Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

“Аалам сырларынын” эмгек жамааты жумуштан четтетилди


“Аалам сырлары” берүүсүнүн эмгек жамааты жумуштан убактылуу четтетилди. Көрсөтүү эфирден алып салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” КТРК жетекчисинин орунбасары Кубат Болотканов билдирди. Аталган көрсөтүүгө байланыштуу чырлуу аудионун чоо-жайы иликтенип бүтмөйүнчө чыгармачыл топ жумушун уланта албайт.

“Аалам сырлары” берүүсүнүн катышуучусу менен продюсер Дана Абдыбекованын телефондогу сүйлөшүүсү 19-февралда интернетке тараган. Анда “көзү ачык” менен Дана Абдыбекова банктан алынчу 20 миң доллар насыя тууралуу сүйлөшкөн. Диалогдун мазмунуна ылайык, акча берүүнүн режиссеру Асыл Аппасовага пара катары берилиши керек.

Көрсөтүүнүн автору Назира Айтбекова “Азаттыкка” билдиргендей, үн тасмадагы айымдын ысымы Индира. Ал “Аалам сырларынын” экинчи сезонунун катышуучусу. Дараметин көрсөтө албаганы үчүн реалити-шоудан жакында четтетилген.

“Аалам сырларынын” эмгек жамааты окуяны super.kg сайты атайын уюштурганын айтууда. Алар муну Назира Айтбекова менен “Супер инфо” гезитинин ортосундагы бир жыл муруңку жаңжалга байланыштуу деп жатышат. Аудиодо үнү жазылган Дана Абдыбекова муну көрө албастык деп баалап, үн тасма монтаждалганын айтууда.

Super.kg сайтынын өкүлү Бактыгүл Сокушова мында эч кандай көрө албастык жок экенин, үн тасманы жөнөкөй окурман сунуштаганын билдирди.

Интернетте тараган аудиодогу “көзү ачык” айым Индира менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал учурда Кыргызстанда эместиги кабарланууда.

“Аалам сырлары” – КТРКдагы рейтинги жогору көрсөтүүлөрдүн бири. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG