Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Апта: Ультиматум жеңди, электрге жаңы тариф...


"Кумтөр оперейтинг компанинин" президенти Майкл Фишер
"Кумтөр оперейтинг компанинин" президенти Майкл Фишер

Электр энергиясына бааны көтөрүү тартиби жарыяланды. Кумтөрдүн иш планын өкмөт бекитип берди. Жогорку Кеңештин акыйкатчынын баяндамасын жактырбоо добушу чыр жаратты.

Өкмөт “Центерра голд инктин” Кумтөрдө кен казуу боюнча быйылкы жылга иш планын бекитип берди. Эгер ал бекитилбесе Кумтөрдө иш 13-июндан тарта токтотуларын “Центерранын” жетекчилиги өкмөткө эскерткен эле. Буга
байланыштуу “Ата Мекен” фракциясы "кайсы бир компания жалпы мамлекетти шантаждоосуна жол бербейбиз" деп иш планды бекитпөөнү өкмөткө сунуштады. Бирок “Ата Мекен” фракциясы өкмөт башчылыкка алып келген Жоомарт Оторбаев аны бекитип берди. Ага чейин президент Алмазбек Атамбаев иш план бекитилиш керектигин Түркияда эс алып жүргөн жеринен билдирген эле. Натыйжада өкмөт 11-июндагы буйругу менен Кумтөрдүн иш планын бекитип берүүнү Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы, Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиктерине тапшырды. Алар иш планды ошол күнү бекитип берди.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев иш план айрым шарттар менен бекитилгенин айтат:

- Азыр башка четинен иштете берсе болот. Мөңгү жакка тийбей, башка жагынан. Мөңгү боюнча уруксат алса, анда ал жактан дагы иштейт. Мөңгү боюнча Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашыш керек.

Иш планды бекитпөөнү өкмөт “Центерра” менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүдө басым катары пайдаланууну көздөп келгендей. Белгилүү болгондой, үлүштөр 50-50% бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана боюнча келишим түзүүгө Жогорку Кеңеш өкмөткө февраль айында уруксат берген. Бирок аны аткарууда жылыш байкала элек. Ал эми “Центерранын” ишти токтотуу тууралу ультиматуму өкмөттү чегинүүгө мажбур кылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков “Центерра” кыргыз өкмөтүнүн алсыз жерин билип алып ошого жараша аракет жасап жатат дейт:

- Кумтөрдө мөңгүнү талкалоого уруксат берди. Ал эми келишим боюнча аягына (өкмөт - ред.) чыга албайбыз дейт. Ар кандай суроолор пайда болуп калыптыр. Алар ("Центерра" - ред.) акционердик коом кылабыз деп жатыптыр, биздики биргелешкен ишкана түзөбүз деп турат. Ошону менен алар макул болбой коюшуптур. Алар биздин өкмөттүн алсыз жерин таап алышты. Каалабасаңар анда консервация кылабыз, токтотобуз деген.

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдү токтотуу экономикада жана бюджетте олуттуу жоготууларга алып келет деп эсептеп, кенди токтотууга каршы чыгып келет. Кумтөр Кыргызстандын өнөр жайынын 24%, ички дүң продукциянын 7.7% түзөт. Жыл ичинде 5 млрд. сомдон ашуун салык төлөйт. "Манастан" Транзиттик борбордун чыгышы менен олуттуу финансылык жоготууга учураган өкмөт үчүн дагы бир реалдуу булактан ажыроо оңой эмес.

Электр энергиясына жаңы тарифтер

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электр энергиясы боюнча жаңы тариф саясатын жарыялады. Ага ылайык 1-июндан тарта тариф өзгөрөт. Үч фаза колдонгон абоненттерге баа көтөрүлүп, ал эми катардагыларга 70 тыйын бойдон калат. Министр Осмонбек Артыкбаев бул саясатты мындай түшүндүрдү:

- Үч фаза колдонгондор элдин 4% түзөт. Алардын саны 120 миң абонент. Ошолор кышында жалпы электр энергиянын 48% колдонуп коюп жатат. Калгандарга энергия жетпей жатат. Ошого байланыштуу үч фаза колдонгондорго 1 сом 20 тыйын болот деп сунуштап жатабыз. Ал эми жалпы элге 70 тыйын бойдон калат.

Бирок жалпы элге тарифтер келерки жылдан тарта инфляцияга жараша өсүп турат. Маселен, 2015-жылы 1-апрелден тарта 70 тыйындан төлөгөн абоненттер 84 тыйындан төлөшөт. 2017-жылга чейин мындай абоненттер 1 сом 20 тыйындан, ал эми үч фаза колдонгондор дээрлик 1 сом 50 тыйындан төлөп калат.

