Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Чечилбеген чек ара элди кыйнады


Кыргыз-өзбек чек арасын көп жерде азыр Өзбекстан өз алдынча казып алган ушундай аң бөлүп турат.
Кыргыз-өзбек чек арасын көп жерде азыр Өзбекстан өз алдынча казып алган ушундай аң бөлүп турат.

Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш жайгашкан Наманган шаарында эки өлкөнүн өкмөттөр аралык чек ара комиссиясы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жыйын өткөрүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин такталбай жаткан чек ара запкысын карапайым калк тартып келатат.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коңшулаш Өзбекстан менен тактала элек 42 тилке бар, эки тараптын ортосундагы пикир келишпестиктер, чатактар көбүнчө ошол тилкелерде болот. Анткени тактала элек жерлердеги айдоо аянттарын жана жолдорду эки тарап тең өзүнүкү деп эсептейт.

Райондогу Жапа-Салды айлынын тургуну Абдумиталип Мейманкановдун “Азаттыкка” айтканы боюнча чыр-чатак көбүнчө сугат суудан чыгат:

- Биз суу ичкен Кош-Терек каналы Жапа-Салды, Кызыл-Ата, Ак-Там айылдарынын 700 гектар айдоо аянттарын сугарат. Андан ары Өзбекстанга кетет. Суу жетпеген учурларда талашып, ар кандай чыр-чатактар чыгат. Кыскасы бизде суу маселеси өтө оор. Болгон жашообуз суу менен, эптеп жерибизди айдап, алган түшүмдү сатып, оокат кылабыз.

Мурда чектеш айылдардын аксакалдары, жаштары талаштуу маселелерди арай көз чарай отуруп, чечип алышчу экен, кийинки кезде чек арага байланышкан кандай гана маселе болбосун Өзбекстандын борбордук бийлиги гана чечип калган.

Өзбекстан менен 18 чакырым жерде чектешип турган Ак-Там айлынын айыл башчысы Мейманбек Мыктыбековдун айтуусунда чек аранын такталбагынан карапайым калк көп жабыркоодо:

- Мурда Нооруз майрамын эки тарап чогулуп майрамдачубуз. Жаштарыбыз ар кандай спорт оюндарын ойноп, мелдештер болуп туруучу. Биздин Ак-Там айылынын уландысы Өзбекстанда, аларда Ок-Том деп айтылат. Ошол айылдын тургундары менен бир туугандай эле мамиле болуп, кээ бир маселелерди жергиликтүү деңгээлде чечип алчубуз. 2010-жылкы тополоңдон кийин мындай кызматташуулар суу буугандай токтогон. Наркы айылда алар жакка, алардан бизге турмушка чыккан кыздар бар, ошолордун ары-бери каттоосуна аябай оор болуп калды. Өткөндө Өзбекстандын Ок-Том айлына бизден турмушка чыккан бир келиндин иниси эки кап картошка жеткирип, чек арага атын калтырып койсо, өзбек чек арачылары өзүн кармап, атын алып кирип кетишиптир. Кийин кишини коё берип, атын бербей коюшту. Эки тараптан айыл башчылары сүйлөшүп, кайра кайтаралы деп алардын маале комитетинин башчыларын чакырдык. Келе алышкан жок, анткени кандай маселе болбосун жогорку бийлиги аркылуу чечилет.

Кудум эле Жалал-Абаддагыдай жагдай Баткен облусунда да орун алган. Облус губернаторунун орун басары Саитжан Эратовдун маалыматы боюнча, жалпысынан тактала элек кырктан ашуун тилке болсо, алардын негизгиси – Ош-Баткен-Исфана жолу курулуп жаткан Бүргөндү массиви болуп эсептелет. Эратовдун айтуусунда, 2009-жылга чейин Өзбекстан тарап массивдеги алты чакырымдан башка жерди Кыргызстандыкы деп тааныган, бирок 2009-жылы декабрь айында Ташкентте болгон сүйлөшүүлөрдө ошол туштагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов ал документти бир тараптуу жокко чыгарууга макулдугун берип, кол коюп салган:

- 2009-жылдын аягында Данияр Үсөнов Ташкентке барып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тарап мурда тааныган документти өзбек тарап бир жактуу чакыртып алуусуна макулдугун берип салган. Анын ичинде Бүргөндү массиви да бар. Бүргөндү массиви Кыргызстанга таандык, бардык тарыхый документтер муну тастыктайт. Алар бул аймак аркылуу Сох анклавына коридор сурап атышат, бирок биз бербейбиз.

Бүргөндү массивиндеги 11 миң гектар жерди Өзбекстан тактала элек деп эсептөөдө. Эки ай мурун расмий Ташкен Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун дал ушул Бүргөндү массивиндеги курулушуна каршылыгын билдиргени белгилүү. Тактала элек аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө тараптардын акысы жок деп эсептейт Өзбек бийлиги. Бирок кыргыз тарап буга макул эмес.

Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси Кубанычбек Мамаевдин “Азаттыкка” белгилешинче, чек арадагы инфраструктуралык долбоорлор коңшулаш элдердин кызыкчылыгы үчүн иштесе, ага эки тараптан тең тоскоол болбошу керек:

- Чектеш жайгашкан аймактарда коммерциялык максаттагы курулуштар курулса болбойт. Жол, суу – турмушка керектүү нерсе, ошондуктан, эки элге тең пайдасы тиет. Ошондуктан, ушундай протоколдор жазылган.

Кубанычбек Мамаевдин айтуусунда, Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушу аяктаган соң, чектеш жайгашкан өлкөлөрдүн жарандары өтүүчү атайын пункттар белгиленет.
Жалпысынан Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен 1378 чакырым чек аранын 320 чакырымы толук тактала элек.

Улуттар уюмунун “Тынчтык жана Өнүгүү” деп аталган программасы чек аралаш коңшулардагы өзөктүү проблемаларга коомчулуктун көңүлүн бурууну жана чечүү жолдорун табууну максат кылган. Аталган программанын алкагында чектеш жайгашкан аймактардагы чыр-чатактардын алдын алуу үчүн түрдүү долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын ичинде “Алдын алуучу борборлор”, "Сугат системасын жөнөкөйлөтүүчү насостук станциялардын курулуштары" сыяктуу долбоорлорду айтса болот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG