Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Көлбаев бошотулганы такталууда


Камчы Көлбаевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя.
Камчы Көлбаевге издөө салган Интерполдун сайтындагы жарыя.

Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыгып, жакында Бириккен Араб Эмираттарында камакка алынган Камчы Көлбаев бошотулганы кабарланууда.

Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Мындай маалыматты азырынча Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура тастыктай элек, бирок төгүндөшкөн да жок.


Көлбаев шектелген кылмыш далилденбеди


Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын соту 6-август күнү Камчы Көлбаевди мындан нары аны абакта кармоого негиз жок деген шилтеме менен эркиндикке чыгарды.
Көлбаевдин ал жактагы зер дүкөндү карактоого катышы барлыгы тастыкталган жок. Чындыгында эле бир дүкөнгө кол салуу болуп, ага кайсы бир азият улутундагылар шектелген экен.



Быйыл 21-июль күнү Көлбаев өзүнүн санаалаштары Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов менен биргеликте зер буюмдар дүкөнүн карактаган деген шек менен жергиликтүү полиция тарабынан камакка алынган болчу. Көлбаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов анын аракеттеринен кандайдыр бир кылмышка шектүү негиздер табылган жок деп билдирди:

- Мурда айтылгандай анын ал жактагы зер дүкөндү карактоого катышы барлыгы тастыкталган жок. Чындыгында эле ал жакта бир дүкөнгө кол салуу болуп, буга кайсы бир азият улутундагылар шектелген экен. Полиция сырттан баргандардын бардыгын чакырып иликтей баштаган. Анан Көлбаевдин абак жайынан качты деп Интерполго издөөгө берилген эски иши чыгып калган. Ал иш боюнча Көлбаев Чүй облустук соту тарабынан акталгандыгы аныкталган соң, аны андан ары кармоого негиз жок деген себеп менен бошотушту.

Адвокат Икрамидин Айткулов Камчы Көлбаев менен кошо камалган Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов абактан бошогон-бошобогону тууралуу маалыматы жоктугун, алардын иши менен алектенбегенин кошумчалады.


Бээ көрдүңбү жок...


Бул маалыматты тактоо максатында Кыргызстандын Эмираттагы башкы консулдугу менен байланышуудан жыйынтык чыккан жок. Башкы прокуратуранын расмий өкүлдөрү да бул туурасында комментарий берүүдөн баш тартышты.
Укук коргоо органдары катуу күпүлдөп алышып, анан ушул иштин аягына чыга албай калышкандыгы өкүнүчтүү. Мен Көлбаев кармалыптыр, аны кайтарып алып келишет экен дегенде эле буга ынанган эмесмин.
Кубатбек Байболов


Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчисинин орун басары Бакыт Сейитов болсо Көлбаевдин боштондукка чыгып-чыкпагандыгы учурда такталып жаткандыгын белгиледи:

- Биздин Ички иштер министрлигине ошол жактан кандайдыр бир анын бошотулгандыгын тастыктаган, же төгүндөгөн маалымат келип түшкөн жок. Бирок биз өзүбүздүн каналдар жана Интерпол аркылуу бул жагдайды иликтеп жатабыз. Бирок биз Көлбаев боюнча документтердин бардыгын башкы прокуратурага өткөрүп берген соң, мына ошол орган аягына чейин алектениш керек эле. Мына ошондуктан бул тууралуу азыр тастыкталган маалымат жок.

Камчы Көлбаев кармалгандан кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары аны кылмыш топторун уюштурган жана маңзат соодасы менен алектенген деп сыртынан айыбын угузган болчу. Мына ушундай негизде башкы прокуратура аны Кыргызстанга кайтаруу талабы менен Абу-Дабиге кайрылган.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов тергөө органдары Көлбаевди кайтарып келип, жоопкерчилике тартууга жетиштүү далилдерди чогулта алышпагандыгына басым жасады:

- Бул эми жөн эле шөкөттөлгөн жарнама болуп калды да. Укук коргоо органдары катуу күпүлдөп алышып, анан ушул иштин аягына чыга албай калышкандыгы өкүнүчтүү. Мен Көлбаев кармалыптыр, аны кайтарып алып келишет экен дегенде эле буга ынанган эмесмин. Себеби мен ага байланыштуу материалдарды билем. Ал жерде Көлбаевге байланышкан жетиштүү далилдер жок жана аны чогулта да алышкан эмес. Менимче, бул жактан барган анын айыбын далилдөөчү документтер ынандырарлык деңгээлде даярдалган эмес.

Буга чейин Кыргызстандын ички иштер министрлиги Камчы Көлбаевдин кармалышы менен уюшкан кылмыштуулуктун уюгу биротоло талкалангандыгын жарыялаган болчу. Саясий чөйрөлөрдө
Камчы Көлбаевди бошотууга өтө таасирдүү күчтөр аралашкан болушу мүмкүн деген божомолдор үстөмдүк кылууда.

Буга чейин Камчы Көлбаевди АКШ президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң ири “Маң зат королдору” аттуу кара тизмеге кошкону да айтылган. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн ана башы”, “мыйзамдагы ууру” катары таанымал Камчы Көлбаев азыр 37 жашта.

Мындан 20 күндөй мурдараак башкы прокурор Аида Салянова "Азаттыктагы" маегинде Бириккен Араб Эмирлигинде камакта отурган Камчы Көлбаевди Кыргызстанга алып келүүнүн эл аралык жол-жоболору бар экенин айткан эле.

XS
SM
MD
LG