Кыргызстандын энергетика тармагы оор абалда экенин бардык тараптар белгилеп келатат. Адистер жана эксперттер андан чыгуунун эки жолун сунуштап келет. Маселен, Энергетика министрлиги тарифти көтөрүүнү сунуштаган. Кыргызстандын энергетика тармагына кошумча 25 млн. доллар насыя бөлгөн Дүйнөлүк банк азыркы абал сакталса эки жылдан кийин тармак эң оор абалга кириптер болорун эскертип, тарифтерди көтөрүүнү жактоодо.

Экинчи тарап энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана жоготууларды кыскартууга баруудан кийин тариф саясатын өзгөртүүнү сунуштап келатат. Аны көбүнчө оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана адистер жактоодо. Азыр бийликте отурган саясатчылар да кезинде дал ушундай ураанды көтөрүп, тарифтин көтөрүлүшүн элдин көтөрүлүшүнө айлантканы маалым. Натыйжада энергетика тармагы мына ушундай саясаттын куралына айланып, андан жабыркап келатат.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстан жылына 14 млрд. киловатт сааттын тегерегинде электр энергиясын өндүрөт. 2013-жылы тармак энергия сатуудан 11 млрд. 400 млн. сом киреше алган. Ал эми чыгашасы 16 млрд. сомдон ашып кеткен.

Энергетика тармагынын абалы Токтогулда суунун аздыгы менен татаалдашууда. Ал эми “Кыргызгаздын” сатылышы менен түштүк региондо газдын жоктугуна байланыштуу маселени кандай жана качан чечүүнү өкмөт билбей турат. Жогорку Кеңеште жабык каралганда маселени чечүүнүн жолун өкмөт сунуштай алган эмес. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Абдырахманов билдирди:

- Бир мындай жиптин учугу чыккан жок. Сөздүн учугу чыккан жок. Биз сүйлөшүп жатабыз, мындай шарт койду, мындай мамилеге келдик деген эч кандай түшүнүк жок.

Ал эми "Газпром" “Кыргызгазды” толук алып бүтө элекпиз деген шылтоо менен четке чыгууда. “Кыргызгаз” боюнча келишим ратификацияланып, тышкы иштер министрликтери нота алмашып, соңку документтерге кол коюлгандан кийин "Газпромдун" тайсалдап жатуусу түшүнүксүз.

Кыргыз өкмөтү газдын токтотулушуна жооп иретинде Чоң Наманган каналын оңдоп түзөөгө жабуу ниетин билдире баштады. Үч-Коргон ГЭСинен башталган ал канал аркылуу Өзбекстандын Наманган облусуна секундасына 30 куб метр суу барат. Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин айтымында, каналды оңдоого жабуу адистердин сунушу менен өкмөттө каралат. Сууну жабуу Ташкен тараптан Кыргызстанга каршы дагы кандайдыр бир чараларды кабыл алышына алып келиши мүмкүн.

Акыйкатчыны "алсыратуу"

Узап бараткан жума Кыргызстандын ички саясатында акыйкатчы Бакыт Аманбаевди кызматтан кетирүү максатында чечимдер менен коштолду. Шаршемби күнү Жогорку Кеңеш 58 добуш менен акыйкатчынын 2013-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасы жактырылбасын деп токтом кабыл алды.

Бирок бир катар депутаттар алардын добушу туура эмес саналганын билдирип чыкты. Депутат Дастан Бекешов ал добуш бербесе да анын добушу баяндама жактырылбасын дегендердин катарында болуп калганын билдирди:

- Мен кнопканы баскан эмесмин. Ага карабай компьютерде жактырылбасына макул деп чыгып калды. А мен өзүм залда болуп, бирок компьютерден эки-үч метр алыс тургам. Бул кандай болгонун билбей калдым.

Ошондуктан акыйкатчы боюнча маселе кайра добуш берүүгө коюлуш керек дейт Дастан Бекешов.

Жогорку Кеңештин Регламент жана этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева бул маселе комитеттин 17-июнда боло турган жыйынынын күн тартибине киргизилгенин билдирди:

- Комитет чечет. Же кайра добуш берүүгө жөнөтүлсүн, же ошол бойдон калсын деп. Эки сунуштун бирине добуш берет. Ага чейин комитет мүчөлөрү талкуулайт. Процедура бузулдубу, бузулбадыбы карайбыз. Эгерде бузулса, анда кайра добуш берүүгө чыгарылат, бузулбаса чыгарылбайт.

Эгерде шаршемби күндөгү добуш берүү күчүндө калса, анда Жогорку Кеңеш акыйкатчынын иши боюнча депутаттык комиссия түзөт. Анын корутундусуна жараша парламент чечим кабыл алат.

Акыйкатчынын баяндамасы жактырылбасын деп көпчүлүк коалициянын депутаттары, өзгөчө КСДП фракциясынын мүчөлөрү аракет жасоодо. Алар акыйкатчы 2013-жылы эки ай гана иштегенине карабай, ал "саясатташып кетти" деген жүйөө менен бери дегенде колу-бутун тушап, болбосо кызматтан алып түшүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG