Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Ооганстанда кыргызстандык жоочу аял өлгөнү кабарланды


Забул провинциясындагы коопсуздук күчтөрү
Забул провинциясындагы коопсуздук күчтөрү

Ооганстандагы коопсуздук күчтөрүнүн аскерий операциясы учурунда кыргызстандык бир аял каза таап, дагы бири жаракат алганы айтылууда.

5-марттагы аскерий операция учурунда 50дөй согушкер жок кылынган. Ооган коопсуздук күчтөрү алардын 21и чет элдиктер экенин, арасында орусча сүйлөгөн борбор азиялыктар да болгондугун айтып чыгышты.

Өткөн жумадагы аскерий операция февралда Забул провинциясында туткунга алынган хазара улутундагы 30 адамды бошотууга багытталган. Ооган армиясынын генералы Абдул Хамиддин айтымында, жок кылынгандардын 21и чет өлкөлүктөр, көпчүлүгү кыргыздар болгон. Каза болгон согушкерлердин бири кыргыз аял. Жараат алгандар арасында да кыргыздар болгон.

Айрым талдоочулар Ооганстандагы согушкерлер арасында кыргыз жарандары бар экенин четке кагышпайт.

"Эки аял тең кыргызстандык"

Ооганстандагы казак элчилиги “Азаттыктын” казак кызматына аскерий операция учурунда каза тапкан аял кыргыз болуп чыкканын маалымдады.

Казак элчилигинин өкүлү 7-мартта билдиргенге караганда, Ооганстандын Забул провинциясындагы өкмөттүк күчтөрдүн барымтадагыларды бошотуу операциясында бири каза таап, дагы бири жаракат алган аялдар кыргызстандык болгон. Аталган элчиликтин өкүлү жаракат алган кыргызстандык аял азыр Кандагар шаарындагы ооруканада дарыланып жатканын кошумчалады.

Ал эми Ооганстанда жок кылынган согушкерлер арасында кыргызстандыктар болгон-болбогонун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2-3 күндөн бери тактап жатат. Министрликтин өкүлү Турдакун Сыдыковдун айтымында, ар кайсы булактан түрдүү маалыматтар айтылып жатканы менен, ал расмий тактала элек.

- Биздин Ооганстандагы элчилик аркылуу тактап жатабыз. Казак элчилиги кайсы булактарга таянып айтып жатканы боюнча маалыматыбыз жок. Балким аларга ошол провинциядагы укук коргоо органдары билдиргенби, билбейм. Эми азыр тактап жатабыз, бирок расмий алар кыргызстандык экен деген маалымат тактала элек.

Ушундай эле тактоо иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да жүргүзүүдө. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Ооганстандагы согуш жүрүп жаткан аймакта кыргыздар жок деп, кесе айтууга болбой турганын билдирди:

- Бул маалымат боюнча кылдат териштирүү иштери жүрүп жатат. 2014-жылы Ооганстандын эки жараны Кыргызстанда кармалган. Алар мыйзамсыз чек арадан жарандарды өткөрүп жүрүшкөн. Алар Ооганстандан Кыргызстанданга өткөрүп жүрүшкөнбү же Кыргызстандан Ооганстангабы, азыр ошол иш кайра териштирилип жатат.

Ооганстанга кеткендер буга чейин да болгон

Анткен менен УКМКнын мурдагы төрага орун басары, генерал Артур Медетбеков Ооганстандагы согуш жүрүп жаткан аймактарда кыргыздар болушу толук мүмкүн экенин айтууда. Медетбеков өз маалыматына таянып, буларга токтолду.

- Ачыгын эле айтайын, мен мурда иштеп жүргөн жылдары азыркы Сирия, Ирак деген проблемалар жок эле. Бирок Ооганстанга кетип калган кыз-келиндер болгон. Учурунда УКМКнын жардамы менен ал кыз-келиндерди кайра алып келгенбиз. Ал жерде кыздар көбүнчө күйөөгө тиет, үй жумуштарын кылышат.

24-февралда Забул провинциясында беткапчан жана куралчан адамдар Кабулга бараткан эки автобустагы 30дай хазара улутундагы шиит мусулманды барымтага алышкан. Аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа берген эмес. Ага ылайык, 5-мартта коопсуздук күчтөрү барымтадагыларды бошотуу боюнча атайын операция жүргүзгөн.

Хазаралар Ооганстандын түштүгүндө жашаган этникалык топ. Алар өлкө калкынын сегиз пайызга жакынын түзөт. Хазаралар исламдын шиит багытын тутунганы үчүн талиптер аларды "динсиз" деп атап, ар кыл зордук-зомбулуктарды көрсөтүп келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG