Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:33

Кышкы жол: шашкан шайтандын иши


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

ӨКМ көчкү жүрүү коркунучунан улам айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү Бишкек-Ош жолунда сак болууга чакырууда.

Анткен менен жүргүнчүлөр жана айдоочулар эскертүүгө көңүл бурбай жаткандыгын айтышууда. Буга чейин Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүнүн алдында калып, 3 адам каза тапкан.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек-Ош жолу кечки алтыдан эртең мененки сегизге чейин жабылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муну жолдо көчкү түшүү коркунучу бар экендиги менен түшүндүрүп жатат.

Жайыл райондук жол коопсуздугу кызматынын башчысы Талант Барпиевдин айтымында, Төө-Ашууга кире бериштеги Сосновка айылындагы тосмо бекеттеги бул чектөөлөрдү туура түшүнбөгөндөр да бар.

-Жүргүнчүлөрдүн баары эле зарылчылык үчүн жолдо жүрүшөт да. Эми эл деген ар кандай. Кээ бири түшүнсө, кээ бири түшүнбөй жатат. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Бирок Бишкек-Ош жолу аркылуу каттаган айдоочулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолду жакшы тазалабай жатат деп сындашууда. Бишкектеги батыш автобекетинен түштүк облустарына, Таласка жөнөп жаткан айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө суроо узаттык.


Айдоочулардын пикири




Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов болсо 29-ноябрдан 1-декабрга чейин жолдор тайгак болуп, кар көчкү түшүү коркунучу сакталып жаткандыгын айтып, буга байланыштуу шашылыш эскертүү жасады:

- Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо кар көчкүсү түшүп, кар күрткүсү жана муз тоңушу мүмкүн. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так сактоо жана кар көчкү жүрүүчү аймактарда түнкүсүн жол жүрүүнү токтотууну ӨКМ сунуштайт.

Бүгүн, 28-ноябрда өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиев менен Унаа жана байланыш министри Эркин Исаковду кабыл алып, жолдордоргу түзүлгөн оор кырдаалды тезинен чечүүнү тапшырды.

Ош-Бишкек автожолунда машиналардын жүрүүсү оор болгондуктан, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына учак билети да тартыш болуп жатканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG