Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

«Кара пиар» кайрадан эфирде


Ош жана Бишкек мэрлерин шайлоо астында маалыматтык тиреш күчөдү. 13-январь күнү КТРК, ЭлТРК жана 5-каналдан Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовду бир жактуу каралаган материалдар берилди.

Бул маалыматтын бир күндө минтип бир нече телеканал аркылуу берилүүсүн айрым талдоочулар шайлоо алдындагы "кара пиар" жана азыркы бийлик Бакиевдик режимдин ыкмаларын жандантты деп баалашууда.

Ошол эле учурда Мелис Мырзакматовго тиешелүү ОшТВ телеканалы да маалыматтык таймаштан артта калбай, Мырзакматовду мактап, саясий чакырыктарды жасап келе жатканы тууралуу пикирлер бар.

Талдоочулардын басымдуу бөлүгү Мелис Мырзакматовду бир жактуу каралоо "кара пиар" экенин, бул бийлик мурунку бийликтердин жолоюна түшүп алганын айтышууда. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев мамлекетке көз каранды болгону менен коомдук деген макамы бар телеканалдар мындай маалыматтарды бергени туура эмес деген пикирин айтты:

- Мындай материалдардын мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу берилгени туура эмес болуп калды. Себеби мындай нерсе мурда да байкалган: мамлекеттик телеканал аркылуу бийликтин кайсы бир саясий тарап боюнча көз карашы таңууланып берилген. Өзгөчө бул биздин Коомдук телеканалдан кеткени өкүндүрөт. Мамлекеттик статусу болгону менен бул телеканалдар коомдун кызыкчылыгында иштөөчү канал. Мелис Мырзакматов тууралуу бир жактуу материалдар эфирге берилген соң, мүмкүн болушунча калыс болуу үчүн экинчи тараптын да пикирин берүүгө аракеттенсе болмок. Маалыматтык саясат калысыраак жүргүзүлсө жакшы болот эле.

Марат Токоев бул телеканалдардын жетекчилери бийликтин таасирине туруштук бере албай калып жатышат деп эсептейт.

КТРКнын Байкоочу кеңеш мүчөсү Сабырбек Муканбетов эл төлөгөн салыктан каржыланган коомдук телеканалдардан мындай бир жактуу маалыматтын берилүүсү акылга сыйбаган иш деп эсептейт:

- Коомдук телерадиокорпорациясы тарабынан бир жактуу материалдар буга чейин да эфирге кое берилип жүргөн. Байкоочу кеңеш бир нече жолу эскертүү бердик. Бирок дагы жакында Мелис Мырзакматов тууралуу бир жактуу, анын саясий оппонентине таандык иштерди да ага таңуулап, каралаган телеберүү КТРКнын эфиринен кетти. Бул эң ириде телеканалдын аброюнан мурда, ага мындай буйрутмаларды берген бийликтин аброюн төмөндөттү.

Мырзакматов тууралуу макаланы эфирден берген КТРК, ЭлТРК жана 5-каналдын жетекчилери дээрлик бардыгы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабырбек Муканбетов мындай “кара пиар” материалдын эфирден берилүүсүнө телеканал жетекчилерин күнөөлөө туура эмес, мунун артында бийлик турат деген пикирде:

- КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев Мырзакматов тууралуу материалды экинчи тараптын да пикирин берүү менен чыгарууга укугу бар болчу, а түгүл бийлик алып келген буйрутма маалыматты эфирге чыгарбай коюуга да укугу бар. Бирок ал аны пайдалана алган жок. Анткени, анын жетекчилик тагдырын чечүүчү Байкоочу кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү ошондой “саясий сасык” буйрутмаларды бердирген бийлик тарапта тургандар. Балким биз демократиялык ачык-айкындыкты талап кылган мүчөлөр көбүрөөк болуп, Кубат Оторбаевге жардам бере алганыбызда, ал өз позициясына бекемирээк тура алмак.

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов 2010-жылкы июнь коогасынан кийин шаарды калыбына келтиргени, өнүктүргөнү тууралуу арбын айтылып келчү. Мындай пикирлер Мырзакматовго таандык ОшТВ телеканалы аны мактап-жактаган телеберүүлөр эфирден бир жактуу берилип жатышынын натыйжасы деген оюн Ош шаар кеңешинин депутаты, “Республика” партиясынын мүчөсү Арфидин Аланов “Азаттык” менен бөлүштү:

- Ал көрсөтүүдө көпчүлүгү туура берилген, менимче телеканалдар аркылуу аны берүү туура болду. Мына ОшТВ дайыма бир жактуу маалымат берет, аны эмне үчүн айтпайсыңар? Маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарды эч карабайт, бүтүн эле бир жактуу берип жатат. Биздин пикирибизди такыр сурабайт, материал берсең чыгарбайт.

ОшТВ телеканалынын башкы директору Эрнис Кыязов болсо муну четке кагып, өзү жетектеген телеканалдан ошол мамлекеттик телеканалдар бербей, жашырып жаткан маалыматтар гана берилип жатканын белгиледи:

- Ош ТВ бир жактуу маалымат берет дегенге кошулбайм. Биз ошол КТРК, ЭлТРК сыяктуу бийликтин телеканалдары айтпай, көрсөтпөгөн маалыматтарды берип жатабыз. Алар бир жактуу маалымат берип, ал эми көрсөтпөй, айтпай койгон жактарын биз көрсөтүп жатабыз. Мисалы биз ошол КТРК толук көрсөтпөй койгон “Азаттыктын” Батукаев тууралуу телеберүүсүн толугу менен көрсөттүк. Анткени бизде Бишкекте жана өлкөнүн түндүк аймактарында кабарчыларыбыз же филиалыбыз жок. Республикалык масштабдагы маалыматтар башка басылма, теле-радиолор тарабынан кандай жазылып, кандай чагылдырылса, аларга шилтеме берүү менен берилет.

Ар кандай саясий иш-чаралардын, шайлоолордун алдында маалымат каражаттары эки жээкке бөлүнүп, оппозициячыл-позициячыл болуп калары турган иш. Бирок бул жолу минтип мамлекеттик телеканалдар менен менчик телеканалдардын ортосундагы бөлүнүү өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч туудурууда деп кооптонот көз карандысыз журналист Жалил Сапаров:

- Бүгүнкү күнү борбордук бийликтен түштүк жакка, түштүктөн борбор тарапка маалымат согушу жүрүп жатат. Мунун арты жакшылыкка алып келбейт, биздин улуттук биримдикке зыяны тийип калуусу мүмкүн. Ошондуктан, мамлекеттин башында тургандар, саясий элитанын башчылары биримдик максатта жаңы иштерди, жаңы долбоорлорду башташы керек. Мындай компромат согуштары, маалымат согуштары акыры бир башка реалдуулукка, башка коркунучтарга кептөөсү толук ыктымал.

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандоо менен демократиялык нукка түшкөн өлкө катары өзүн көрсөтүп келет. Талдоочулар коомдук статусу бар телеканалдар аркылуу жергиликтүү бийликке шайлоо алдында каралоо иштерин жүргүзүү демократиянын талаптарына каршы келерин белгилеп, кийинчерээк күтүлүп жаткан парламенттик, президенттик шайлоолордо бул өлкө келечегинин коопсуздугуна терс таасирин тийгизерин белгилешет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG