Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Муканова: Коррупцияга каршы орган эркин болушу керек


Бүгүн Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө. Кыргызстандагы коррупциянын абалы, ага каршы күрөшүү боюнча жаңы демилгелердин күңгөй-тескейи тууралуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин жетекчиси Нурипа Муканова маек курду.

- Нурипа айым, коомчулуктун басымдуу бөлүгү коррупция дегенде майда-барат пара алуу, же берүү фактыларын айтышат. Деги коррупция деген эмне? Кылмыш кодексинде кандай каралган?

- Кылмыш-жаза кодексинде коррупция боюнча 303-берене бар. Анда калыптанган кылмыштуу байланыш деген нерсе бар. Андан тышкары 303төн 316га чейинки беренелердин баары коррупция деп эсептелет. Ал жерде акча таратуу, пара алуу, сыйлоо жана кызматтык абалдан ашкере пайдалануу өңдүү жагдайлар бар.

- Адистер бийликтин бутактарында биргелешип жасаган коррупциялык аракеттер көпчүлүктүн көз жаздымында калганын айтып келишет. Анын үстүнө коррупция боюнча соттолгон адамдар дээрлик жок дешет. Сизде кандай маалымат бар?
Коррупцияга каршы күрөшүүчү органдарда аябай күчтүү аналитика болушу керек.

- Чындап эле коррупция боюнча соттолгондор жок. Бирок кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча соттолгон адамдар бар. Ошол боюнча жумушунан алынган учурлар кездешкен. Бирок 303-берене менен жоопкерчиликке тартылган кишилер жок.

- Мунун себеби эмнеде? Бул беренеге ылайык келген мыйзам бузуулар жок дегенди түшүндүрөбү, же алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй жатканынын белгисиби?

- Бул коррупция дегенди далилдеген аябай кыйын экенин көрсөтөт. Ошондой кылмыштын белгиси бар экенин тастыктап, далилдөөчү маалыматтарды топтоо аябай кыйын. Ошондуктан алигиче соттолгондор жок болуп жатат.

- Кыргызстанда УКМКнын алдында коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгын ачуу демилгелери канчалык жөндүү? Негизинен коопсуздук багытында иш алып барган Улуттук коопсуздук комитетинин алдында экономикалык багыттагы маселе боюнча башкармалыктын түзүлүшү кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн?
Чындап эле коррупция боюнча соттолгондор жок. Бирок кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча соттолгон адамдар бар.

- Биз бул суроону үч-төрт күн мурда тегерек үстөлдө талкуулаганбыз. Анда коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы өзүнчө мекеме болушу керек деп айтылган. Бирок УКМКнын алдында түзүлөрү айтылган эмес. Балким Финполдун алдында түзүлөт, же финпол өзү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча өзгөртүлөт. Бирок биздин көз карашыбыз боюнча, ошондой орган түзүлө турган болсо, ал орган көз карандысыз болушу керек.

- Демек УКМКнын алдында түзүлсө жетиштүү натыйжа бербей калышы мүмкүнбү?

- Натыйжа бериши мүмкүн. УКМКнын чалгындоо кызматы бар, бирок аналитикасы жок. Негизи коррупцияга каршы күрөшүүчү органдарда аябай күчтүү аналитика болушу керек. Анткени аларда эскертүүчү маалыматтар болушу абзел. УКМКнын алдында болсо, ошондой эскертүүлөр болбой калышы мүмкүн деп коркобуз. Бирок жазалоо багытында УКМК натыйжалуу иштеши мүмкүн.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG