Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Жуттан кантип чыгабыз?


Тоюттун жетишсиздигинен аймактарда мал кырыла баштады. Алыскы тоолуу аймактарга жем-чөп жеткирүү жолдорду кар бөгөп калганынан улам мүмкүн болбой жатат.

“Арай көз чарайда” бул жолку чыгарылышында массалык жутту алдын алуу, түзүлгөн кыйын кырдаалдан чыгуунун жолдору талкууланды.

Студиянын коноктору: Айыл чарба министрлигинин мал чарба бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Өмүрбек Шералиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам башкаруу бөлүмүнүн башчысы Азамат Момбеков жана айыл чарба адиси, коомдук ишмер Жамин Акималиев.

"Азаттык": Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында, өзгөчө түштүктө тоюттун жетишсиздигинен мал кырыла баштаганы тууралуу маалыматтар келип түшүп атат. Албетте быйыл кыш оор болду, узакка созулду. Бирок ушунчалыкка чейин жеткирбөөнүн айласы бар беле?

Жамин Акималиев: Баарыбыз эле кыш болорун билгенбиз. Былтыркы жылы кыш жумшак, кар аз болуп, жылуу болгон үчүн "мындан кийин деле ушундай болот экен" деп ойлоп калсак керек.

Кыргызда "чананы жайында даярда" деген кеп бар эмеспи. Жайдан баштап даярданыш керек. Совет доорунда баары мамлекеттин колунда болчу, ал кезде мамлекет карап, камкордук көрүп, көзөмөлдөп келчү.

Кийинки жылдарда малдын 98 пайызы жеке менчикке өтүп кетсе, бийлик "эми өзү багып алат, ишибиз жок" деп ойлоп калды окшойт. Бул туура эмес. Эл оокат кылып, өзүн багып атканга өкмөт ыраазы болуш керек, андан сырткары шаардыктарды камсыз кылып сатып атпайбы.

Экинчиден, талаачылыкта тоютту даярдамайынча эч болбойт. Азыр 1 миллиондон ашык гектар жер айдалат, ошонун 25 пайызын тоют өсүмдүктөрү ээлеш керек. Мисалы, беде, эспарцет, жүгөрү, арпа деген бар. Кийинки жылдары булардын айдоо аянты эки-үч эсеге төмөндөп кетти. Биздин илимий изилдөөлөр боюнча бул жалпы айдоо аянтынын 25 пайызын ээлеш керек, же болбосо 250-300 миң. Азыр 100 миңдин тегерегинде.

Тоют өсүмдүктөрүнө көңүл бурулбай, себилбей калды. Кыш жакшы болот деп кенебестиктен болуп атат. Быйыл жут болуп атат. Өкмөт, Жогорку Кеңеш, губернатор, район акимдери ушуну алдын алып даярдап койсо мындай кырсык болбойт эле.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Өмүрбек Шералиев: Кыш быйыл абдан оор түштү. Акыркы 10-15 жылдан бери жеңил кышка үйрөнүп калганбыз. Акыркы жылдары Айыл чарба министрлиги өз ара облустар менен маалымат алмашуу иштерин жүргүзгөн.

Статистиканы алып караганда, былтыр кургакчылык болгондуктан тоюттар 20 пайыз аз камдалып калган. Иш жүргүзүүнүн негизинде өкмөткө биз убагында сунуштарды бергенбиз. Ошонун негизинде февралда өкмөттүн буйругу чыккан. Чаткал, Чоң-Алай районуна жалпы 3 млн. 541 миң 838 сомдук жардам көрсөтүлдү. Бул Чүй облусунун райондорунан сатып алган тоютту бекер жеткирип бергенге жардам берди.

"Азаттык": Чоң-Алайга жол бүгүн эртең менен ачылды, дагы 15 тоннадай турган тоют качан жеткирилиши ыктымал?

Азамат Момбеков: Бүгүн эртең менен саат төрттө Сары-Таш-Дароот-Коргон жолунун 93- жана 144-чакырымда түшкөн карга байланыштуу жол жабылган болчу. Ошол жердеги Транспорт министрлигинин ишканалары аркылуу жол бир тарапка ачылды.

Чаткал районуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасынын жардамы менен 10 тонна жем жана 100 тонна чөп жеткирилген. Чоң-Алайга 150 тонна жем, 350 тонна чөп жеткирилген. Азыркы кезде жер-жерлерге толугу менен жеткирилди. Биздин техникалардын теңи жолдун жабылганына байланыштуу ошол жакта турат. Эгерде жол ачылса, ал жерден бөлүштүрүүнү жергиликтүү мамлекет бийлиги ишке ашырат болуш керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG