Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Кумтөр боюнча сүйлөшүү жанданды


Кумтөр кенинин кечки көрүнүшү.
Кумтөр кенинин кечки көрүнүшү.

“Кумтөр” долбоорунун алкагында биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосунда расмий сүйлөшүү башталды.

Учурда бул сүйлөшүүлөр эксперттик деңгээлде башталып, ага өкмөттүн жана “Центерранын” атайын юристтери катышууда. Анын жүрүшүндө буга чейин бекитилген меморандумдун негизинде орток компания түзүүнүн формасы жана башкаруу шарттары талкууга алынууда.

Укуктук маселенин уюгунда

Канададан учуп келген “Центерранын” юристтери менен өкмөттүн юристтери “Кумтөр” алтын долбоорунун алкагында жаңы түзүлө турган биргелешкен ишкананын укуктук маселелерин талкуулоого киришти. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жабык өтүп, тараптар толук макулдашууга келмейинче анын жыйынтыктары туурасында ачык жарыялабоого макулдашкан. Өз ара макулдашуудан соң биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимдин долбоору даярдалат. Ал долбоор атайын кароодон өткөн соң өкмөт аны парламенттин бекитүүсүнө жөнөтмөкчү.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Токон Мамытов биргелешкен ишкананын укуктук негиздери талкууланып жатканын айтты:

- Азыр “Центеррадан” келген юристтер менен биздин юристтердин ортосунда сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Август айынын этегинде “Центерранын” өкүлчүлүгү менен болгон жолугушууда башында эксперттик деңгээлде иш алып баруу жагы макулдашылган болчу. Азыркы учурда мына ошол ишкана түзүүнүн укуктук жактары жана башкаруунун шарттары боюнча маселелер талкууланып жатат.

Кыргызстандын өкмөтү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болгон шартта дагы Кумтөр алтын кен долбооруна көзөмөлдү талап кылары буга чейин жарыяланган. Бул деген сөз биргелешкен ишкана түзүүдө директорлор кеңешинин жарымы кыргыз тараптан дайындалып, кендеги оперативдүү башкарууга аралашуу ниетин түшүндүрөт. Бирок “Центерра” биргелешкен ишканадагы көзөмөлдөөчү үлүштү убактылуу берип турууну жана менеджментти дайындоодо өз алдынчалык алууну көздөп жатканы айтылган болчу.

Тоо кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев кыргыз тараптын биргелешкен ишкананы акционердик коом түрүндө түзүү демилгеси ишке ашпай турганын белгиледи:

- Мына ошол меморандумда мына ошол ишкана кандай ишкана болот, акционердик коом болобу, жоопкерчилиги чектелген коомбу же жаңы типтеги компания болобу ошол жагы чечилген эмес. Анан эми биз тарап акционердик коом түзүүнү талап кылып жатат. Бирок “Центерра” буга макул эмес. Анткени “Кумтөр Голд” компаниясы анын алдындагы филиал катары болчу. Бул жерде бир топ татаал укуктук маселелер бар.

Чет элдик кеңешчилердин ишинин натыйжасы

Мурда жетишилген меморандумга ылайык Кыргызстан “Центеррадагы” отуз пайыз үлүшүнөн баш тартып, анын ордуна жаңыдан түзүлчү биргелешкен ишкананын 50 пайызына ээлик кылууну көздөйт. Бул багытта “Кумтөр” долбоорун кайра карап чыгууда кыргыз өкмөтү эл аралык юридикалык компаниялардын сунуштарын эске алган.

Талдоочу Орозбек Дүйшеев элүү пайыздык үлүштү башкаруу боюнча сунуш берген чет элдик кеңешчилердин ал сунушун натыйжасыз чара катары баалады:

- Экологиялык жагынан дагы, техникалык коопсуздук жагынан дагы биз биргеликте жооп берүүгө тийишпиз. Анан эми жанагы чет элдик кеңешчилер берген баалуу сунуштар ушулбу? Алар болсо биздин окумуштуулардын изилдөөлөрүн эле жазып берип акысын алып кетип калышты. Алардын акысына эле 190 миллион сом акча төлөдүк. Бирок анын акыбети кайттыбы деген эч ким жок.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “Центерра” менен бир жылга чукул сүйлөшүүдөн кийин Кыргызстандын алтын кендеги үлүшү 50 пайыздан ашпай турганын билдирген. Анын негизинде “Центерра” менен орток ишкана түзүү жагы макулдашылган. Бирок анын шарттары атайын келишимде иштелип чыгары айтылып, бирок мурдагы өкмөт отставкага кеткенден бери Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калган болчу.

XS
SM
MD
LG