Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:19

КТРК жетекчиси журналисттерге отчет берди


Коомдук биринчи каналдын баш директору Кубат Оторбаев журналисттердин алдында 2013-жылы жасалган иштер боюнча отчет берип, талаш жараткан суроолорго жооп берди.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев 2013-жылы жасалган иштердин көрүнүктүүлөрү катары жаңы ачылган “Музыка”, “Баластан” кошумча каналдарын, “Достук” радиосун жана Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган аудио жана видео топтомдордун жарык көрүшүн белгиледи. Анын айтымында, кошумча ачылган каналдардын баары санарипке өтүү жараянынын алкагында жасалган.

Оторбаев КТРКга байланышкан суроолорго да жооп узатты. Суроолордун басымдуу көпчүлүгү коомчулукта чуу жараткан “Аалам сырлары” реалити-шоусуна байланышкан аудио жазуунун тегерегинде болду. Ал КТРКнын айрым кызматкерлери 20 миң доллар пара талап кылды делген аудио тасманын артында кимдер турарын мындайча жоромолдоду:

- Бул аудио боюнча эки-үч вариант бар. Биринчиси - бул ишти ошол Дана Абдыбекова менен Асыл Апасова чогуу жасашы мүмкүн. Экинчиси - Абдыбекова Оторбаев менен Апасованын атын сатып, өзү жалгыз жасашы мүмкүн. Үчүнчүсү - ошол арызданган адамдардын өздөрүнүн катышуусунда атайын жасалышы да мүмкүн. Ошондуктан бул ишти кылдат иликтеп, анан жыйынтык чыгаруу керек.

Оторбаев мындан сырткары, 20-февралда интернетке чыгып кеткен аудиодо “Аалам сырлары” теледолбоорунун катышуучусу Индира Исманкуловадан пара талап кылган айым Дана Абдыбекова экени, ал КТРКда иштебесе да, аталган долбоорго жардамдашып жүргөнүн тастыктады. Аудио жазуу учурда Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген жана аталган долбоордун уюштуруучулары тергөө иштери бүткөнчө иштеринен убактылуу четтетилген. Журналисттердин айрымдары КТРКдан кеткен берүүлөрдө бир тараптуулук болуп жатканын айтышты эле, башкы директор мындайча жооп узатты:

- Менин оюмча “Ала-Тоо” маалымат программасынын өзүндө бир тараптуулук жок. Адамдык факторго байланыштуу кээ бир кабарчылар бирөөнүн пикирин ала албай калышы мүмкүн. Бирок биздин ички редакциялык саясат боюнча тең салмактуулукту, калыстыкты камсыз кылганга аракет кылып жатабыз.

Медиа-эксперт Авланбек Жумабаев КТРК мамлекет тарабынан каржыланып жаткандыктан анын саясатын жүргүзүүгө мажбур деген пикирде:

- Албетте, мамлекет бул каналды каржылап жаткандыктан өз саясатын жүргүзөт. Бирок КТРКны канчалык коомдук кылганга аракет кылсак да, каналдын табияты ал нерсеге жооп бербейт. Анткени каржылоо булагы, башкаруу деген маселелер чечилген эмес.

Коомдук каналдын байкоочу кеңешинин мүчөсү Фархад Бекманбетов КТРКда жакшы иштер жасалып жатканын танбайт. Бирок ал жакшы саамалыктарды жетекчиликтин айрым катачылыктары жууп кетип жатканын айтууда:

- Мыйзамда жана башка жерде коомдук деп жазып койгонубуз менен иш жүзүндө коомдук канал болбой жатышына адамдык фактор чоң роль ойнойт экен. Бул жерде канал жетекчилигинин орду чоң. Биз канчалык көзөмөлдөп, мындай кыл деп үйрөтпөйлү, жетекчилик тарабынан айрым каталар кетип, берүүлөрдө бир беткейлик орун алган учурлар да жок эмес. Муну ачык айтыш керек.

Быйыл бюджеттен КТРКга 380 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлүнсө, анын 180 миллиону сигналдарды элге жеткирүүгө кетет.

Кыргызстан 2006-жылкы Женева келишимине ылайык, 2015-жылы толугу менен санариптик берүүгө өтүшү керек. Бирок адистер керектүү 100 млн. сомдун убагында бөлүнбөй жатышы ишти кечеңдетиши толук мүмкүн экендигин айтып, коңгуроо кагып келишет.
XS
SM
MD
LG