Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Салянова: Көлбаевдерди алып келүү аргасы бар


Адилет министри Аида Салянова.
Адилет министри Аида Салянова.
Азыр Бириккен Араб Эмирлигинде камакта отурган Камчы Көлбаевди, Алманбет Анапияевди жана Адилет Касеновду Кыргызстанга алып келүүнүн эл аралык жол жоболору бар экенин башкы прокурор Аида Салянова 14-августта “Азаттыкка” маегинде билдирди.

Салянованын айтымында, 2000-жылы эл аралык уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган конвенцияга Кыргызстан да, Араб Бириккен Эмирлиги да кирген. Ошого таянып Кыргызстан аталган үчөөнү өткөрүп берүү талабын АБЭге жиберди. Бирок азыркы учурга карат ал жактан жооп алына элек.

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн анабаштары делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов Араб Бириккен Эмирлигинде "зергер дүкөнүн тоноду" деген шек менен 18-июлда колго түшүрүлгөн.
1-июнда АКШ президенти Барак Обама кыргызстандык Камчыбек Көлбаевди дүйнөдөгү кооптуу делген он маңзат барондорунун катарына кошкон болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG