Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Оторбаев: КТРКда караламай тыйылды


Коомдук телерадио корпорациясынын башкы деректири Кубат Оторбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: КТРКнын азыркы Байкоочу кеңеши бир жарым жылдай убакыт иштеди. Байкоочу кеңеш менен иштөө купулуңузга толдубу?

Кубат Оторбаев: Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары тармагында Байкоочу кеңеш биринчи жолу болду. Акыркы бир жарым жылда ишти жаңы баштасак да, мурда тажрыйба жоктугуна карабай биз Байкоочу кеңеш менен бир топ жакшы иштерди жасадык. Тактап айтканда, Байкоочу кеңеш каналдын уставын карап бекитти. Редакциялык саясатын аныктады. Структурасын бекитип берди. Андан сырткары да алгоолошуп бир топ иш жасадык.

“Азаттык”: КТРКнын Байкоочу кеңеши тарап, кайра жаңысы түзүлгөнү жатат. Эми коомдук каналдын жетекчиси катары сиздин тагдырыңыз кандай болот?

Кубат Оторбаев: Мыйзамдын өзүндө азыркы башкы деректир жөнүндө, алтургай башкы деректирди кайра чакырып алуу боюнча процедуралар көрсөтүлгөн эмес. Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктары деген беренени карай турган болсок, ал жерде башкы деректирди үчтөн эки добуш менен сынактык негизде шайлайт деп гана жазылган. Ал эми азыркы башкы деректирди, башкача айтканда мени кандай жол менен чакырып алышары көргөзүлгөн эмес. КТРК тууралуу кечеки жыйында да бул маселе көтөрүлдү. Анда юристтердин өздөрү да бул маселеге таң калып жатканын билдиришти. Негизи чакырып алуунун жол-жобосу болушу керек.

Экинчиден, мен 2010-жылдын 3-декабрында 5 жылга шайлангам. Эми кандай болот, ошол жаңы Байкоочу кеңеш келгенден кийин бул маселени бир орток пикир таап чечебиз го деген ойдомун.

“Азаттык”: Эгер кайра шайлоо болсо, сиз катышасызбы?

Кубат Оторбаев: Шайлоо болсо ага менин катышышым логикалуу деп эсептейм. Эки жылга жакын убакыт ичинде бир топ жумуштарды жасадык. Бир топтору алдыда турат. Атап айтканда, цифралык көрсөтүүгө даярдык көрүп жатабыз. Коомдук каналдын музейин ачалы деп жатабыз. Эң негизгиси, радиодогу жана теледеги архивдерди ирээтке салып, алтын фонд түзүп, быйылтадан тарта диск чыгара баштасакпы деп турабыз.

“Азаттык”: Ушул тапта "КТРК аты өзгөргөнү менен заты көп деле өзгөргөн жок, бийликтин камчысын чабат, Өмүрбек Бабановду көп көрсөтөт, айрым материалдар бир жактуу берилет" деген сөздөр көп айтылат. Бул дооматтар жүйөлүүбү?

Кубат Оторбаев: Негизинен бийликтин үч бутагынын, президенттин, өкмөттүн ишин биз баары бир чагылдырышыбыз керек. Анткени бизден башка алардын ишин толук чагылдырган бир дагы ММК жок. Экинчиден, жанагындай сөздөр чыкса, бизден чындыгында кемчилик кетип жатышы мүмкүн. Эми мунун баары шайлоолор бүтүп, бир жаңысыл болгондон кийин өз нугуна түшөт го деген ойдомун.

“Азаттык”: Коомдук канал КТР кезинде “ак үй, көк үйдөн” тескеген чалуулар көп болот деп айтылчу. Мындай ыкма азыр тыйылды деп айта аласызбы?

Кубат Оторбаев: Баары бир биз коомдогу башка күчтөр менен, башка катмарлар менен, ошол эле “ак үй, көк үй” менен кызматташып келебиз. Ошол жактан суранычтар болсо, “мобул маалыматты чагылдыралы, же болбосо ушундай маек уюштуралы”, десе муну буйрук катары эмес, кызматташуу катары караш керек.

Бирок, экинчиден, мен айта алам, КТРКда акыркы 2 жылга жакын убакыт ичинде сөз эркиндиги мурда болуп көрбөгөндөй жакшы жагына өзгөрдү. Мен чоң нерселерди мисал келтирейин, мына президенттик, парламенттик шайлоолор кандай чагылдырылган, муну ошондон билсе болот.

Биз азыр деле эки тарабын, үч тарабын, бардык тарабын көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз. Бизде бирөөнүн тапшырмасын аткарып, бирөөлөрдү каралады деген нерсе жок. Муну эксперттер да, иликтөөлөр да көргөзүп жатат. Баягыдай заказ материал азыр жок. Мен муну ишенимдүү айта алам.
XS
SM
MD
LG