Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Министр сөздөн жаңылдыбы?


Казакстан Кыргызстандан электр энергиясын сатып алуудан баш тартып жатканы боюнча энергетика министри Аскарбек Шадиев билдирди.

“Электр станциялары” акционердик коомунун маалымат кызматы андай расмий маалымат жок экендигин айтып, министр эмнеге таянып ошондой билдирүү жасагандыгына таң калуусун жашырышкан жок.

Энергетика адистери министр сүйлөшүүлөр учурундагы бейрасмий шарттарды ачыкка алып чыккандыгын айтып, аны жоопкерчиликсиз мамиле катары баалашты.

Эки ача билдирүү

Энергетика министри Аскарбек Шадиев 3-май күнү Казакстан буга чейин макулдашылган өлчөмдө электр энергиясын сатып алуудан баш тартып жатканын журналисттер үчүн уюштурулган брифинг учурунда билдирген. Мындан улам ал Казакстан тиешелүү өлчөмдө электр энергиясын албаса, анда Кыргызстан кышкы мезгилде Токтогул каскадында топтолгон сууну бош койо берүүгө аргасыз экендигин белгилеген. Анткени быйыл кар көп жаагандыктан каскадга суу көп топтолгон.

Энергетика министринин жардамчысы Арлан Осмонжанов сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө айкын болгон жагдайлар туурасында буларды билдирди:

- Азыр эми сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Казакстан тарап азырынча электр энергиясын импорттоп албайбыз деп атат. Ал жак муну кошумча электр энергиясын сатып алууга мүмкүнчүлүк жок деген жагдай менен негиздешиптир.

Ошол эле кезде “Электр станциялары” компаниясы Казакстан Кыргызстан электр энергиясын алуудан баш тартты деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Анткени аталган компаниянын өкүлдөрү Казакстан тарап электр энергиясын сатып алууга кызыкдар экендигин айтып, министр кандай маалыматка негизденип билдирүү жасагандыгына таң калуусун жашырышкан жок.

“Электр станциялар” компаниясынын маалымат катчысы Азим Азимов, тескерисинче, Кыргызстандан электр энергиясын сатып алына турган электр энергиясынын көлөмү туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына токтолду:

- Энергетика министри кандай маалыматка таянып, мына ошентип айтканына түшүнгөн жокпуз. Бизде андай маалымат жок. Учурда сүйлөшүүлөрдүн темасы сатып алуу же албоо туурасында эмес, анын көлөмү туурасында болуп жатат. Ошол эле кезде казакстандык энерго компаниялар бизден электр энергиясын алууга кызыкдар экенин айтып, кат жазып жатышат.

Соодалашуудагы “оюндар”

Анткени Казакстанда электр энергиясын өндүрүүнүн наркы өскөндүгүнө байланыштуу быйыл 1-апрелден баштап анын баасы салыгы менен кошкондо
он центке чейин көтөрүлгөн. Бул болсо Кыргызстандан 2,8 центтен сатып алып жаткан энергиядан үч эсе кымбат дегенди түшүндүрөт. Бирок Кыргызстандын сатып өткөрүү рыногу тар болуп жатканынан улам, электр энергиясынын баасын дагы төмөн түшүрүүгө жасаган Астананын амалы болушу мүмкүн дегендер да жок эмес.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев Шадиевдин билдирүүсү анын
сүйлөшүү жүргүзүү чеберчилигинин алсыз экендигинен кабар берет деп эсептейт:

- Бул эми энергетика министринин жоопкерчиликсиз мамилеси. Анын сүйлөшүү жүргүзүү чеберчилигин анча түшүнбөндүгү. Болбосо Казакстан тарапта муктаждык бар экендигин билгенден кийин, алар баш тартып жатат деп жарыялап отурбай маневрдан буйтап өтүп, алар менен жакшы сүйлөшүш керек болчу. Казакстан сугат маалынын алдында жөн эле электр энергиясын сатып албайбыз деп коркутмуш болуп, бизден сууну көбүрөөк берүүнү талап кылып жатышы мүмкүн.

Буга чейин Казакстан жылына 1 миллиард киловат саат электр энергиясын сатып алып келген. 2011-жылы анын көлөмү өсүп, алдын-ала макулдашуунун негизинде 2 миллиард 291 миллион киловатт саатка жеткен болчу. Бирок Казакстан мына ошол макулдашуу боюнча ала турган өлчөмдөн 680 миллион киловат саат электр энергиясы быйылкы жылга калып кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG