Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Энергокардар, укугуңду билип ал!


"Ильич шамы" менен отурбайын десеңиз, укугуңузду билиңиз.
"Ильич шамы" менен отурбайын десеңиз, укугуңузду билиңиз.

Быйылкы узакка созулган кыш энергетика маселелерин кайрадан күн тартибине чыгарды.

“Арай көз чарай” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы энергетика, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн укуктарына арналды.

Талкууга Энергетика министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкулов жана Энергетика министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары Нурзат Абдырасулова катышты.

“Азаттык”: Биздин энергия керектөөчүлөрдүн кандай укуктары бар? Мисалы, пломба бузулду деп негизсиз айып салынса, же электр энергиясы үчүн акча туура эмес эсептелсе...

Абдырасулова: Чындыгында мыйзам боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн бир топ укуктары бар. Алсак, электр энергиясы тууралуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө мыйзамдар, жарандык жана административдик кодекстер, булардан тышкары өкмөттүн токтому менен бекитилген керектөөчүлөрдүн укугун жана милдеттерин тескеген келишим бар.

Биздин укуктарыбыз көп, бирок карапайым эл аларды билбейт. Электр энергиясынын төлөмү туура эмес эсептелсе, же пломба бузулган деп негизсиз айып салынса, сөзсүз түрдө электр энергиясын берген ишкананын өзүнө кайрылып, кардар бул маселелерди көтөрүп чыгышы керек.

Бирок жыйырма жылдан бери элде мындай маселелер чечилерине ишеним жоголгон, кардарлар өз укуктарын билбейт. Ошондуктан ар кандай маселелерди текшерүүчү менен сүйлөшүп, акча менен чечүүгө аракет кылышат. Мунун баары – коррупция. Ага жол бербөө үчүн керектөөчүлөр электр энергиясын берген ишкананын өзүнө, андан да болбосо, керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коом түзүлүп жатат, ошол жакка кайрылса болот.

Чолпонкулов: Көйгөйлөр бар. Биздин текшерүүчүлөр тарабынан да кээде мыйзам бузуулар болот. Ошондуктан ар бир керектөөчү өзү колдонуп келаткан электр энергиясы, аны өчүрүү, пломбаларын бузуу учурунда дыкат болуп, контролерлор акт түзүүсүнө жетишүүсү керек. Эгер кандайдыр бир маселелер болуп калса, райондук электр энергиясын бөлүштүрүү тармагына кайрылышы керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Эсеп кагазда жазылып турат: “эгер үч, же беш күндүн ичинде төлөмдү төлөбөсөңүз, эскертүүсүз өчүрүлөт” деп. Муну керектөөчү эскертүү катары кабыл алууга тийишпи? Ошондой эле пенсиясын, айлык акысын айдын аягында эмес, келерки айдын башында ала турган жарандарга бул кыйынчылык туудуруп жаткан жокпу?

Чолпонкулов: Бул маселе эске алынып, келишимди өзгөртүү аракети жүрүп жатат.

Абдырасулова: Биринчиден, керектөөчү беш күндө эмес, он күн ичинде төлөөгө укуктуу. Экинчиден, эсеп кагазында жазылган ал жазууну керектөөчү эскертүү катары кабыл алалбайт. Анткени мыйзам боюнча эскертүү өзүнчө берилиши керек.

Эсеп кагаздагы жазууну эскертүү деп эсептеп, электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканадан келип, электрди өчүрүп кетсе, акт түзүлүүгө тийиш. Эгер андай болбосо, керектөөчү өзүнүн жарыгы эмнеге өчүрүлгөнүн билбесе, кошуналары да маалым болбосо, бул эскертүү менен өчүрүлдү деп саналбашы керек, керектөөчү үзүлгөн жарыкты кайра улоого акча төлөөгө милдеттүү эмес.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG