облустук деңгээлде сүйлөшүү жактары калат. Бир гана аты өзгөрүп атат, өкмөттүн өкүлү катары. Штаттары кыскарат деген прогноздор бар. Негизги милдеттери өтө деле өзгөрбөйт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG