Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Рыскулов: укугубузду да, милдетибизди да билели


Ала-Буканын акими Атантай Рыскулов аймактын турмушу тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

Өзбекстан чек арасын жаап салгандан бери Ала-Бука районунун жашоочулары өндүргөн мөмө-жемиштерин мурдагыдай сата албай калды. 2010-жылга чейин алар кошуна өлкөнүн Наманган облусу менен соода тармагында тыгыз катышта болгон эле.

Чек арага байланыштуу көйгөй учурда алабукалыктардын негизги маселесине айланган. Райондун 8 айыл округундагы 41 кыштакта 95 миң калк жашайт.

- Сентябрда Ала-Буканын эки тургуну жаңжалдашып, ага улуттар аралык келишпестик деген мүнөздөмө берилди эле. Жаңжалдын айынан райондун борборуна эл нааразылыкка да чыккан. Азыр аймакта кырдаал кандай?

- Азыркы учурда бизде коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Кудайга шүгүр, тынчпыз. 25-сентябрда болгон окуя боюнча айрым сайттар туура эмес маалыматтарды жазып салган. Ал күнү Достук айылындагы эки ага-ини бир тургунду сабап койгон.

Бул жаңжал күнүмдүк жашоодогу эле мушташтардын бири болчу. Тараптардын бири өзбек, бири кыргыз болгону үчүн улуттар аралык жаңжал деп маалымат тарап кеткен. Адамдардын топтолгону боюнча айтсам, жаңжалдашкандардын бири мурда уурулук менен шектелип, бир канча жолу милицияга түшкөн . Аны сот чыгарып жиберген экен. Топтолгондор ошол балага тийиштүү жаза берүүнү гана талап кылган. Азыр баары жайында.

- Ала-Бука Өзбекстан менен чектеш район болгондуктан, чек арага байланыштуу чатактар көп болоорун угуп жүрөбүз. 17-июлда чектеш аймакта атышуу болуп, өзбек тараптан бир, кыргыз тараптан бир жоокер набыт кеткен. Азыр кошуна чек арачылар менен мамиле кандай болуп калды?

- Ала-Бука району Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу үч район менен 202 километр аралыкта чектешип турат. Ал жерде аныкталып бүтө элек, жалпы аянты 20 800 гектарды түзгөн 12 участок бар.

Чек арадагы көйгөй айрыкча жаз жана күз айларында курчуйт. Ошол кезде адамдардын мал-жандыктары жайлоодо эмес, өздөрүнүн колунда болот. Талаага алып чыгып багып жаткан учурда өзбек тарапка өтүп кетет. Алардыкы биздин жерлерге келип калат. Мал экен да, ээси аны атайлап кошуна өлкөгө айдап салмак беле. Чек араларды аныктоо комиссиясы тарабынан ошол жерлер тезирээк чечип берилсе, жарандар да кайсыл жер кимдики экенин билип калмак.

- Жаздын этегинде Көкташ айылындагы Бозымчак кенин чет өлкөлүк фирмалар иштетип жатканына айыл тургундары нааразы болуп чыгышты эле. Азыр абал кандай? Дегеле, Бозымчак кенинде кайсы өлкөнүн фирмалары иштейт?

- Бозымчакта Казакстандын бир фирмасы иш баштаган. Алар негизинен жез жана алтын өндүрүү жаатында иштейт. Азыр чалгындоо жумуштары жүрүп жатат. Фабрика курулуп жатат. Кийинки жылы ишке түшөт, деп күтүүдөбүз. Эгер ал иштесе, райондун экономикасынын өсүшүнө да пайда бермек. Кирешеси тууралуу фабрика иштеп баштаганда дагы да толугураак маалымат беребиз.

Эгер Бозымчак кени иштетиле баштаса, өндүрүлгөн продукциянын 2 пайызы жергиликтүү калк үчүн жумшалат. Ал жерди чет өлкөлүктөр иштетпесин деп, жашоочулар эки жолу нааразылыкка чыгышкан. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз, азыр көкташтыктар туура эле көз карашта.

- Нааразы болгон көкташтыктарды жергиликтүү бийлик коркутуптур, милиция аларды такай көзөмөлдөп турганы үчүн унчукпай жүрүүгө аргасыз болуп жатышат, деген сөздөрдү да угуп калдык…

- Ал сөздөр чындыкка жатпайт. Бизде азыр сөз эркиндиги эмеспи, ошондуктан интернет булактары каалаганын эле жазып жатат. Көкташ айылына милиция бөлүмчөсү курулганы, ал иштеп жатканы чын. Бирок ал элге сес көрсөтүү үчүн эмес, ошол жерде чет өлкөлүк чоң фирма иштеп жаткандыктан, абалды көзөмөлдөп турсун деген максатта курулган.

Элди коркута турган заман эмес азыр. Элди сыйлаш керек, бирок мыйзамды андан да жогору коюш керек. Биздин эл өз укугубузду талашууну аябай өздөштүрдүк, жарандык милдетти аткарууну экинчи орунга коюп жатабыз. Кыргызстандын атуулу болгондон соң, жарандык милдетибизди аткарууну да унутпашыбыз керек.

- Алыскы районду жетектөөнүн да түйшүгү болот эмеспи. Ала-Буканын акими көбүрөөк кайсы маселеде кыйналат?

- Ала-Буканын акими акыркы учурда эл өндүргөн мөмө-жемиштерди кантип сатууну жолдоорун издөө менен баш катырууда. Себеби биз мүмкүнчүлүктөрдөн бир аз четтебиз. Өзбекстан чек арасын жапканга чейин адамдар өндүргөн мөмөлөрдү, жер-жемиштерди Наманган облусундагы шаарларга сатчу эле. Себеби жакын болчу да. 2010-жылдан бери чек ара жабык. Дыйкандар түшүмүн сатыш үчүн Жалал-Абадка же Ошко барайын десе, жол 200 километрден ашат. Элдин санына, жердин алыстыгына байланыштуу инвесторлор да келбейт бул аймакка.

Кийинки жылдын этегинде Бозымчак кенин иштете баштасак, андан ары дагы кен байлыктарына байланыштуу өндүрүү тармагын өркүндөтүүнү мерчемдеп жатабыз.

XS
SM
MD
LG